Америкалык кинокомпания Орусиянын президенти Владимир Путиндин жашоосу тууралуу тасма тартмакчы. Анда мамлекеттик коопсуздук кызматынан президенттикке чейин жетип, учурда дүйнөдөгү таасирдүү инсандардын бирине айланган адамдын жашоого жана карьерага болгон көз карашы чагылдырылмакчы. Орусиянын президентинин ролуна Голливуддун алдыӊкы актёрлору каралууда. Бирок алардын аттары тартуу иштери башталгыча ачыкка чыгарылбайт. Айрым чет элдик маалымат каражаттары Леонардо Ди Каприо Путиндин ролуна каралган актёрлордун бири деп жазышууда. Тасма Орусия, АКШ жана Европада тартылып, 2017-жылы жазында бет ачары болот. Ал эми Орусиянын президентинин бул тасма тууралуу эч кандай кабары жок экенин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирген.