ИЛЬЯЗ АБДЫРАЗАКОВ. САХНАГА БАЙЛАНГАН ТАГДЫР (фотороман)

(Башталышы өткөн санда)

Апам «Ильяз Москвага барып чоӊ шаарда жоголуп кетсе кайдан табам? Бул жакта эле болсо экен» деп санаа тартып, элден сураштырат. Балыкчыда экенимди угуп, афишалар аркылуу мени издеп тапканы эсимде.

– Айылга баргандан кийин оюмду кайра эле чыгармачылыкка болгон көксөө бийлеп алды. Суу ташып, короо жыйнап жүрсөм да кыӊылдап ырдаганымды койбодум.

– Бир күнү Мирлан Ниязов менен кокусунан жолугуп калдым. Ал «Кыз-Бурак» тобунда иштеп жатканын айтты. Мирлан байке аркылуу аталган топто мен да иштеп калдым.

– Убакыттын өтүшү менен чыгармачылыкка болгон мамилем олуттуу болуп, борборго келдим. Кафелерде музыкант болуп иштеп жүрүп Мирбек Атабеков, Азиз Жетигенов менен таанышып, «Санат» деген топ түздүк. 1-2 ырыбыз чыккандан кийин эле ар бирибиз өз алдыбызча кеттик.

– Элге бир аз таанылып, ырларым алына баштагандан кийин концерт берүүнү чечтим. Тушоо кесүү концертимди Гүлшайыр Садыбакасова уюштурду. Спорт Ордосунда бош орундук калбай, концертим эки күн теӊ аншлаг менен өткөн.

– Батирде жашаган күндөрүм жашоодогу унутулгус мезгил экен. Күйөрман кыздардан келген каттарды чогуу жашаган досторум, иним болуп талашып окушчу.

– Концерт бергенден кийин күйөрмандарым эселеп көбөйдү. Чыгармачылыктагы досторумдун саны артты. Ансайын эргүүм күчөп, жаӊы обон, ырларды байма-бай жарата баштадым.

– «Ал бийкечтер оттой болот, Кол тийгизбес чоктой болуп жанат, эй...» деген саптар радиолордон жаӊырып турган учур чыгармачылыгымдын гүлдөгөн мезгили экен. Көчөдө кенен басып жүрө албай, кафе-ресторандардан тамактана албай калгам.

– Үйгө чейин издеп келип, сүрөтүм чапталган кулач-кулач каттарды эшикке таштап кетишчү. Жадакалса машинада бара жатканымды көрүшсө артымдан кубалаган учурлар көп болду.

Ошентип Ильяз элге таанылды. Аны алдыда дагы кандай бурулуштар күтүп турат?
Бул суроонун жообун гезитибиздин кийинки санынан окуй аласыз.

Султан Төрөбеков
Адилет Бектуров
lira@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
Asya10
2016-02-15 12:13:48
Чыгармачылык ийгилик уй-булоолук бакыт каалайм
+5
Shat.88
2016-02-17 01:01:22
Ушул сериалды Ильяз 40-50го чыкканда уюштурсанар болмок же ордуна Айчурок Иманалиева же Алина Жетигенова эжекелерибиздин тагдырын чыгарсанар жакшы болмок
+2
karona
2016-02-21 23:07:31
Shat.88,Ильяз жаш болбосода ал эжекелерибизден коп эмгек жасады окшойт.Биринчилерден болуп башка мамлекетте Казакстанда жеке концерт берди.
0
Shat.88
2016-02-21 23:27:35
karona,кулкуну келтирбечи,Казакстанда берсе озу учун берди ал эми бул эжекелерибиз Кыргыз мамлекетин чет олколорго таанытып маданиятыбызга чон салым кошкон жана кошуп келет Ильяз да келечекте кошуп калаар леген ойдомун
0
amanatym
2016-02-18 15:33:58
бул озун мега жылдыз сезип алган го,
0
mister_bond
2016-02-19 15:09:52
мм.. жакшы Иляз колдон келгенин кыла бер ийгилик.
+2
aikowa.aikado
2016-02-20 22:33:14
молодец. Ильяз мен сени дагы деле суйом..бвктылуу бол
+2
karona
2016-02-21 23:31:03
Кыргыз эстрада жылдыздарынын кобунун багын ачкан мурункуларын айтпай эле койоюн кечеги эле Нурмат Садыровдун Торгоюм деген ырын Ильяз аранжировкалаган!!!
+1
karona
2016-02-21 23:31:37
Дагы кутобуз уландысын
+1
№ 693, 12-февраль-18-февраль, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан