29-январда Нарын шаарынын облустук төрөтканасында 14 жаштагы өспүрүм кыз көз жарды. Ымыркай 7 айлык болуп төрөлсө, өспүрүм эне акыл-эсинин өсүүсү жагынан артта калган. Куурчакка кызыгы тарай элек кыздын эне болушун акылга сыйдыра албай, эсибиз эки болуп турган чак. Жаш кыздын кийинки тагдыры кандай болору сизди да тынчсыздандырып жатса керек.
«ШЕКТҮҮ КАМАКТА, СУРАК БЕРИП ЖАТАТ»
Нарын облустук ИИБинин башчысы Ороз Молдосариев окуя боюнча төмөнкүлөрдү айтып берди:
– «Жашы жете элек кыз менен сексуалдык байланышта болгон» деген шек менен 30-январда 24 жаштагы Умар аттуу жаран кармалды. Ал Ат-Башы районунун Баш
Кайыӊды айылынын тургуну. Ал Нарын шаарында батирде жашап, кызды ылайыгы келгенде батирине алып келип жыныстык катнашта болуп келгени аныкталды. Бул көрүнүш экөөнүн ортосунда бир жылга жакын созулган. Ал арада шектүү кызды «мен сени алам, экөөбүз үйлөнөбүз» деп алдап жүргөн. Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайда кармалууда. Анын үстүнөн Кылмыш жана жаза кодексинин 132 (он алты жашка толо элек адам менен жыныстык катнашта болуу жана сексуалдык мүнөздөгү башка аракеттерди жасоо) жана 129-беренелер (зордуктоо) менен кылмыш иши козголду.
«КЕЛИН КЫЛЫП АЛЫШСА КАРШЫ ЭМЕСПИЗ»
Өспүрүмдүн апасы Бактыгүл айымга байланышсак, ал «ымыркай төрөт үйүнүн патология бөлүмүндө жатат» деп билдирди. Алардын үй-бүлөсүнө жардам берип, бул иш көз жаздымда калбашы үчүн чуркап жүргөн кошунасы Айнагүл Исмаилова мындай дейт:
– Он гүлүнүн бири ачыла элек бала жаштык кылып жаӊылып калды. Келечегине балта чабылып калышын биз деле каалаган жокпуз, түрмө адамды кандай кылып чыгарарын көрүп эле жүрбөйбүзбү. Өмүр бою кылмышкер деген аты калат. Эми болору болду, боёсу канды. Кыз төрөп койду, Кудай ырыскысын берсе бала багыла берет дечи. Эгер жигиттин ата-энеси макул десе, кызга нике кыйдырып келин кылып киргизип алышса болмок. Баласы экени жалганбы? Анын үстүнө апасы кыз менен сүйлөшсө, ал Умарды каматып салышын каалабасын айтты.
Төрөгөн кыз үйдүн улуусу, андан кийин дагы мектеп жашындагы иниси жана сиӊдиси бар. Ата-энесинин туруктуу иши жок. Ал эми кызы акыл-эси кем деген тыянак менен
майыптыкка чыга албай жүрөт. Социалдык коргоо башкармалыгы ушул кезге чейин аны майыптыкка чыгарган эмес. Барышса эле документтери толук эмес болуп чыгат экен. Жүрөгү да оорукчан болгондуктан өзү толмоч кыз. Ошол толуктугунан улам кыздын кош бойлуу экени да билинбептир. Өзү деле билбесе керек же апасына айткандан корктубу, ким билет. Бул окуяны ата-энеси мурдараак билгенде башкача болмок.
«РЕАБИЛИТАЦИЯЛЫК ТАЙПАДА ОКУЙТ»
Өспүрүм кыз билим алган №87-кесиптик лицейдин башчысынын орун басары Зарыл Кулмамбетова «окуя тууралуу комментарий берүүгө укугум чектелүү» дейт:
– Кыз №87-кесиптик лицейде окуган. Ооруканадан акыл-эсинин өсүүсү кеч өөрчүгөн өспүрүм экендигин аныктаган маалым кат менен келип, реабилитациялык тайпада билим алчу. Ата-энеси бул иш боюнча маалымат бербөөбүздү суранып, алдын ала эскертишкендиктен башка комментарий бере албайм.
Аталган окуу жайдын реабилитациялык тайпасында мектептин окуу программасына жетише албаган, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар билим алышып, алаксып же убактысын пайдалуу өткөрүш үчүн кол өнөрчүлүк иштерин үйрөнүшөт. Тайпада алардын баарынын жаш өзгөчөлүктөрү бирдей болбойт.
«ЭКӨӨ СҮЙЛӨШҮП ЖҮРҮШЧҮ ЭКЕН»
Ал эми кылмышка шектелген Умар аттуу жарандын апасы Атыркүл айым уулунун иши боюнча мындай ойдо:
– Уулум үйдүн улуусу. Нарында иштеп, батирде жашачу. Бул иш тууралуу айткан эмес. Экөөбүз сүйлөшсөк «биз сүйлөшүп жүргөнбүз, ал өзү макул болуп эле келип жүрчү. Мен аны зордуктаган эмесмин» деди. Мындан улам уулумду зордуктоо беренеси менен күнөөлөөгө каршымын. Кыздын ата-энеси менен сүйлөштүк. Балдар баш кошсо каршы эмеспиз. Кызга да барып жолугуп жатам. Ал «бири-бирибизди жакшы көрөбүз» деди.
«БАЛАНЫ ТАЕНЕСИ БАГАТ»
Социалдык өнүктүрүү жана эмгек министрлигинин басма сөз кызматынын кызматкери Кымбат Кадыралиева окуя боюнча буларга токтолду:
– Кызды гинекологго алып барып, 30 жумалык кош бойлуу экенин билишкен. Өспүрүм кыз кесарево жолу менен уул төрөдү. Салмагы 2 килограмм 184 грамм, бою 48 сантиметр. Төрөтканадан ымыркайды апасынын наамына жаздырып чыгарып кетүү үчүн жашы да туура келбейт. Ошондуктан ымыркайды таенеси багууга жоопкерчилик алып, чыгарып кетишмекчи. Учурда бул үй-бүлөгө социалдык жактан камсыздоо башкармалыгынын жергиликтүү өкүлдөрү атайын кызматкер бекитип, көзөмөлдөп жатышат. Кыздын апасы 4000 сом айлык алып иштегендиктен үй-бүлөнүн бюджетин эсептеп, жобо боюнча жөлөкпул чегергенде, алар аз камсыз болгон үй-бүлөнүн категориясына кирбей калган. Азыр бул үйдө ымыркай төрөлгөндүгүнө байланыштуу жергиликтүү бийлик өкүлдөрү социалдык жардам көрсөтүүнүн үстүнөн иштеп жатышат. Төрөгөн кыз майыптыкка чыгарылган эмес, анын акыл-эсинин өсүүсү артта калган (жеӊил түрү) деген гана медициналык маалым каты бар.
Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg