9-февраль күнү өлкө чемпиону «Алай» футболдук клубу АФК Кубогунун тандоо турунун алкагында ливандык «Триполи» клубу менен кез келди. Бул беттеште уткан команда аталган мелдештин тайпалык баскычына жолдомо алмак.
Чыӊалуу менен өткөн оюндун негизги бөлүгү 0:0 эсебинде аяктап, жеӊүүчү пенальти сериясында аныкталды. Тилекке каршы, чечүүчү соккуда Муролим Ахмедов жаза басып, 7:6 эсебинде «Алай» утулуп калды.
Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg