ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (15-февралдан 21-февралга чейин)

КОЙ (21.03-20.04)
Бул жылдыз белгисинин астында төрөлгөндөр апта бою ачык маанайда жүрүшөт. Мунун себеби айланаӊыздагы адамдардын сизге болгон мамилесинин жакшырышында. Албетте, алар менен мамилени жакшыртуу үчүн амалкөйлүккө барууга туура келет. Жекшемби көнүмүш адаттардан арылып, жаӊы жашоо баштоо үчүн ылайыктуу.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Аптанын башында эмоцияга алдырып жакыныӊызды таарынтып алуудан алыс болуӊуз. Шаршемби көптөн бери аягына чыгара албай жүргөн иштериӊизди бүтүрүү үчүн ылайыктуу. Ишиӊиз оӊунан чыкса, «колунан эч нерсе келбейт» деп ойлогон адамдарды таӊ калтыра аласыз. Эс алуу күндөрүӊүз жакын досторуӊуз менен өтөт.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Ичиӊизге сыр ката албаган сапатыӊыз сиздин бул аптада элдин көӊүл чордонунда болууӊузга түрткү болот. Ошондуктан тилиӊизди тишиӊизге катып, эч ким менен сыр бөлүшпөй турганыӊыз оӊ. Көптөн бери жүрөгүӊүздү өйүтүп келген акча маселеси чечилип, аптанын аягында карызыӊыздан кутуласыз.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Апта ичинде бир туугандарыӊыз менен көз карашыӊыз дал келбей, ортодо пикир келишпестик жаралышы мүмкүн. Бирок акыры алар сиздин айтканыӊызды туура деп таап, сизден кечирим сурашат. Ишемби, жекшемби күндөрү жашооӊузду такыр башка нукка бурчу адамга же окуяга туш болосуз.

АРСТАН (23.07-23.08)
Апта бою жумушуӊуздагы чечилбеген маселелер менен убара болосуз. Аптанын башында эле ишиӊизде кыйынчылыктар туулуп, жыйынтыгы көӊүлгө толбойт. Ошондуктан үстүӊүзгө көп жоопкерчиликти артып алгандан алыс болгонуӊуз оӊ. Бейшембиде жаӊы адамдар менен таанышып маанайыӊыз көтөрүлмөкчү.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Бул жумада көптөн бери тааныш болуп жүргөн адамыӊыз сизге болгон сезимдерин билдирет. Анын кыз-жигит болуу тууралуу киргизген сунушун кабыл алууга ашыкпаӊыз. Жылдыздардын айтымында, бул мамиле көпкө созулбайт. Баштаган ишиӊиздин жыйынтыгы жекшемби күнү чыгып, сизди жылмайтат.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Куру кыялдарыӊызга чекит коюп, чечкиндүүлүгүӊүздү көрсөтүүчү убакыт келди. Анткени көптөн көксөгөн тилектериӊиздин орундалуусуна бул апта себепкер болот. Чыгармачылык менен алектенген таразалар үчүн күйөрмандары тарабынан жагымдуу сюрприздер жасалышы күтүлүүдө.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Апта бою жеке жашооӊуз, жумушуӊуз баары жайында, телегейиӊиз тегиз болуп, энергияӊыз ашып-ташып жүрөсүз. Ишемби күнү кабыл алган чечимиӊизден улам жумушуӊузда бурулуштар болот. Жекшемби күнү эски таанышыӊызга жолугуп, эс алууга убакыт табасыз.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Биринин артынан бири пайда болгон көйгөйлөр сизди алдан тайдырышы мүмкүн. Бирок кыйынчылыктардын артында ийгиликтер бар экенин унутпаӊыз. Жасаган жакшылыктарыӊыздын акыбети кайтып, сизге жардамын сунуштаган адамдар көбөйөт. Апта ортосунда тамак-аштан ууланып калуудан сак болуӊуз.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Аптада кимдир бирөөгө жардам берип алкышка татыйм дегениӊиз менен, ак көӊүлдүгүӊүздүн азабын тартып калышыӊыз ыктымал. Ошондуктан ашыкча боорукерликти жыйыштырыӊыз. Эс алуу күндөрүнө эч нерсе пландабаӊыз, себеби күтүүсүздөн зарыл жумуштарыӊыз чыгып калышы мүмкүн.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Аптанын алгачкы күнү жагымдуу жолугушуудан башталат. Шаршембиде эски тааныштарыӊыздын жардамы менен кирешенин жаӊы булагын табууга мүмкүнчүлүк пайда болот. Бирок алдамчылардын капканына түшүп калуудан сак болуӊуз. Апта аягын ата-энеӊиздин, бир туугандарыӊыздын курчоосунда өткөрөсүз.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Сүйүктүүӊүз менен болгон мамилеӊиз жыйынтыкталышы мүмкүн. Аны менен эки ажырым жолго түшүү оюӊуз бар экенин ачык айтыӊыз. Антпесеӊиз артыӊыздан жагымсыз ушактар ээрчийт. Бирок айланаӊыздагы жакын адамдарыӊыз сиздин бул чечимиӊизди түшүнүү менен кабыл алып, ашыкча кеӊеш берүүгө батынышпайт.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 693, 12-февраль-18-февраль, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан