Кыргызстан КМШ өлкөлөрүнүн ичинен эӊ туруктуусу. Мындай пикирин литвалык «Baltijos tyrimai/Gallup» рынокту жана коомдун пикирин изилдөөчү компаниянын аткаруучу директору Раса Алишаускене «EHU TIMES TEAM» басылмасына берген маегинде бөлүшкөн. Өз маегинде ал мурунку СССРдин аймагындагы коомчулуктун ой-пикирин билүү боюнча сурамжылоолордун жыйынтыгы тууралуу айтып берген. «Эки революция болуп өткөнүнө карабай Кыргызстанда парламенттик демократия өкүм сүрүүдө. Алар Түштүк Корея менен Япониянын акчасына электрондук шайлоону киргизишти. Исламдык экстремизмдин айынан эле баш аламандык чыгып кетпесе, жакшы тенденция сакталып калат»,- дейт Раса айым. Ал эми Орто Азиянын башка өлкөлөрү тууралуу алардын азыркы башчылары бийликтен кетсе, кырдаал кандай өнүгөрү түшүнүксүз экенин да белгилеп өткөн.
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg