ШЕЙИТ КЕТКЕНДЕРДИ МАЗАКТАП, ЖЕКЕ КЫЗЫКЧЫЛЫКТАРГА КОЛДОНБОЙЛУ

Жогорку Кеӊештин 4-февралдагы жыйынында депутат Мээрбек Мискенбаев айрым куудулдардын сатираларын сындап өттү. Анын пикиринде, куудулдар сатиралары аркылуу элди бөлүп-жарып жатат. Ал эми куудулдар ойногон сатираларында түндүк-түштүккө бөлүү тууралуу сөз жок экенин айтышууда.

ТАЛКУУ ЖАРАТКАН АЛ КАНДАЙ САТИРА?
Парламентте мындай талкуунун келип чыгышына куудул Тынар Курбаналиев менен анын сахналаш өнөктөшү «Апрель Баатыры» наамын алып жүргөндөр тууралуу ойногон сатира себеп болду. Анда экинчи куудул Тынарга өзүн 2010-жылдын 7-Апрелиндеги революциянын катышуучусу экенин, ага кандайча ок тийгенин айтып, «мен – баатырмын. Мага бул билетти көчөдөгү маршруткада, автобустарда бекер жүрөсүӊ деп берген» дейт. Анын мындай жообун Тынар шылдыӊ менен кабыл алып, «Баатырлар бир аз көбөйүп кеткен жокпузбу?» деп сындайт. Мындан кийин Тынар «азыркы баатырлардын ким экенин аныктаган ыр коюп берейинби? Аны уккандан кийин баатыр болгуӊ келбей калат» дейт. Бул учурда сахнага Рахман Разыков чыгып, өзүнө таандык «Күйгөн кошок» аттуу 600 куплеттен турган дастанынан үзүндү окуйт.

«Күйгөн кошок» дастанынан үзүндү:
Баркталбастан «Баатыр» наамын алганы,
Базарчыдан баркы жеӊил салмагы.
Баатыр болбой Ошто жанын бергендер,
Ак үйдү алган баатырларыӊ жайнады.
Кайсы жоону жеӊгендерин билбеймин,
Бүтпөйт дале салтанаты, майрамы.

Баатырга эл маани бербей анчейин,
Эки адамдын бири баатыр, кантейин.
Баатырлардын урпактары мекенден,
Басып кетти колун шилтеп канча элиӊ.
Баатыр экен, бирге жүрүп билбеппиз,
Базардагы бозо саткан байкенин.

Уга элекмин, көрө элекмин жүрөгүн,
Чолпонбайдай окко тоскон бирөөнүн.
Сан миӊдеген баатырлардан ажалга,
Тике карап чыгарына күмөнмүн.
Лөлүлөрдөй өз чатырын өрттөшүп,
Баатыр болуп жүргөндөргө күлөмүн.

Баатырлар бар, үйдүн чаӊын сапырган,
Баатырдыгы аша түшпөс катындан.
Баатыр барбай эл башына иш түшсө,
«Баатырмын!» деп аялына бакырган.
Баатыр деген башты сайып эл үчүн,
Бала кезден милдет болот катылган.

Бирөө баатыр чыкпай жүрүп айылдан,
Бирөө баатыр капыстан ок жаӊылган.
Бирөө жүрөт «Баатырмын!» деп төш кагып,
Бетин жуубай, чимкиригин агызган.
Баатырлар деп балдарды айтам Оштогу,
Башын сайып оттон өткөн, жалындан...

