«ТАТЫНА КЫЗ» ТАСМАСЫНЫН УЛАНДЫСЫ ЧЫГАБЫ?

Жулия Робертстин атагын жарган айтылуу «Сулуу бийкеч» тасмасынын уландысын тартуу боюнча аталган тасманын башкы каарманы Ричард Гир Facebook баракчасына сурамжылоо жарыялаган.
«Биз «Сулуу бийкечти» улантууну ойлонуштуруп жатабыз. Буга өзүбүздүн көзүбүз жакшы жетпегендиктен күйөрмандардын көз карашын билели дедик. Эгерде бул оюбузду миллион күйөрман жактырып колдосо, долбоорду олуттуу түрдө карап чыгабыз»,- деп жазат Ричард Гир. Жыйынтыгында 14 сааттын ичинде миллиондон ашык колдонуучу колдоп, 70 миӊден ашууну бул жаӊылык менен бөлүшкөн. Ал эми Жулия Робертс 5 жыл мурун тасмасын уландысына тартылбасын билдирип, «эч ким карыган сойкуну көргүсү келбейт»,- деген эле.

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Pantherka
2016-02-08 14:05:24
Карыбай эле аягында ошого тиймек болуп буткон эле го?
+2
asdef
2016-02-09 10:08:33
Кемпир чалга эмне бар экинчисин тартылып,жаштар болуш кк или балдары экоонун
0
№ 692, 5-февраль-11-февраль, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан