БЕГЕМОТ

Классы Сүт эмүүчү
Узундугу 4,5 метрге чейин
Салмагы 3 тонна (орточо эсеп менен)
Жашаган жериАфриканын саздары жана агымы жай дарыялары
Тамагы Өсүмдүктөр

Балдар, бул ирет биз сыналгыдан гана көрүп жүргөн бегемоттор тууралуу маалымат бермекчибиз.
Бегемот негизинен сууда жашайт. Күндүзү сууда уктап, кечинде гана тамактануу үчүн суудан чыгат.
Бул жаныбарлар топ-топ болуп жашашат. Алар түндөсү тамак издеп чыгып, ондогон чакырым жолдорду басышат. Бир түндө 40тан 60 килограммга чейин чөп жейт.
Бегемоттун жаагы 150 градуска чейин ачылат. Астыӊкы жаагындагы азуу тиштеринин тамыры болбойт жана ал өмүрүнүн аягына чейин өсөт. Эӊ узун азуу тиши 65 сантиметрге чейин жетип, пилдикинен да кымбат бааланат.
Бегемоттун балдары туулганда 40 килограмм салмакты түзүп, кийинки күнү эле апасын ээрчип калат. Негизинен булардын душмандары жок, бирок кичинекей гиппопотамдар кээде арстан, гиена жана кабылан сыяктуу жырткычтарга жем болушат.
Аталган жаныбардын таӊ калычтуу формадагы баштары байыркы гректерге аттарды элестеткен. Ошондуктан анын «гиппопотам» деген илимий аталышы грекчеден
«дарыя жылкысы» деп которулат.

Нурбек Абдыкадыров
balakai@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Elzida87
2016-02-15 21:24:05
Кызык экен
+1
№ 693, 12-февраль-18-февраль, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан