Президент Алмазбек Атамбаев 10-февраль күнү тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевди кабыл алды. Жолугушуунун жүрүшүндө өлкөнүн тышкы саясаттагы быйылкы негизги артыкчылыктары талкууланды.
Эрлан Абдылдаев Кыргызстан-Европа биримдиги кызматташтыгы боюнча кеӊештин 14-отурумуна катышууга даярдыктар жөнүндө айтып берди. Министр ошондой эле Кыргызстандын Европа биримдиги менен соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечеги, Кыргызстан БПС+ (Бүткүл преференциялар схемасы) колдонуучу статусун алгандыгына байланыштуу Европа өлкөлөрүнө товарларды экспорттоо тууралуу да баяндады.
Эске салсак, Евробиримдик Кыргызстанга БПС+ статусун берген. Башкача айтканда, бүткүл преференция схемасы менен Кыргызстан Европа мамлекеттерине өзү өндүргөн 7 миӊге чукул товарды бажы төлөмүсүз сатыкка жибере алат. Кыргызстан ЕАЭС өлкөлөрүнүн ичинен аталган статуска ээ болгон жалгыз мамлекет.
Мамлекет башчысы Кыргызстандын Европа биримдиги менен кызматташуусун мындан ары өнүктүрүүнүн, ар кайсы чөйрөлөрдө биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун маанилүү экендигин айтты.
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg