Атактуу болуш оӊой эмес экенин атактуулар жакшы билишет. Сүйүктүү ырчысынын ар бир баскан кадамы, колдонгон буюму, жеке жашоосу, айдаган машинасы күйөрмандарына кызык. Көптөгөн күйөрмандардын суранычы менен популярдуу ырчылар кандай машина айдаарын билип бергенге аракет кылдык.
Нурлан Насип: «ЫРЧЫ БОЛУП МАРШРУТТУК ТАКСИДЕ ЖҮРСӨМ УЯТ ГО»
Үлгүсү – Subaru Tribeca
Чыккан жылы – 2006-жыл
Чыккан өлкөсү – АКШ
Түсү – Кара
Кыймылдаткычтын көлөмү – 3000 см3
Май чыгымдоосу (100 чакырым) – 15 литр
Баасы (өзүнүн айтымында) – 17 миӊ доллар
Учурдагы базар баасы – 10-13 миӊ доллар
Сатып алган жылы – 2015-жыл
– Машина мага жумушту тез бүтүрүү үчүн керек. Түндө калганда, алыска жол жүргөндө кыйналбайсыӊ жана кээде адамдын статусунан да кабар берет. Мисалы, мен ырчы болуп маршруттук таксиде жүрсөм уят го. Көп маркадагы машиналарды айдадым, аягында ушул Subaru үлгүсүнө токтолдум. Кичинемде Мерседес үлгүсүндөгү машина айдоону кыялданчумун, аны да айдап көрдүм. Мурунку машинам көп бузула берчү, бензин да көп иччү. Бул машинамды алгандан бери машина оӊдоочу жайга азыраак барып калдым.
Гүлжигит Калыков: «КЫЗДАРГА ЭМЕС, МАШИНАМА КӨП АКЧА КОРОТОМ»
Үлгүсү – Mercedes-Benz E-550
Чыккан жылы – 2004-жыл
Чыккан өлкөсү – Германия
Түсү – Ак
Кыймылдаткычтын көлөмү – 5500 см3
Май чыгымдоосу (100 чакырым) – 20-25 литр
Баасы (өзүнүн айтымында) – 18-20 миӊ доллар
Учурдагы базар баасы – 10-12 миӊ доллар
2015-жылдан бери айдап жүрөт. Машинаны ишкер байкеси Шаршенбек Абдыкеримов белек кылган.
– Мен машинасын тыкан, таза алып жүргөн айдоочулардын катарына кирем. Бир жери чийилип калса, дароо оӊдотом. Бут кийими кир кишилерге «бутуӊарды сүртүп киргиле» деп эле айтам. Анан абдан аяп айдайм, таштак жолдордон буйтап, бирөөлөрдөн ашам деп жарыша бербейм. Дөөтүмө 1 айда бир топ эле акча коротом. Айрымдар кыздарга көп акча коротушса, менин тапканымдын теӊи эле машинама коройт.
Асел Кадырбекова: «МАШИНАМ – МЕНИН ХАНБИЙКЕМ»
Үлгүсү – Nissan Skyline
Чыккан жылы – 2003-жыл
Чыккан өлкөсү – Япония
Түсү – Күӊүрт боз (мокрый асфальт)
Кыймылдаткычтын көлөмү – 2500 см3
Май чыгымдоосу (100 чакырым) – 12-13 литр
Баасы (өзүнүн айтымында) – 6 миӊ доллар
Учурдагы базар баасы – 2500-3500 доллар
Сатып алган жылы – 2014-жыл
– Машинам бензинди көп ичет. Кээде жиним келгенде «качан тоёсуӊ?» деп урушуп салмайым бар. Айрымдар жини келгенде рулду койгулап эмоциясын чыгарышат эмеспи, мен антпейм. Апам «машинанын ичинде отурганда сатам, алмаштырам деп айтпа, аны сезет» деп калат. Ошондо рулду сылап «ханбийкем» деп эркелетип коём. Алмаштырам деп эле келе жатам, бирок «однолюб» болгонго эч эле башкага алмаштыра албай жүрөм.