ЭФИРДЕГИ КАЙЫМ АЙТЫШ
Эл өкүлү Мээрбек Мискенбаев менен куудул Абдылда Иманкулов бул маселеден улам «Марал» радиосунун «Бейтарап» программасына чыгышты. Депутат Мискенбаев «куудулдардын элди экиге бөлүп-жарган, Апрель окуясынын курмандыктарын лөлүгө, наркоманга теӊеген сатиралары үчүн каматууга бүт аракетимди жумшайм» деген позициясын айтып, Иманкуловду кесиптештери элдин арасын жиктеп жатышканына ынандыра албады. Эл алдына чыгып сүйлөп, кимге кандай жооп бериш керек экенин аркалаган кесибинен улам жакшы өздөштүргөн куудул Абдылда Иманкулов эл өкүлүнө дегеле сөз берген жок. Назарыӊыздарда дебаттагы кайым айтыштын орчундуу жерлеринен:
М.Мискенбаев: – Ал жерде эл күлө турган деле эч нерсе жок. Сатира эмей эле элди экиге бөлүп-жарган, түндүк-түштүк маселесин козгогон, «7-Апрелде курман болгондор баатыр эмес, Оштогу Июнь коогалаӊына катышкандар баатырдык наам алыш керек» деген тариздеги саптар окулат. Бул өтө олуттуу нерсе. Себеби 7-Апрелдеги революцияда балдарынан ажыраган энелер, жакындарын жоготкондор кайрылып, «биздин жараны тырмап, күйүтүбүздү күчөтүп жатышат» дешүүдө. Ошол себептен маданият кызматкерлерин бир тартипке сала турган же аларды жоопко тарта турган маселени камтыган мыйзам иштеп чыксак деп турам. Бул боюнча мен тиешелүү органдарга кайрылып, ишти сотко чейин жеткирүүгө бүт күчүмдү жумшап жатам.
А.Иманкулов: – Мээрбек ушул ойлорду ошол концертке барып алып айтса жакшы болмок. Мен ал концертти көргөн эмесмин. Ушул ызы-чуу башталгандан кийин
концерттен тартылган видеону көрүп чыктым. Рахман ал жерде «Оштогу» деп жатат. «Оштуктар» менен «Оштогу» деген кептин айырмасын билбей калгыдай мен билгенден Рахман анчалык ооруй элек. Окуя кайда болсо ошол жердеги окуя дейбиз да. Мисалы, Таласта болсо Таластагы окуя, Аксыда болсо Аксыда же болбосо Жогорку Кеӊештеги мандат талаш деп. Сатираны, сынды ар ким өзүнүн акылына, деӊгээлине жараша кабыл алат. Ал жерде эч кандай «оштуктар» делген жок, «Оштогу» деп жатат.
М.Мискенбаев:
– Эми, Абдылда мырза, мен бул маселени отуруп-отуруп анан кыларга ишим жок көтөрүп чыккан жокмун да. Бул маселе буга чейин топтолуп, бышып келген.
А.Иманкулов: – Жок, менин ушул жерде күмөнүм бар, силер ошо кыларга ишиӊер жок, башка маселе калбай калгансып, анан бизге асылып жатасыӊар го деп жатам.

Мээрбек Мискенбаев, Жогорку Кеӊештеги КСДП фракциясынан депутат: «ӨЛГӨН АДАМДАРДЫ МАЗАКТОО – АДАМДЫК ДЕҢГЭЭЛДИН ПАСТЫГЫ»
– Бир эле нерсени куудулдарга жеткирейин дегем. Мейли тамашалагыла, мени, ата-жотомду, саясатты, бирок өлгөн адамдарды эмес. Юмор чексиз болушу мүмкүн. Ким каалаганы жөнүндө тамаша айтса болоттур, бирок өлгөн адамдарды тамашалоо, мазактоо бул аша чапкандык, адамдык деӊгээлдин пастыгы. Балким, аларга сезилбейттир, бирок 7-Апрелде каза болгондорго, Ош окуясында жакынын жоготкондорго куудул дегендин тамашалары эски жарасын тырмагандай эле болот. Ким эле каза тапкан жакыны жөнүндө тамаша уккандан ырахат алат?! Абдылда байкенин өзүнө да айттым, «балаӊыз курман болсо, ошонун өлүмүн бирөө тамаша кылса кандай болот?» дедим. Бирок ал сөз жебейт экен. Тамаша тамашасы менен, бирок моралдык чек болуш керек. Маданият өкүлдөрү улуттар аралык бөлүнүүчүлүктү, аймактардын өзгөчөлүктөрүн тырмалай беришет. А эмнеге мунун ордуна ынтымакка чакырган позитивдүү сатираларды ойношпойт?!
Биздин мекендештерибиздин бир тобу бакиевдик режим менен күрөшүп каза табышты. Ош окуясында улуттар аралык жаӊжал чыгып, анын азабы унутула элек. Анан ушуларды көрүп-билип турушат да, куудулмун деп эле тамашага салышат. «Бул болбойт, алар тамашага салынчу адамдар эмес» десеӊ, өздөрүн Токтогулга салыштырганга өтүшөт.

