Жакында Атай Өмүрзаков шакирттери, «Тумар КР» тобунун бийчилери менен бирге Францияда өткөн «Du Cirque de Demain» сынагында 3-орунду багындырып келишти. Бул сынактан кийин Лондондо өткөн сынакка сапар алып, өнөрүн көрсөткөнгө жетишти. Айылда мал багып, талаада жүгөрү терип чоӊойгон боз улан кийин бий өнөрү менен дүйнө кезип, өлкөнүн сүймөнчүк уулуна айланарын ошол кезде эч ким ойлобосо керек. Сөз топтогу удаа-удаа ийгилик жаратып, Кыргызстандын атагын чыгарууга салымын кошуп келе жаткан Баяман Өмүрбек уулу тууралуу болуп жатат.
– Баяман, саламатсыӊбы? Оштун Кара-Суу шаарынан чыккан карапайым бала бий дүйнөсүнө кантип аралашып калган? Кепти ушундан баштасак...
– Саламатчылык! Ош шаарындагы клубдардын бирине Атай байке шакирттери менен келерин уккам. Айылда талаада жүгөрү терип жүргөн жеримден жумушту таштап, бети-колумду жууп алып дароо шаарга жөнөдүм. Алар өнөрүн көрсөткөндөн кийин бийлеп чыксам, Атай байке көрүп калып мени чакырткан. Өзү, жанындагы окуучулары да таптаза экен, жүдөгөн кебетемден уялып жанына бара албай көпкө турдум. Таанышканда ал «Талантыӊ бар экен, келечекте сенден жакшы бийчи чыгат. Биз менен иштеп, чогуу болгуӊ келеби?» деп сунуштаганда дароо макул болдум. Ошол күнү уктабай чыккам. Эгер Атай байкеге жолукпаганда азыр мал багып жүрмөкмүн (күлүп).
– Жакында Францияда өткөн сынакта биринчи орунду ээлебесеӊер да, 3-орунду алып келдиӊер...
– 1-орунду багынтууну көздөп баргандыктан жеӊбей калганыбызга көӊүлүбүз чөгүп калды. Жаӊы номер менен барганбыз. Алар башында «булар жөнөкөй эле бийчилер болуш керек» деп ойлошкон. Музыка башталары менен өнөрүбүздү көрсөтүп залды жарып салдык, элдер таӊ калып жакшы кабыл алышты.
Ал жактан келип 5 жылдан бери даярданып жүргөн «Britain's Got Talent» деген сынакка катышуу үчүн Лондонго барып келдик. Буюрса, анын жыйынтыгына жакында күбө болосуздар.
– Топтогу балдар менен батирде жашап, бир туугандай болуп калдыӊар болуш керек. Үйдө ким эмне кылат?
– Биздин жашообуз аябай кызыктуу. Үйдө чоӊ күзгү бар, анын алдында машыгабыз. Азамат, Саламат деген эгиз балдар компьютерден күнү-түнү музыка издеп таап аны кескилеп, чаптап жасашат. Алардын майда жумушту тажабай жасагандарын көрүп таӊ кала берем. Номерлерди да ошолор түзүшөт. Биздин башчыбыз Атай байке. Анын айтканын угушубуз керек. Сахнада бийлеп жатканда катачылык кетирсеӊ урушат. Ага таарынып сүйлөшпөй калганда телефонду тиктеп отуруп беребиз. Акча калбай калганда «братан, курсак ачты, бир нерсе кылбайлыбы» дейм. Ал баарын түшүнүп, азык-түлүк алып келип чогуу тамак жасайбыз. Балмуздакты жакшы көрөт, кечке эле «балмуздак барбы?» деп сурай берет.
– Бийлеп жатып денеӊди кокустатып алган учурлар болду беле?
