АВРААМ НАРИСТЕ ЖЫТЫН ЖЫТТАДЫ

Жаңы Жылга саналуу күндөр калганда, тагыраак айтканда, 28-декабрь күнү Авраам Руссо кыздуу болду. Авраам менен жубайы Морела наристенин жарыкка келишин Жаңы Жылдан кийин күтүп жатышкан. Майрам алдында Авраам менен Морела Нью-Йорктогу жеке дарыгерине кайрылышкан. Доктор Морелага операция жолу менен төрөө керек экенин айткан. Ошентип, Морела убактысына бир аз жетпей хирургиялык жол менен көз жарды. Жаш ата-эне ымыркайга Эммануэль деген ысымды ыйгарышты. Бул француз тилинен которгондо «Кудайга ыраазы» дегенди түшүндүрөт. Кыздуу болгондон кийин Авраам өзүнүн ооруган жерлерин унутта калтырды. Эсиңиздерге сала кетсек, август айында ырчыга куралдуу кол салуу болгондон кийин анын акыбалы төмөндөгөн. Ал төрт айдын ичинде бир нече оор операцияны башынан өткөрдү. Учурда Мореланын да, ымыркайдын да, ырчынын да денсоолуктары жакшы.

АЛЛА 20 ЖАШКА ЖАШАРДЫ

Жаңы Жыл алдында Алла Пугачёванын 20 жашка жашарып алгандыгы көрүүчүлөр­дү таңкалтырбай койгон жок. Көпчүлүк айымдар Алланын диетасын билүүгө кызыктар да болушту. Көрсө, «Сулуулук курмандыкты талап кылат» дегендей эле Жаңы Жылда жашарып көрүнүүнү көздөгөн При­мадонна бетине пластикалык операция жасатканы айкын болду. Операцияны Аллага анын жакшы досу Артур Рыбакин аттуу хирург жасап берген. Өтүп кеткен жылы Алла жүрөгүнөн операция болгондо ага пластикалык операция жасатууга доктурлар тыюу салышкан. Ошентсе да ырчы айым жашоосун тобокелге салып, бетинин терисин тарттырып, ээгине да операция жасатты. Операциядан кийин Алла үч күндөй ооруканада жатты. Анткени, мындай операциядан кийин бет көгөрүп, шишип да кетет. Ырчы биринчи жолу пластикалык операцияны 1991-жылы ашыкча салмактан кутулуу максатында белине жана ичине жасаткан. Алланын биринчи операциясы ийгиликсиз болгон. Операция учурунда ичине микроб кирип кетип, мыкты доктурлардын жардамы менен аман калган. Андан кийин бетин тарттырткан. 1996-жылы ашыкча салмактан улам операция жолу менен ичиндеги майларды алдырган. Ал эми 1998-жылы операция жасатып, бетин тарттырган. Ал эми бул жолку Жаңы Жыл алдындагы операцияны ырчынын хирург досу достугунун ур­ма­тына акысыз жасаган.

ДИМАНЫН ТҮГӨЙҮ ПАЙДА БОЛДУ

Учурда Москва шаарында Дима Биланга окшош кылмышкер изделүүдө. Көргөндөрдүн айтуусу боюнча, кылмышкер Диманын өзү. Бою, бетинин түзүлүшү, керек болсо кийинүү стили да ырчыга абдан окшош. Диманын «түгөйү» биринчи жолу «Вавилон» соода борборунан элге көрүнгөн. Ал жерге кылмышкер Дима Биландай болуп жылмайып кирип келип, автограф таркаткан. Ошентсе да коопсуздук кызматкерлери анын Дима Билан эмес экенин байкашып, дүкөндөн чыгып бараткан жеринен кармап алышкан. Анын сумкасынан уурдалып бараткан кийимдер табылган. Мындай көрүнүш башка соода борборлорунда да кездешкен. Ал эми жакында стриптиз менен алектенген Аня аттуу кыз өлтүрүлгөн. Элдин айтымына караганда, акыркы жолу Аняны көпчүлүк кыздардын кумири болгон Дима Биланга окшош бала менен ээрчишип жүргөндөрүн, дүкөнгө да бирге келгенин көрүшкөн. Азырынча ыр­чыга окшош кылмышкер кармала элек.

НАТАЛЬЯ КЛИПКЕ ОРУС ЫРЧЫСЫ
МЕНЕН ТАРТЫЛАТ

Уругвайлык актриса Наталья Орейро орус ырчысы Алексей Гоманга өзүнүн клибине тартылуусун сунуштады. Наталья Алексейди «Танцы со звёздами-2» аттуу шоу долбоорунда «Самба» бийлеп жатканын көрүп жактырып калган. Белгилүү актрисанын мындай сунушуна ырчы ойлонбостон макулдугун берди. Наталья өзүнүн жаңы «Страстная любовь» аттуу ырынын клибине өзү менен кошо тартылганга ылайыктуу жигит таппай жүргөн. Ошондуктан, көптөн бери издеп жүргөн каарманын тапканга кубанычта экенин актриса жашырган эмес. «Алексей ак жуумал экен, а мен болсо кара тору эмесминби. Ал кара костюм кийип, мен болсо ак көйнөкчөнмүн. Экөөбүз эң сонун түгөй болобуз» деп элестеткенин да айткан.

БЕЙОНС ЖАҢЫ ЖЫЛ АЛДЫНДА
МОСКВАГА КЕЛДИ

Учурда Россия олигархтарынын арасында жеке кечелерине чет өлкө жылдыздарын чакыруу модага айланууда. Жакында Жаңы Жыл алдында Москвага белгилүү олигархтын чакыруусу боюнча «De ja vu», «Naughty girl», «Baby boy» аттуу ырлары менен популярдуу болгон ырчы Бейонс келип кетти. Ырчы шаардын элитный «Балчуг» аттуу мейманканасына жайгашкан. Ал эми анын 1 сааттык гонорары 1500 миллион долларды түздү.

Даярдаган Жаркынай Нусубалиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 218, 5-11-январь, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан