(Башталышы өткөн сандарда)
Үйүнө кантип келгенин билбейт. Кайдан арак алып ичкенин да эстей албай койду, мас экен. Дагы ачыла элек арактар турат. Бирин ачып култулдатып жута баштады. Эмнегедир эсине Адилет келди. «Баары ошондо башталган. Ошол күнөөлүү»,- Жанар сүйлөнүп жатты. Ал Адилет көпчүлүк менен келип аны ур-тепкиге алганда Аруукенин эси ооп жыгылганын, кийин кыздын көпкө жоголуп кеткенин эстеди. Арууке «айыгып келдим» деп койгон болчу. Демек, ошондо оорусун жашырган экен. Адилеттин жанагы кылыгынан Аруукенин оорусу күчөсө керек деп ойлоп, заматта жини кайнап чыкты. «Адилетти табыш керек» деп кайдадыр шашып жөнөп калды.
Эӊги-деӊги мас абалында окуу жайына кирип барды. Аудиторияда группалаштарынын баары отурат. Агай сабак өтүп жатат. Бирок аларга көӊүл бурган жок. Эшикти шарт ачып сакал-муруту өсүп, селсаяк өӊдөнүп кирип келген Жанарды баары таӊ кала карап калышты. Жанар болсо бурчта турган Адилетти ачуусу менен бир карап алды да, түз эле аны көздөй чуркады. Парталардын үстүнөн аттап-буттап жетип барып ордунан турууга үлгүрбөй калган Адилетти басып жыгылды. «Сен! Сен күнөөлүүсүӊ!» муштуму менен бет талаштыра соккуларды жаадырып жатты. Кыздар кыйкырык салышып, жигиттер ажырата албай жатышты. Адилет көзү тумандап эсин жоготту.
***
Жанарды милиция кызматкерлери келип кармап кеткен. Үч күндөн бери убактылуу кармоочу жайда жатат. Чыгарып койгулачы деп да үн чыгарып койгон жок. Бирок акыры аны коё беришти. Милицияга салып берген агайы өзү чыгарып кетти.
– Дагы кой дедим, ачуумду кармадым. Сен эч кимди көзгө илбейт турбайсыӊбы. Окуудан чыктыӊ. Эми оокатыӊды кыла бер. Мага дагы рахмат айтсаӊ болот,- наалып сүйлөп жаткан агайынын сөзүн кулак сыртынан кетирди.
– Акча бериӊизчи, үйгө жетип алайын.
Агайы аргасыз акча сунду. «Деги селсаяк болуп кетпесе экен» деди ичинен. Ал Жанар тууралуу баарын уккан, бирок анын кайдагы бир кыз үчүн болгон күйүтүн түшүнө албай турат.
Жанар үйүнө барган жок. Шаар четиндеги мүрзөлөргө келди. Аралай басып барып, өзүнө тааныш боз дөбөнүн жанында түн киргенче үн-сөзсүз отурду. Бир убакта ордунан туруп, «мен дагы келем» деп үн катты да, үйүн көздөй бет алды.
Дарбазасынан ичкери кире берип короодо турган Наргизаны көрүп токтоп калды. Экөө бири-бирин көпкө тиктешти. Жанар үндөгөн жок.
– Мен келсем үйдө эч ким жок экен. Эшиктериӊдин баары ачык,- Наргиза күнөөлүү кишидей сүйлөдү.
Жанар унчукпастан эшигин ачып үйгө кирип кетти.
Наргиза тескери карап жатып алган Жанардын бөлмөсүнө кирди.
– Тамак жасап койдум. Жуунуп келбейсиӊби, тамак ичели.
– Ичпейм, рахмат!
Ал күнү Жанар ошол жерде жаткан боюнча уйкуга кетти. Түш көрүп жатыптыр. Арууке күлүп маӊдайында турат. Ага жетейин деп жете албайт. Кыздын чачтары тармалданып, алда канча өсүп калган. Өзгөчө сулуу болуп алыптыр. «Кантип? Кантип? Биз сени көмдүк го...» Жигиттин бул суроосун Арууке жоопсуз калтырып, тек гана күлүп койду. Ойгонуп кетти. Тамагы кургап калыптыр. Суу ичүү үчүн ашканага кирип, бүрүшүп уктап жаткан Наргизаны көрдү. Ал Жанарга сарсанаа болуп кетпей койгон эле. Жигиттин шарпасынан ойгонуп кетти.
– Ойгондуӊбу? Тамак ичесиӊби?- кыз жалооруй карады.
– Жок. Түшүӊдө чач узун болсо эмне болот?- суу ичип бүтүп кызга суроо узатты.
– Өмүрү узун болот деп коюшат. Эмне болду?
– Жөн эле.
– Эмне, түш көрдүӊбү?
– Ооба, болбогон түш.
– Жанар, сага эмне болду? Мен сени издеп келдим. Келсем үйүӊ толо арак. Өзүӊ болсо жоксуӊ.
– Үйүӊө бара берсеӊ болот. Мен жакшы элемин.
– Азыр түнкү үч, мен кете албайм.
Жанар кайдигер гана башын ийкеп отура кетти.
– Билесиӊби,- деди бир убакта, – ал каза болуп калды. Мындай болот деп ойлогон эмесмин, бирок мен өзүмдү жоготуп койдум. Эмне кыларымды билбей жатам. Аруукенин тирүү экенин билип, ага таарынган экенмин, аны сагынчумун, жек көрчүмүн. Азырчы? Ал жок. Мен жашабай калдым. Тирүү өлүк болуп басып жүрөм.
Наргиза акылдуу жан эле. Ал баарын уккан, баарын билген болчу. Жанардын сөзүн бөлгөн жок. Сүйлөп, ичиндеги бугун чыгарып алсын деп жайына койду.
– Мен аны баарынан жакшы көрчү экенмин. Адамдар өзүн биринчи жакшы көрөт го. А мен аны өзүмдөн да жакшы көрчүмүн. Айбек менен кеттим дегенде канча ыйладым? Ишене алган жокмун, таарындым, ыза болдум. Көрсө, байкушум калп айтып койгон экен. Мени азапка салбайын деп качып кеткен тура. Ал ушунчалык таза болчу. Жаш баладай эле... Бакытым болчу. Арууке менин жалгызым болчу. Мен эми эч качан мурункудай боло албайм. Аруукесиз эч ким эмесмин. Анын тирүү жүргөнү эле мага күч берчү экен. Азыр анын жок болуп кеткенин билип, мындан ары жашоом кандай болот деп жооп таба албай койдум...
Жигит бир чекитти тиктеген бойдон сүйлөнүп жатты. Эми Жанар Аруукесиндей эч кимди жакшы көрө албасын сезип турса да, Наргиза аны таштап кете алган жок. Ага байланып калгандай. Бир чети аяп да жатты.
Жанар ичкиликтен башы чыкпай калды. Ал Аруукесиз жашаганды үйрөнө албай койду. Кыздын сүрөтү менен сүйлөшө берет. Азыр да маӊдайындагы Аруукенин сүрөтүнө божурап бир нерсени сүйлөп жатат...
(Уландысы кийинки санда)