ГИНЕКОЛОГ КЕӉЕШ БЕРЕТ

Окурмандардан келген суроолорго Бишкек шаарындагы «Темир жол» ооруканасынын акушер-гинекологу Эльмира Акматова жооп берет.

«ТӨРӨТТӨН КИЙИН БОЙГО БҮТҮРБӨӨЧҮ СПИРАЛДЫ КАЧАН САЛДЫРСА БОЛОТ?»
– Кыздуу болгонубузга 1 ай болду. Ал 3-4 жашка чыкканда гана кийинкисин пландасамбы деген ойдомун. Мындан улам бойго бүтүүдөн сактоочу спираль салдырайын дегем, аны качан салдырууга болот? Кошулганда оорутуу болот дешет, мунун канчалык чындыгы бар?

Гүлжамила, Бишкек шаары

– Төрөттөн кийин бойго бүтүүдөн сактоочу спиралды 40 күндөн кийин коё берсе болот. Алгач гинекологго текшерилесиз. Жатын, жатын моюнчасы таза болсо дароо эле коюлат. Эгерде эрозия болсо, анда алгач дарыланыш керек. Спиралдын коюлганы кошулуу убагында оорутуу жаратмак түгүл сезилбеши керек. Спиралдын мурутчалары жолдошуӊузга билиниши мүмкүн. Өтө билинип жагымсыз болуп жатса, гинекологго кайрылсаӊыз, мурутчаларын кыскартып берет. Бул мурутчалар кийин спиралды алып салууда керек болот.

«ТӨРӨЙ ЭЛЕКТЕР ЭРОЗИЯНЫ КҮЙГҮЗСӨ ТӨРӨБӨЙ КАЛАБЫ?»
– Дарыгерим «эрозияӊ бар экен, күйгүзүш керек» деген. Төрөй электер күйгүзсө төрөбөй калат деген чынбы?

Гүлдана, Талас шаары

– Эрозия – жатын моюнчасынын жарасы. Гормондордун бузулушунан, жыныстык оорулардан, жатын кынынын дисбактериозунан келип чыгат. Күйгүзөрдөн мурун мазок тапшырып, УЗИден өтүшүӊүз керек. Толук текшерилбей туруп дарылагандан улам эрозия кайталанышы мүмкүн. Төрөй электер үчүн атайын ыкма колдонулат, кийинки төрөтүнө терс таасири тийбейт.

«КИСТА ДЕН СООЛУККА ЗЫЯН ЭМЕСПИ?»
– Гинекологго барсам «киста бар экен» деди. «Алдырыш керекпи?» десем, «жок, эч нерсе болбойт» деп койду. Зыяны жокпу, эстеген сайын эми эмне болот деп санааркай берем?

Нурдана, Ош шаары

– Кистанын түрлөрү көп. Врачтын «дарылоонун кереги жок» дегенине караганда сиздики фолликулярдык түрү болуш керек, ал физиологиялык киста деп аталат. Бул эч кандай зыян эмес. Сиз кистанын кайсы түрү экенин сурап билиӊиз, ошого жараша дарылоо жүргүзүлөт.

«ЖАГЫМСЫЗ ЖЫТТАН КАНТИП АРЫЛАМ?»
– Турмушка чыга элекмин. Бирок эс тарткандан бери эле жыныс кыныман жагымсыз жыты бар суюктук келет. Эмнеден улам мындай болуп жатат? Бирөөгө айтып кеӊеш сурагандан уялам. Турмушка чыга элек кыз болсом, анан эл «соо эмес го» деп ойлоп калышабы деп тартынам. Дарыканалардан грибокко каршы свеча алып салып коёюн дегем, бирок кыздарга салганга болбойт деп уккам.

Света, Нарын шаары

– Жагымсыз жыты бар суюктук инфекция болгондо чыгат. Аны дарылаш үчүн дарыгерге кайрылып, мазок тапшырыӊыз. Анан анын жыйынтыгы менен дарылоого өтүш керек. Ал эми кыздарга свеча, тампон салганга болбойт.

Сүйүн Кулматова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
bagira77
2016-02-15 16:45:03
Кобуроок маалымат жазсанар болот экен эле.
+1
Aruwka.89
2016-02-17 17:52:02
Кантип суроо жонотсом болот ушул жака
0
Aruwka.89
2016-02-17 18:02:15
Менида суроом бар еле кантип байланышсам болот
0
Aisanur_89kg
2016-02-17 22:25:12
Сураныч кантип суроо узатып кайрылсак болот менинда суроом бар эле
0
chika-chika88
2016-02-18 02:05:02
супер инфо жамааты сиздерге рахмат биздин эн чон эч кимге айта алгыз проблемабыжды жазып чыгыпсынар. Бирок кантип суроо берсек болот жана эмки санда да чыгабы "Гиникологдор кенеши"?!
0
admin_superstan
2016-02-18 10:46:12
chika-chika88, Aisanur_89kg, Aruwka.89,
Саламатсыздарбы! «Адистин кеӊеши» рубрикабыз сиздер менен бирге иш алып бармакчы. Юридикалык, медициналык, психологиялык кеӊешке муктаж болсоӊуз, бизге кайрылыӊыз.
Суроолорду (0312) 32 33 26 номери аркылуу берсеӊиздер болот же kenesh@super.kg дарегине кат жазыӊыз.
0
begaly-nurtilek
2016-02-25 18:12:03
admin_superstan,адистин кенеши дегенге шилтеме таштап койунуздарчы
0
admin_superstan
2016-02-26 15:22:21
begaly-nurtilek,
Саламатсызбы! Төмөнкү шилтеме аркылуу өтүңүз.
http://www.super.kg/article/show/30281
0
№ 693, 12-февраль-18-февраль, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан