Өлкөнүн тышкы карызынын деӊгээли кооптуу даражага жетти – ИДПдан 60%, бюджеттин таӊсыктыгы быйылкы жылга 22,4 миллиард сомго болжолдонгон, бул ИДПнын 4,5 %ын түзөт. Өкмөт мындай кырдаалдан чыгуунун жолун жан талаша издөөдө. Жагдайдан чыгуунун жолдорунун бири – өнөр жайды өнүктүрүү, ошондой эле салык чогултууну жогорулатуу. Бул боюнча өкмөт башчысынын катышуусунда өткөн Мамлекеттик салык кызматынын коллегиясында талкууланды. Ошону менен катар өкмөт башчы Темир Сариев ишкерлерден эӊ аз дегенде 25 пайызга көп салык төлөөнү өтүндү.
Маӊызында, премьер-министр ишкерлерди өндүрүш көлөмүн көбөйтүү гана эмес, көмүскөдөн чыгууга да чакырды. «Ишкерлик менен алектенгендер үчүн салык төлөө, иш алпаруу, киреше алуу жана тынч уктоо – негиздердин негизи, жакшы үлгү жана милдет болушу абзел»,- деди ал.
«Салыксыз мамлекет мамлекет эмес. Ишкерлерди салыкты көп төлөөгө чакырар элем. Ар бириӊиздерде ири резерв бар, аны пайдалануу жана жыл сайын салыктын түшүшүн 25 пайыздан кем эмес деӊгээлге жогорулатуу зарыл. Дүйнөлүк жана аймактык экономикада, кайсы бир рынокту түптөөдө жана өнүктүрүүдө татаалдыктар бар экендигин түшүнөм, бирок аларды жеӊүүгө болот».
Бюджетти талкуулоо маалында Темир Сариев: «2016-жылдын бюджети өндүрүштү жана жалпы экономиканын реалдуу тармагын өнүктүрүүгө багытталган. Мындай аракет менен өнүгүү нугундабыз»,- деп белгилеген. Бул сөздөр ишке ашырылса го жакшы. Резервдер ишкерлерде гана эмес, мамлекеттин өзүндө да бар. Маселен, тоо-кен өндүрүшүн алалы. Өкмөт башчынын айтымында, жалпысынан бул тармак 106 миллиард сомго дүӊ продукция берет. Бул жалпы ИДПнын үчтөн бири. Тоо-кен өндүрүшүнөн түшкөн киреше 17 миллиард сом же бардык салык жыйымдарынын 18 пайызын түзөт. Муну менен катар Темир Сариев өлкө экономикасына келечекте бул тармактын салымын жогорулатуу үчүн жаратылыш жана адам ресурстары да жетиштүү экендигин белгилеген.
Келечеги, балким, бардыр. Бирок азыркы тапта бюджетке түшкөн салыктын көбүн бир ишкана – «Кумтөр» камсыздоодо. Мамлекеттик геология жана минералдык ресурстар агенттигинин башчысынын маалыматы боюнча, былтыр 17,4 тонна алтын өндүрүлгөн. Анын 16 тоннадан көбүрөөгү «Кумтөрдөн». Башка алтын кен ишканалары баары биригип бир тоннадан араӊ ашырыштыбы? Мында жалгыз «түбөлүк металл» гана көрсөткүч эмес, жумуш орундары, салыктар да бар. Ошол эле «Кумтөр» өткөн жылы (алгачкы үч чейректе) өлкө бюджетине 6,3 миллиард өлчөмүндө салык жана милдеттүү төлөмдөрдү которгон.
Мамгеология былтыр жер байлыгын (казынасын) пайдалануу боюнча сынак-аукциондорду ийгиликтүү өткөрүү менен шартталган жакшы жыйынтык көрсөтө алды. Агенттик андан 7 миллиард сом пайда тапкан. Бирок мамгеология башчысы агенттиктин былтыркы ийгиликтери мындан ары кайталанбай калышын билдирет. Себеби анализ көрсөткөндөй, жыл өткөн сайын жер казынасына кызыккан инвесторлордун саны азаюу таризинде.
Мамгеология өлкө бюджетине тармактан түшкөн кирешенин кыскарышын алдын алуу үчүн жаӊы жолдорду издөөгө киришти. Ошондой эле 2015-жылы казылган 17,4 тонна алтындын ордуна быйыл 21,4 тоннага чейин жогорулатуу пландалууда.
Үмүттөр эч качан үзүлбөйт. Азырынча үмүттөн башка деле эч нерсе жок. Алтын корунун запастары боюнча өлкөдөгү экинчи орундагы «Жер-Үй» агенттик үмүттөнгөндөй февраль-март айларында иштеп баштамакчы. Жергиликтүү калктын каршылык каарынан улам бир да лицензия ээси кенди ишке киргизе албай келгенин эске алсак, бул жүзөгө ашырылабы? «Алтынкен» жана «Вертекс Голд» алтын кен ишканаларынан эмнени күтүү да түшүнүксүз. КРнын Мамлекеттик салык кызматынын башчысы Замирбек Осмоновдун айтымында, аталган ишканалардын иши токтоп турат. «Талды-Булак-Сол жээк» кени 2015-жылдын жай айларында эле өкмөт башчысынын катышуусунда пайдаланууга берилгенине карабастан, «Алтынкен» ишканасы алигиче ишин баштай элек. Аталган ишкана «Кумтөр» сымал эле жартылай мамлекетке (40 %) жана калганы «Super B Pacific Ltd.» (Кытайдагы ири тоо кен ишканасы болгон «Zijin Mining» алдындагы) ишканасына таандык. Биргелешкен ишкана 2006-жылы эле түптөлгөн, албетте, ал кезде теӊ ата ээси «ТОО Summer Gold» аталган казакстандык компания болчу. Акыркы баалоолордун жыйынтыгы боюнча, «Талды-Булак-Сол жээктин» алтын кору 78 тоннаны түзгөнүнө карабастан, азыркы убакка чейин киреше бере элек. Көлөмү боюнча өлкөдө аталган кен үчүнчү орунда турат.
Салык кызматынын башчысы белгилегендей, былтыр ишкана 2 килограмм алтынды сынамак режиминде чыгарып, бирок кайсы бир техникалык себептерден улам дагы да иштебей турат. Мамгеология да аталган кендин иштешине үмүт артууда. Себеби дал ушул кендин эсебинен алтын өндүрүү көлөмүн жогорулатууга ниеттенишет.
«Өндүрүш көлөмүн көбөйтүү «Алтынкен» кен аймагын иштетип баштоо, Бозумчактагы алтын өндүрүүнү жогорулатуу, Иштамбердиде иш баштоонун жана башка жерлерде кен казууну жогорулатуу эсебинен пландалууда»,- дейт Дүйшөнбек Зилалиев.
Мындай зор пландардын ишке ашышына үмүттөнүүдөн башка аргабыз жок. Анткени таӊсыктыгы олчойгон бюджетте ар бир тыйын эсепте.
Айтемир Аскеров