Жер – Күн системиндеги 8 планетанын бири. Бул планеталардын баары зор жылдыз Күндүн айланасында айланышат. Жер Күндөн 110 эсе кичинекей. Эми элестеткиле, Күн кадимки дарбыз боло турган болсо, анда Жер континент, арал, океандары менен биригип дарбыздын данегиндей гана болуп калмак.
Биздин планетабыз Күндөн 150 миллион чакырым алыс жайгашкан. Эгер бул оттуу шарга эӊ ылдам учкан учак менен токтобой учуп бара турган болсок, бул саякат 200 жылга созулмак. Бирок Күнгө жакын барууга мүмкүн эмес. Себеби Күн аябай ысык, кандай гана учуучу аппарат болбосун ага бир нече миллион чакырым калганда эле күйүп жок болот.
Жер 365 күндө Күндү, 24 саатта өз огун толук айланып чыгат. Күндү секундасына 30 чакырым ылдамдыкта айланат. Жердин жандоочусу – Ай. Бизге белгилүү болгондой, бир гана Жерде жашоо бар.
Нурбек Абдыкадыров
balakai@super.kg