Жогорку Кеӊештин депутаттары мыйзам чегинде той-аштардагы ысырапчылыкты чектөөгө белсенип жатышат. Учурда мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.
Мыйзамдын авторлорунун айтымында, документ мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер арасындагы той-аштардагы ысырапкорчулукту жоюуга багытталат. Долбоордо ар кандай той-аштардагы коноктордун саны, кандай белек берүүгө болору, андай мааракелерди кайсы күндөрү өткөрүүгө болору көрсөтүлөт. Маселен, сүннөт тойго 100дөн ашпаган адамды чакырууга болот жана анда белектерди тойдун күнөөкөрү болгон балага гана берүүгө уруксат. Үйлөнүү тойго 150дөн ашык киши чакырылбашы керек. Буга катар кийит кийгизүү, кудалардын бири-бирине белек бермей салттарына да чектөөлөр болот. Кыз узатуу тоюна эӊ көп болгондо 50 адам келе алат. Маркумду жерге берүү зыйнатында мал союуга тыюу салынат.
Мындай мыйзам долбоору коӊшу өлкөлөрдө буга чейин кабыл алынган. Ал эми Кыргызстандагы коомдук талкууга чыгарылган мыйзам долбоорунун демилгечилеринин башында депутат Аида Салянова турат. «Аида Салянова бул мыйзам долбоорун Тажикстандагы мыйзамдан көчүрүп алган» деген сындар айтылып, бул документтин өзү кабыл алынса да популисттик максатты гана көздөйт дегендер четтен чыгып жатат.
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg