КЫСКА ЮБКА КАНДАЙ КИЙИМДЕР МЕНЕН ЖАРАШАТ?

Дүйнөлүк дизайнерлер жана стилисттер кыска юбкалар жаздын эӊ саркеч кийимине айланарын айтышат. Мындан улам төмөнкү макаланы гардеробунда кыска юбкалар үстөмдүк кылган кыздарга арнадык. Өзүн стилдүүмүн деп эсептеген ар бир бийкеч аларды кандай кийим менен айкалыштырып кийүүнү билип алуусу ашыктык кылбайт.

Мода жаратуучулардын айтымында, жазында кыска юбканын 3 модели модада болот. Эгер гардеробуӊузду ушундай юбкалар менен толуктагыӊыз келсе, алардын кездемеси трикотаж же булгаарыдан болушу керектигин эске алыӊыз. Антпесеӊиз 2016-жылдын жазы сиздин саркечтигиӊизди байкабай өтүп кетет. Көӊүл бурчу дагы бир нерсе, быйыл бели узун шым жана юбка кийүү сунушталат.

Көпчүлүк «узун байпак (гольф) мага жарашпайт» деп кийишпейт. Мындай кепти анын ичке бутту нормалдуу, ийри бутту түз, кыска буттарды узун кылып көрсөтүп коюучу сапатын билбегендер айтышат. Болгону туура кездемеден тигилген, туура узундуктагы байпакты тандоо зарыл.

  • Эгер боюӊуз кичине же бутуӊуз кыска болсо, анда тизеден жогору болгон байпак кийиӊиз. Ал бутуӊузду узун кылып көрсөтөт.
  • «Бутум түз эмес, кыска кийим кие албайм» деген кыздардын шылтоосун четке кагып, бул маселени узун байпак менен чечип коюуга болот. Тыгыз токулган же тыгыз кездемеден тигилген узун байпакты тизеден жогору кылып кийсеӊиз, ал сиздин бутуӊуздун кемчиликтерин жаба алат.
  • Эгер бутуӊуз узун, идеалдуу болсо, көӊүлүӊүзгө жаккан байпакты кие бериӊиз.

ТОЛУК КЫЗДАРГА ЖАРАШПАЙТ!
Ачыгын айтканда, мындай моделдеги юбкалар толук кыздар үчүн ылайыкталган эмес. Аларга узундугу тизеден ылдый болгон юбкалар жарашыктуу болот.

Бут кийим:
Кандай бут кийим кийсем деп көп ойлонбой эле коюӊуз. Себеби мындай юбкалар спорттук да, классикалык да бут кийимдер менен мыкты айкалышат.

АТАКТУУЛАР ДА СҮЙҮП КИЙИШЕТ
Кыргыз эстрадасында ырчы Чолпонайдын кыска юбкаларды көп киерин байкайбыз. Ал эми дүйнө жылдыздарынын ичинен Женнифер Лопес да кыска юбкаларды сүйүүчүлөрдүн катарында.

Нуркыз Курманбек кызы
Адилет Бектуров
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (16)
Muslima.aksy
2016-02-15 11:03:24
Кыргыздар мынтип кийбеген. Американын кийимин эмес кыргыздын кийимин кийбейби. (хижабчан кыздарга : араптын кийимин кийбей кыргыздын кийимин кий дегендерге)
+4
STAN_KG
2016-02-19 00:54:00
Бир да эркек кыска юпка кийген кызды соо деп эсептебейт, анткени ачык кийинген кыздарды жеңил ойлуу деп ойлошот жана балдар көңүл ачууга гана пайдалангысы келет. Бир да эркек аларды чын жүрөктөн сыйлабайт! Убактылуу гана пайдаланууга же кээ бирлер жанында мода кылып эрчитип алууга гана колдонот. Андыктан кыздар кыска жана ачык кийимдерди кийбегиле деп айтмакмын, анткени бузулган кыздардын баары кечинде кыска юпкачан көчөгө чыгышат.
0
el9nora
2016-02-20 16:57:10
STAN_KG,
Туура айтасыз,кыска юпка,деги эле денени корсоткон ачык кийимдер кыргыз кыздарына туура келбейт.
0
aikokul14
2016-02-15 18:47:03
Дагы башталыптырда,былтыр узун юбка мода болуп жакшы болду эле.
+4
STAN_KG
2016-02-19 00:57:12
Кыска юпка мода эмес, булардын оюнда батыштагы кээ бир моделдер тиккен кийимдердин кайсынысы жакшы тигилип чыккан болсо ошону саркеч кийим деп айтып чыгышат, булар алардын куйруктары, алар эмне десе ошолордун артынан аңдыгандар!!
+1
manas_skf
2016-02-15 21:01:06
Кыска юбка, кыска шорта..
Кыска.....кыска..... Кыскартып отуруп ич кийимчен калгыла. Мода деп артынан кууп журуп, абийирин кайсыл жерде калганын билбей каласын го сулууларым.Эсинерден чыгарбагыла канча, чыпташкан,тор-аоа кийиминер менен эркекти гана куноого туртпостон, озунор себепкер болосунар (аялзаты)
+8
STAN_KG
2016-02-19 00:58:35
Айтпа! кыска юпка кийгендердин акылы да кыска болот турбайбы!
+1
AsmanNuru
2016-02-15 22:19:09
Мындан алдынкы жылдары копчулук "кун" деп атаган юпканын узунун кийип жакшынакай журушту эле, кыскасын жон эле коюшпадыда. Эми кээ бир кыздар жарашсада, жарашпасада мода деп кийип алышат... Мода экен деп кыска юбка, шорталарды кийбей эле койгулачы эже-синди, курдаштар...
+2
SerDastanKanjarson
2016-02-16 20:44:58
Эх Жамийля ушунчаалык сулуу кызсын соз жок
+1
omka100514
2016-02-17 09:13:32
биринчи узун юбка кызыл ашыкка чейин, анан тизеге чейин, анан санын корсотуп кийишип акырында эч кимге билдирбей дааратканада тороп ошол жерге таштап кетишет ооруга да чыдап (албетте баары эмес)
+3
nur007mir009kg
2016-02-18 08:39:11
Кыздар неге таар юпка кийишет
Арыктардан аттай албай журушот
Отура калса бугулуп
Чалдар калат тунулуп
Жана балдар каткырышат суйунуп- деген пародия барго
0
toma4ko
2016-02-18 15:02:48
Эмне болуптур кыска болсо? Ар ким оз жарашыгына карап кийсин. Хиджаб кийбей деле, жакшы ниетте журсо боло берет, же эмне жакшы кыз корунуш учун обязательно узун кийиш керекпи?
+1
youngyoung
2016-02-18 15:58:40
Кыска юбкалар бир эки жыл мурун мода болгон.
0
Inna_91
2016-02-21 23:38:09
Юпка кийип эле чонойгонбуз бардык аялдар
0
2014_samat_DJ
2016-02-22 07:24:51
Хиджаб кыргыздын кийими эмес.
0
kanykei95
2016-03-02 01:44:26
хиджаб арабтардын кийими емес баардык аял затынын кийими деп ойлойм .

хиджаб кыргыздын кийими емес дегендер биринчи озунур кыргызча кийинип алгылашы кыска шортик мн етеги жетпеген кыска юбка кийбей.
0
№ 693, 12-февраль-18-февраль, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан