ДОЛЛАРДЫН ЭРТЕӉИ КАНДАЙ БОЛОТ?

Наркы бир темпте өсүп келе жаткан доллар 6-февраль күнү өз кунун жогото баштаган. Бир күн мурун эле 74-75 сомдун тегерегинде сатылып жаткан доллар 72-73 сомго түштү. Айрым жерлерде сатып алуу 70 сом, сатуу 72 сом деп көрсөтүлүп турду. Бир катар адистер доллардын баасы 62 сомго чейин түшүшүн божомолдоп да жиберишти. Бирок 10-февраль күнү 1 доллардын баасы кайрадан 76 сомго жакындады. Башкача айтканда, мурунку баасына кайтты.
Доллардын арзандап кетишине эӊ биринчиден нефтинин баасы бир аз көтөрүлүп (баррелине 32-35 доллар) туруктуу боло түшкөнү себеп болгонун экономисттер айтышууда. Буга катар эле Кыргызстандагы соода-сатыктын көбү сом менен жүргүзүлүп, доллар менен алынган ипотекалык насыялардын бир бөлүгү сомго которула баштаганы, Улуттук Банктын буга чейин жасаган интервенциялары да долларды алсыратканы айтылды.
Ал эми доллардын кайрадан көтөрүлүп, 75 сомдон ары бааланып калышына ошол эле факторлор жана коомчулуктун көп бөлүгү колундагы жашыл акчаны кайрадан тездик менен сомго которо баштаганы таасирин тийгизгенин адистер моюндашууда.
Дүйнөлүк валюталык фонд доллар туруксуз мезгилде да Кыргызстандын Улуттук Банкы валюталык рынокто ийгиликтүү иш алып барды деген баасын берди. Бирок аталган фонд кыргыз бийлигине интервенцияларды чектөөнү сунуштайт. Себеби сомдун кунун кармоо аракети, ашыкча интервенциялар Улуттук Банктын өзүнүн резервдерин азайтып жиберет жана жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн атаандаштыкка туруштук берүү күчүн жоготууга алып келет деп эсептейт. Экономист Кубан Чороев: «Доллардын курсу азыр дүйнөдө бир төмөндөп, бир көтөрүлүп жатат. Бирок менин божомолумда жакынкы күндөрдө жашыл акчанын баасы өтө арзандап да, кескин кымбаттап да кетпейт»,- деген оюн айтты.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 693, 12-февраль-18-февраль, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан