ТООЛУУ АЙМАКТА ЖАЙГАШКАН УНИВЕРСИТЕТТИН КАМПУСУНДА ОКУУНУН АРТЫКЧЫЛЫКТАРЫ

Бул макала жогорку окуу жайларына тапшырууга даярданып жаткан абитуриенттерге жардам катары даярдалган «Жогорку билимге сереп» аттуу макалалар жыйнагынын биринчиси. Аталган жыйнак учурда Кыргыз Республикасынын Нарын шаарындагы кампусунда окууга абитуриенттерден алгачкы жолу тапшырыктарды кабыл алып жаткан Борбордук Азия университети (БАУ) тарабынан даярдалган.

Борбордук Азияда студенттердин көпчүлүгү үчүн жогорку окуу жайында окуу – чоӊ же кичине шаарда жайгашкан жогорку окуу жайындагы сабактарга катышуу, өз үйүндө же ижарага алынган батирде жашоо, университетке күн сайын барып-келүү менен байланышкан. Мугалимдер жана башка студенттер менен өз ара карым-катнаштар көп учурда сабактардын мөөнөтү жана аудиториялар менен гана чектелген. Сабактарга кечикпей баруу, анысы мындай турсун, сабак окуу үчүн тынч жер табуу – студенттин жашоосунда негизги кыйынчылыкка айлануусу жана айрым учурларда стресстин себеби болуусу мүмкүн.
Башка студенттер менен чогуу жашоонун натыйжасында келип чыккан өз ара карым-катнаштар критикалык ой жүгүртүүгө, башка элдердин маданиятына жана үрп-адаттарына сый мамиле жасоого, лидерлик сапаттарды өркүндөтүүгө жана билим жактан өнүгүүгө оӊ таасирин тийгизери изилдөөлөрдүн негизинде далилденген. Ошону менен бирге кампустан канчалык алыс жашасаӊ, университеттеги ресурстардан пайдалануу мүмкүнчүлүгү ошончолук аз болору дагы аныкталган. Мындай жагдай өзгөчө элет жергесинен келип окуган студенттер үчүн абдан оӊтойсуз.
Борбордук Азия университетинде жогорку билим алуу – сабактарга баруу жана тапшырмаларды аткаруу менен гана чектелбегендигине тереӊ ишенебиз. Борбордук Азия университети (БАУ) аймактагы студенттерге: кампуста жашап, билим алуу, толугу менен окууга багытталган, билим алууга жана эркин ой-пикир алмашууга түрткү берген чөйрө алкагында өзгөчө тажрыйба сунуштайт. БАУда билим алуу студент ойгонгондо башталып, ал уктаганда гана токтойт.
БАУ студенттерге турмушта бир гана жолу бериле турган, башка студенттер жана мугалимдер менен биргеликте жаӊы имарат жана ресурстарды колдонуу, Борбордук Азиянын башка жеринде байкалбаган, үйрөнүүгө умтулган, коомчулуктун ичинде эл аралык деӊгээлдеги билим алуу мүмкүнчүлүгүн сунуштайт. Коопсуздугу жагынан толук камсыз кылынган БАУнун ар бир кампусу эл аралык талаптарга жооп берген мыкты окуу корпустарын, жатаканаларды, ашканаларды, спорт имараттарын, китепканаларды, лабораторияларды, студенттик жашоо борборлорун жана көӊүл ачуу зоналарын, ден соолук жана машыгуу кызматтарын, 100 пайыз интернетке туташуу мүмкүнчүлүгүн жана башка артыкчылыктарды сунуштайт. Бийик тоолуу аймактарда жайгашкан БАУнун үч кампусу студенттерге адамдын жашоосун дээрлик өзгөрткөн окуу тажрыйбасын алуу үчүн ыӊгайлуу шарттарды түзөт.
Кампуста сага билим алуу жана өнүгүү үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Келип, өзүӊ күбө бол!

Макаланы толугу менен окуу жана Борбордук Азия университетине тапшыруу үчүн:
веб-сайт: www.ucentralasia.org/admissions
электрондук дарек: admissions@ucentralasia.org
тел.: +996 312 663 822 (Кыргыз Республикасы)
+992 93 999 99 64 (Тажикстан)
+7 777 822 3948 (Казакстан)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Samchuk
2016-02-15 13:25:10
Даа жакшы, абитуриенттерди кабылала баштаган экен да.
0
№ 693, 12-февраль-18-февраль, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан