Трансплантология боюнча операцияларды менчик клиникаларга жасоого уруксат бере турган мыйзам долбоорун Жогорку Кеӊештин комитети кабыл алган жок.
2015-жылы 12 миӊден ашуун чет жердикке Кыргызстанда иштөөгө уруксат берилген, анын жарымынан көбү өнөр жай жана курулуш тармагында эмгектенүүгө келишкен. Мындай маалыматты Миграция боюнча кызмат таратты.
Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаевдин айтымында, жаш балдарга зомбулуктун 90 пайызын жакын туугандары көрсөтөт.
9-февралда Боршайком Жогорку Кеӊештеги «Бир бол» фракциясынан талапкер Бакирдин Субанбековго мандат тапшырды. Милициянын генерал-лейтенанты Бакирдин Субанбеков өткөн жумада өз арызы менен мандатынан баш тарткан Бакыт Есенбаеванын ордуна депутат болуп келди.
Өлкөдө 2014-жыл ичинде төрөлгөн ымыркайлардын 15 пайызы түрдүү патологиялар менен жарыкка келген. Анын эӊ көбү Бишкек шаарында катталган.
Өкмөт 30-январда Москва шаарында өрт кырсыгынан улам кайтыш болгон кыргыздардын сөөгүн алып келүү үчүн 700 миӊ сом бөлдү. 11-февраль күнү каза болгон маркумдардын алтоосунун сөөгү кыргыз жерине алынып келди.
Жазуучу жана акын Аалы Токомбаевдин уулу, Кыргызстандын Ардагерлер союзунун төрагасы Тарас Токомбаев 10-февралда 86 жашында кайтыш болду.
Орусия 8-февралдан тартып 15 кыргыз компаниясына өз аймагына эт, сүт жана балыкты экспорттоого уруксат берди. Ишканалардын 12си сүттү кайра иштетүү менен алектенет.
Бишкектин Ак-Босого конушунун жашоочусу өз баласын 20 миӊ сомго сатканы аныкталды. Маалыматты ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынан билдиришти.
Бишкектин Биринчи Май райондук соту «Кыргызстан» фракциясынан депутат болгон Урмат Ишенбековду мандаттан ажыратуу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимин колдоду.
Аксы районунун Кара-Жыгач айылында 10-февраль күнү тынчтык митинги өттү. Митингчилер бийликке социалдык фондго төлөмдөрдү азайтуу, электр энергиясына болгон тарифтерди арзандатуу талаптарын коюшту.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.