Рахман Разыков: «МИСКЕНБАЕВ АЙТКАН СӨЗДӨР ТУУРА ДЕП ТАБЫЛСА, ТҮРМӨГӨ ӨЗҮМ БАРЫП ОТУРУУГА ДАЯРМЫН»– Ал ыр жөн эле ыр эмес, «Күйгөн кошок» деген 600 куплеттен турган дастан. Анда биздин мамлекеттин 24 жыл бою басып өткөн жолун мурдагы СССРге салыштырып, азыр биз жол таба албай жүргөнүбүздү, Бакиевдинби, Акаевдинби, Отунбаеванынбы, Атамбаевдинби, ошол бийлик тушундагы мамлекет басып жаткан жолду жазгам. Ошонун ичинен тамашада 6 куплет ыр окулган. Эгер 6 куплет ырга ушунча болуп жатышса, анда 600 куплет чыкканда эмне болушарын билбейм.
Биринчиден, ал сатирада түндүк менен түштүктү бөлүү тууралуу бир дагы сөз жок. Мискенбаев айткандай, шейит кеткен балдар «наркоман», «алкаш» деп айтылган эмес. Эгерде кандайдыр бир экспертиза ушул тамашада «элди экиге бөлгөн чакырыктар бар» деп далилдесе, анда Мискенбаевдин жаза турган мыйзамын күтпөй эле, өзүм барып түрмөгө отурууга даярмын. «Ош шейиттери» тууралуу токтолсом, «эмне үчүн мамлекет тарабынан эки жакка теӊ бирдей каралган эмес, чындык болбой жатат» деген сөздү мага чейин «Ош шейиттеринин» атынан келгендер парламенттин трибунасында айтышкан. Бул ырда жалгыз оштуктар тууралуу эмес, Оштогу баатырлар деп айтылып жатат. Анын ичинде Оштогу болгон каргашалуу күндө Кыргызстандын бардык жеринен эч кимге айттырбай эле барган балдар жөнүндө айтылууда. Эмне үчүн аларга «Баатыр» наамы берилген эмес?..

2010-жылы Бишкектеги 7-Апрель окуясында жалпысынан 87 адам каза таап, кийин дагы 5 жылда жаракат алгандардын 35и көз жумду.

2010-жылдагы 7-апрель революциясынан айырмаланып, Оштогу Июнь окуясында 426 адам каза таап, алардын көпчүлүгү өзбек улутунун өкүлдөрү, жаш балдар жана кыз-келиндер болгон. Азыркыга чейин күйүп кеткен 19 сөөктүн өздүгү аныктала элек.

Бул талкуу коомчулуктун көӊүл борборунан четтеп өткөн жок. Кээ бирлер «окуяны ырбатпай депутат менен куудулдарды элдештирип коёлу» дешсе, айрымдар депутатты, кээ бирлери куудулдарды сындап жатышат. Бирок талашып-тартышып жаткан эки тарап теӊ бир нерсени унутушкандай. Оштогу Июнь окуясы түштүктүн, Бишкектеги Апрель окуясы түндүктүн эле кайгысы эмес, экөө теӊ жалпы кыргыз элинин чоӊ трагедиясы. Бул күндөрү жүздөгөн үй-бүлөнүн жүрөгү тилинип, жетим-жесир калгандардын жүрөк жарасы айыга элек. Бул трагедияны саясий упай топтоо үчүн же сахнада күйөрман арттыруу үчүн колдонуудан алыс болсок.

Гүлжан Асанкожоева,
Султан Төрөбеков
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (154)
amanatym
2016-02-18 10:07:24
булар баары эле биринен бири кыйын болушат го аман болушсун ушу куудулдар да депутаттар да
-1
admin_superstan
2016-02-18 10:43:05
tram-lam,
Эскертүү! Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий же талкуу иретинде жазылган учурларда сайттын жетекчилиги андай билдирүүлөрдү өчүрүү менен кошо колдонуучуну сайттан четтетиши мүмкүн. Сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек.
-2
kyrgyzman
2016-02-18 11:52:01
Ото маанилуу иш таап алгансып кайра -кайра оозунан ак ит кирип, кара ит чыгып суйлойт да. Куудулдар да эл адамы, Токтогул да эл адамы. Мискенбаев сен кимсин??? анча мынча созго озу сен тушунбойсун окшойт. Кайра козгоп куноолулорду табыш сенин милдетин эле го. тескеринче унутканы аракет кылганына - баракелде!!! Эл адамдарына сен эмес, сенден он эсе кыйындар асылып коргон. иши онунан чыкпаган, кайра тескери болгон. сен дагы ошолордон беш бетер болосун
+2
Krasnyi.kg
2016-02-18 14:56:18
Башка иш кылгылачы депутаттар
+2
s5kgbal
2016-02-18 21:36:05
Депутат красавчик!! делай брат!!аа бул куудулдарды колдогондорго Бакиевди мактаганга жакшы шылтоо болду!на самом деле апрель ош окуялардагыларга наам бербеш керек болчу тоист бербеш керек!

