5-февраль күнү Нарын шаарындагы үйлөнүү-үлпөт салонунда өрт чыгып, анын ичинен оор абалда жашы отуздар чамасындагы эркек менен жаш келин табылып, ооруканага жеткирилген. Окуяга күбө болгондор тилсиз жоо кокустуктан улам келип чыккан деген ойдо болушкан. Бирок иликтөө иштеринин жыйынтыгында күйөөсү аялына жана өзүнө атайлап бензин чачып өрттөп жибергендиги аныкталды.
«КҮЙӨӨСҮ 3 ЛИТРГЕ ЖАКЫН БЕНЗИНДИ КОЮНУНА КАТЫП КЕЛГЕН»
Биз бул окуя тууралуу кененирээк маалымат алуу максатында алгач Нарын ОИИБинин жетекчиси Ороз Молдосариевге байланыштык:
– 5-февраль күнү саат 17:30 чамасында Нарын шаарынын Ленин көчөсүндө жайгашкан «Стиль» деген үйлөнүү-үлпөт салону өрттөнүп жатканын жергиликтүү тургундардын бири көчөдө кайгуулда жүргөн милиция кызматкерлерине кабарлаптыр. Биздин кызматкерлер ал дарекке чуркап барышса, эшик жабык экен. Эшикти талкалап киришсе ичинде бир кыз күйүп жатыптыр. Аны сыртка алып чыгып, экөө өчүрүп жатканда, бирөөсү кайра ичине кирип дагы бир жигит куйкаланып жатканын көрөт. Аны да алып чыгышып үчөөлөп кызматтык күрмөлөрү, костюмдары менен өрттү өчүрүшүп, «Тез жардам» менен өрт өчүрүүчүлөрдү чакырышкан. Алар келгиче күйүп жаткан үйдүн ичине кирип бардыгын кылдат карап чыгышат. Өрт өчүрүүчүлөр келип ичине кире албай жатышканда биздин кызматкерлер ичинен терезени сындырышып, түтүн сыртка чыккан соӊ гана өрт өчүргүчтөр кирип өрттү өчүрүшкөн. Окуя болгон жер 2 кабаттуу жыгачтан салынган имарат. Эгер биздин кызматкерлер убагында барышпаганда жанындагы дүкөндөр, кеӊселер, үйлөр да күйүп кетмек.
Иликтөөлөрдүн жыйынтыгында күйүп кеткен 2 жаран ажырашып жүрүшкөн жубайлар экендиги аныкталды. Күйөөсү Ат-Башы районунун 26 жаштагы тургуну, ал эми келинчеги Нарын шаарынын 21 жаштагы тургуну. Жабырлануучулардын жакындарынын айтымында, экөө ажырашкан соӊ күйөөсү Бишкек шаарында жашап, келинчеги Нарында «Лина-Тур» деген туристтик фирмада иштеп жаткан. Күбөлөрдөн сураштырсак, ошол күнү күйөөсү келинчеги иштеген жерге келип, ичинде иштеген кишилерден «эшикке чыга турасыӊарбы, келинчегим менен сүйлөшүп алайын» деп сураныптыр. Алар эшикке чыгып кетишкенде күйөөсү эшикти ичинен илип, коюнуна катып ала барган 1 жарым литрлик 2 баклажкадагы бензинди келинчегине жана өзүнө чачып өрттөп салган. Бул окуя боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалган. Кылмыш-жаза кодексинин 104 (ден соолукка атайлап оор залал келтирүү) жана 174-беренелери (мүлктү атайлап жок кылуу же зыянга учуратуу) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат.