Данияр Эрматов: «1 АЙДА 30 МИӉ СОМГО БЕНЗИН КУЯМ»
Үлгүсү – Lexus RX 330
Чыккан жылы – 2006-жыл
Чыккан өлкөсү – АКШ
Түсү – Ак
Кыймылдаткычтын көлөмү – 3300 см3
Май чыгымдоосу (100 чакырым) – 16-17 литр
Баасы (өзүнүн айтымында) – 17 миӊ доллар
Учурдагы базар баасы – 11-15 миӊ доллар
Сатып алган жылы – 2015-жыл
– Негизи, машинадан жолдуумун, мен алган машиналар чыдамкай, оӊою менен бузулбайт. Азыркы Лексус үлгүсүндөгү машинамдын Кыргызстандагы алгачкы кожоюнумун, жапжаӊы абалында сатып алгам. Азырынча бузулуп, мени ара жолго калтырып таарынта элек, зуулдап эле кызмат кылып жүрөт. Машинам экинчи үйүм десем болот, кээде анда түнөп да калам. Күнүнө жок дегенде 1000 сомго бензин куям, ошондо 30 күндө 30 миӊ сомум бензинге короп кетет.
Айгерим Расул кызы: «МАИ КЫЗМАТКЕРЛЕРИ МЕНЕН МАМИЛЕМ «БЕШ»
Үлгүсү – Lexus GX 470
Чыккан жылы – 2008-жыл
Чыккан өлкөсү – АКШ
Түсү – Ак
Кыймылдаткычтын көлөмү – 4700 см3
Май чыгымдоосу (100 чакырым) – Билбейт
Баасы (өзүнүн айтымында) – Тааныштарынан 25 миӊ долларга алган
Учурдагы базар баасы – 22-28 миӊ доллар
Сатып алган жылы – 2015-жыл
– Мен иштеген жерде МАИ кызматкерлери көп турушат, аларды күндө көрөм. Баары менен мамилем «беш». Бул машинамды алгандан бери эреже буза элекмин. Негизи, өзүм машина менен оорубайм, сатып алгандан бери айдалбай үйдө турду. Алыс жолго айдап көп кыйнай элекмин, азырынча эркелеп жатат. Бир жери чийилип же майын алмаштырыш керек болсо, ал жумуштун баарын жолдошум кылат.
Съездбек Искеналиев: «МАШИНАМДЫ АРЧАЛАП ТУРАМ»
Үлгүсү – Toyota Highlander
Чыккан жылы – 2004-жыл
Чыккан өлкөсү – Япония
Түсү – Кара
Кыймылдаткычтын көлөмү – 3300 см3
Май чыгымдоосу (100 чакырым) – 15-17 литр
Баасы (өзүнүн айтымында) – 15 миӊ доллар
Учурдагы базар баасы – 8-10 миӊ доллар
Сатып алган жылы – 2014-жыл
– Бул менин төртүнчү машинам. Аябай ыӊгайлуу, тоо-ташка чыксаӊ да болот, тактап айтканда, айылга да, шаарга да ылайыктуу. Унаамды эркелетип «кара жоргом» деп коём. Негизи, машинаӊды кандай карасаӊ, ошондой жүрөт. Менин машинамда эч ким тамеки чекпейт, арак ичпейт. Жумасына бир жолу арчалап турам.
ОШОНДОЙ ЭЛЕ...
Айбек Карымов – Lexus LX 470, Урмат Усенов – Lexus GX 470, Анжелика – Lexus GS 350, Өктөм Сапар уулу, Мурат Жалиев – Lexus RX 330, Борончу Кудайбергенов – Toyota Land Cruiser 100, Бактияр Токторов – Toyota Prado, Замир Арыкбаев – Toyota Highlander, Аваз Акимов – Toyota Windom, Автандил, Бегимай Бекбоева, Нурзат Токтосунова, Байыш Момунов – Toyota Harrier, Гүлзинат Суранчиева, Нурзат Садыкова – Toyota Camry, Асел Турдалиева – Mercedes-Benz 320 Elegance, Нурмат Садыров – Honda Accord, Дайыр Исмадияров – Mercedes-Benz С-класс 200, Гүланда, Назира Жетигенова – Honda CR-V,
Арсен – BMW X5 үлгүсүндөгү унааларды айдашат.
Лунара Бекиева
star@super.kg