– Ооба, бир жолу сахнада татаал кыймылды көрсөтүп жатып оӊ колумду чыгарып алып шалактап калган. Колумду кайра-кайра артка кайрып жатып ордуна салгам. Дарыгерге кайрылган жокмун, бир чыгарып алсаӊ ойноок болуп калат экен, ага көнүп деле калдым.
– Атайдын жанына бара албай уялган Баяман азыр кандай болуп өзгөрдү?
– Мурунку Баяман жадакалса дүкөнгө бара алчу эмес. Уялчаак, капкара, эч нерсени көрө элек бала болчу. Бишкекке биринчи жолу келгенде элдерди карасам апапак, кийимдери таптаза, өзүмдү карасам жүдөө көрүндүм. Кийин Атай байке кийингенди үйрөтүп, туура жолго салды. Орус тилди жакшы түшүнчү эмесмин, аны да үйрөндүм. Мурда үйдөгүлөр «Бишкекке барып эмне кыласыӊ?» дешчү. Эми бул жактан кетким келбейт, мен үчүн эӊ сонун жер – Бишкек.
– Германиядагы сынакта көзүӊө жаш алып, эмоционалдуу номер тартуулап эсибизде калгансыӊ. Азыр бийлеп жатканда ыйлабай калдыӊбы?
– Ошондо апамдын кыйналып жашап жатканын, башымдан кечирген оор күндөрдү элестетип алып ыйлаган элем. Азыр өзүмдү кармаганга көндүм.
– Бий өнөрүн дагы канча жыл аркалайм деп ойлойсуӊ?
– Азыр 20 жаштамын. Дагы 5 жыл бийлеп, ой-максаттарыма жеткенден кийин бийди таштайм. Өзүӊдү эле ойлой бербей, башкаларга жол бошотуш керек да. Биздин шакирттерибиз бизден да күчтүү.
– Жогорку окуу жайга тапшырам деген тилегиӊ орундалдыбы?
– Азыр КМКТАУнун көркөм искусство факультетинде 1-курста окуп жатам. Чет жактарга көп чыгып окуумдан калып, жетишпей жүрөм. Буларды түшүнгөн, түшүнбөгөн да эжейлер бар. Тарых сабагынан лекция жазып жатканда жетишпей калып кыйналам. Мугалимге «кайталап коюӊузчу» десем, өчөшкөнсүп бат-бат окуп салат (күлүп). Буюрса, келечекте кийимдердин дизайнери болом.
– Бала кезди эстегенде эмнелер эсиӊе келет?
– Ата-энем ажырашып кеткенде апам турмуштан кыйналып мени таенемдин колуна берген. 5-6 жыл апамды көрбөй, 9-класста көрүп «апа» деп айта албай кыйналгам. Бара-бара апам эӊ жакын адамыма айланды. Учурда Москвада иштеп жатат. Эл адамы болуп, чет өлкөгө чыкканда «мен көрбөгөн жерди сен көрүп жатасыӊ» деп кубанат. Алдыга койгон максаттарым чоӊ, алар ишке ашса, апамды жаныма алып чогуу жашайм деген тилегим бар. Мурда берген интервьюмда баарын ачык айтып, апамдын көӊүлүн оорутуп алгам. Бул маегимди сөзсүз окуйт. Ошондуктан андан гезит аркылуу кечирим сурайм.
– Жеке жашооӊдо абал кандай? Бир кыз менен сүйлөшүп жатканыӊды айткан элеӊ...
– Сүйүү оор экенин ошол кыз менен жүргөндө сездим окшойт. Чыгармачылыкта кызгануу көп болот экен. Күйөрман кыздар жазышат, аны көрүп кызганчу. Бири-бирибизди түшүнбөй жатып азыр сүйлөшпөй калдык. Урушуп кетсеӊ көӊүлүӊ жок, иштегиӊ келбей жата бересиӊ. Ошондуктан мага мамиле куруу эрте деп ойлоп калдым.
– Маегиӊе рахмат!
Динара Абдыкадырова
star@super.kg