«СИӉДИМ КҮЙӨӨСҮ САБАЙ БЕРГЕНИНЕН АЖЫРАШКАН»
Каргашалуу окуядан жабыркашкан 1989-жылы Ат-Башы районунун Талды-Суу айылында туулган Райымбек Жумакунов менен 1994-жылы Нарын шаарында төрөлгөн Нургүл Руслан кызы эс-учун жоготкон абалда облустук ооруканага жеткирилген. Дарыгерлердин айтымында, күйөөсүнүн денесинин 20-30, ал эми келинчегинин денесинин 80-90 пайызы күйүктөн жабыркаган. Нарын облустук ооруканасынын башкы дарыгери Мурат Атбаевдин айтымында, 8-февраль күнү кечки саат 6 чамасында 21 жаштагы Нургүл эсине келбей каза тапкан. Маркумдун бир тууган эжеси Жумагүл буларга токтолду:
– Нургүл менен Райымбек 5 гана күн сүйлөшүп баш кошушкан. Жаӊы үйлөнүшкөндө айылда Райымбектин ата-энеси менен чогуу турушчу. Кийин Нарынга көчүп келишкен, андан соӊ Бишкекте жашашты. Сиӊдимди эки күндүн биринде сабап, кээде кызганычтын айынан үйгө камап кетип калган күндөрү да болгон. Акыркы ирет Бишкекте жашап жүргөндө сиӊдимди күйөө балам аябай катуу сабап салганынан ата-энем ажыраштырып, Райымбектин үстүнөн милицияга арыз жазып, сиӊдимди Нарынга алып келишкен болчу. Бирок милиция кызматкерлери күйөө балага чара колдонгон эмес. Сот аркылуу ажырашмакчы болушуп, күйөө бала 2-3 жолу сот отурумуна келбей койгон. Акыры сиӊдим Нарында жакшынакай иштеп жүргөндө Райымбек анын иштеген жеринин дарегин таап алып, минтип бензин чачып өрттөп жиберип, ал каза болду. Азыр күйөө баланын ата-энесине да эч нерсе дей албай турабыз. Ал өзү да оор абалда ооруканада жатат. Эгер тирүү калса мыйзам алдында жоопко тартылышы керек.
«БИЗДИН БАЛА КЕЛИНДИ АЯБАЙ ЖАКШЫ КӨРЧҮ ЭКЕН»
Райымбек Жумакуновдун да абалы оор экендигин, дарыгерлер анын үстүнө киши киргизбей жаткандыгын бир тууган агасы Чыӊгыз билдирди. Ал эми таежеси Нурбүбү Жусубалиева окуя тууралуу буларды кошумчалап өттү:
– Райымбек менен Нургүл 2014-жылы июнь айында баш кошушуп, 2015-жылдын август айында таарыныша кетишкен эле. Ортолорунда бала жок. Экөө теӊ ыйман жолунда жүрүшчү. Биздин бала ичип-чекчү эмес, келиндин деле жаман жактарын көргөн жокмун, экөө эмне себептен таарынышканын деле билбейбиз. Акыркы кезде Райымбек Бишкекте, келин болсо Нарынга келип иштеп жаткан. Анан эле мындай каргашалуу окуя болуп кетти. Баарыбыз Райымбек эмне себептен мындай ишке барганын түшүнө албай отурабыз. Азыр баланын абалы аябай эле оор. Эс-учун жоготуп, сүйлөй албай өлүм менен өмүрдүн ортосунда жатат. Өпкөсү жарылып, кызыл өӊгөчү бүт күйүптүр. Апасы да нес болуп, аябай кыйналууда.
Райымбектин уюлдук телефону азыр жаныбызда. СМС каттарын окусак биздин бала келинди аябай жакшы көрчү экен. Жарашалы деп жакшы эле аракет кылса да келин бала жолотпоптур. 4-февраль Нургүлдүн туулган күнү болуп, Райымбек белектерин алып Бишкектен атайын келсе келин кабыл албай коюптур. Кайра «сени менен жашабайм, мындайсыӊ-тигиндейсиӊ» деп намысына тийген жаман сөздөрдү айтыптыр, ошого арданган окшойт.
«ИМАРАТТЫ ИЖАРАГА АЛЫШКАН ЭЛЕ»
Өрт чыккан имараттын ээси Чынара Токталиева окуя тууралуу буларга токтолду:
– Менин имаратымды бир туристтик фирма ижарага алып иштетип жаткан. Күтүлбөгөн жерден мындай окуя болуп кетип, эки ортодо мен да зыян тартып калдым. Фирманын жетекчиси, баланын ата-энеси менен жолугуп сүйлөшсөм, «чыгымдарды төлөп беребиз» дешүүдө. Өрттөлгөн кыз ошол фирмада иштеп жаткан эле. Окуя болгондо ал жерде жок болчумун. Барсам келин менен күйөөсүн ооруканага алып кетишти. Мен милиция кызматкерлерине, өрт өчүрүүчүлөргө ыраазычылыгымды билдирем. Алар убагында келип жардам бербегенде имарат толугу менен күйүп кетмек, күйөөсү менен аялы экөө да ошол жерден эле чыкпай калышмак.
Кызганычпы же түшүнбөстүкпү?.. Райымбек эс-учун жоготуп, оор абалда жаткандыктан анын бул кадамга эмне себептен баргандыгы азырынча табышмак. Кейиштүүсү кырчындай бир өмүр кыйылды, дагы бир өмүр кылдын учунда. Ортодо көз жашы төгүлгөн аталар, апалар...
Асхат Субанбеков
koom@super.kg