макул бул ыр болбойт экен бирок силер озунор болунуп жатпайсынарбы!откон комм.терде "тундуктуктор пр туш болуп намыстанып чыгышкан деп!ахаха бул соз менен силер азыркы абалынарды суроттоп койдунар )))а нам пофигу откуда бу пр главный ал АДАМ Болсун ХХХ ХХХ
-7
admin_superstan
2016-02-19 11:48:26
s5kgbal,
Эскертүү! Коомдук эрежеге туура келбеген билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат!
+1
Jiznmalina
2016-02-18 23:06:19
Мискенбаев мырзабыз качан кантип депутат боло калды??? Мурда кайда иштеген? Бизде ушундай депутаттардын бар экени окундурот. Элестеткиле Кыргызстаныбыздын келечегин оркундоп осконун,ээх!
+3
admin_superstan
2016-02-19 11:50:01
Msto005571,
Эскертүү! Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий же талкуу иретинде жазылган учурларда сайттын жетекчилиги андай билдирүүлөрдү өчүрүү менен кошо колдонуучуну сайттан четтетиши мүмкүн. Сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек.
0
morskaya_zvezda
2016-02-19 15:05:45
Бул депутат ноль го озу суйлошкон диалогдорун коруп уялбайт экенби э, эми кетип калса деле болот окшойт.
+3
Adilet2014
2016-02-20 10:46:28
Ошол нерсени эстеткилери келбесе ошол 7-апрелдин куноолуулорун, 10-июндагы каргашанын куноолуулорун издеп тааап жазалашбайбы?
+1
Nurba.6567
2016-02-20 16:02:12
Куудулдар чындыкты айтып жатышат ... дале болсо 7- апрельде элди аткандар жазаланбады дагы эле оштогу урушту баштагандар табылбады... азыркы бийлик аларды эч качан таба алышпайт себеби алар оздору...
0
behappy74
2016-02-20 16:41:59
Эки жагы тен,элге пайдасы жок оз комочуно кул тарткан депутаттарын да, куудулдук ушу экен деп ХХХ ХХХ да аман эле болгула. Бирине да ич жылыбайт. ХХХ ХХХ ХХХ Ким акча берсе бара беребиз деп элдик кишинин созубу ушу ач калгансып.Кубик деген немеси 50 го чыктым деген концертин кордук.Не созундо,не ырында бир байланыш жок. ХХХ ХХХ. Куудулдарды ошондон кийин корбойбуз
0
admin_superstan
2016-02-22 09:52:45
behappy74,
Кимдир бирөөнү кемсинтүүгө тыюу салынат!
10 күн БАНга!
0
kyzyl-ata94kg
2016-02-21 23:26:43
Бул депутат магада жаккан жок! Бир создон башканы билбейт экен
+2
sapargul
2016-02-22 00:57:12
жаттап келген созу болсо керек да . Анда эмне куноо? Ал да бироонун тапшырмасын аткарып жаткандыр. Чыныгы чыгармачыл инсан ШЕФТИ угуп эмес озунун согуп жаткан журогун угуп иш тутат. Р.Разыков А.Иманкуловдор чыныгы чырмачыл инсандар да. Булардын бутун тушап, оозун байлап койсо да айласын табышат.
+1
sapargul
2016-02-22 01:01:00
7-апрель деген тема кыжырды гана келтирет. Ошол куну тел.радиого жолбойм.Бул окуя (жогорудагы) кимдин ким экенидигин казып чыкса, Айрымдардын абийири айрандай тогулот
+1
stimyl.kg
2016-02-22 08:47:36
Мискенбаев элдин назарына калып кантип иштеп уктап басып журот экен уялбай кесиптештеринен)))) уят болот оооу киши уят,бийлик учун оз элин карактап тоногон азыркы сен ишенген окмоттун кол баласы болуш ото чон катачылык. Азырго керсейип депутаттык оорун берген жогорку жагына ишенип суйлоп жатасын,эртен башка адам келсе мамлеккетке зыян келтирген силердин баатыр наамынарды тубу менен жок кылып жоопко тартат,анан эмне кылаар экенсин дале керсейеер бекенсин. Ар бир кыймылы учун жооп берет адам заты унутпа?(((. Беш жылдык омурундо элине пайдалуу кызмат кыл сураныч зериккен бала хххх чукуйт болбой.
0
№ 693, 12-февраль-18-февраль, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан