Аталышы – «Кусалык жана төрт мезгил»
Өткөн жери – Улуттук филармония
Өткөн күнү – 4-5-6-7-8-9-февраль
Башталышы – 7-февраль күнү 19:00 (30 мүнөт кечикти)
Көрүүчүлөр – Залдын 90 пайызы
Мыкты номер – «Мезгил барактары», «Санат ыры»
Билет баасы – 500-600 сом
Гүлжигит Сатыбеков филармонияда 5 күн катары менен концерт берип жатканын угуп барбай коё албадым. Концерт адатка айлангандай элди күтүп жарым саат кеч башталды. Аӊгыча эле көшөгө ачылып, көзгө дароо үч чоӊ экран жана оркестр коштогон музыканттар дирижёру менен даяр турганы урунду. Сахна кооздолуп жасалбаса да, концертке ырчы көп акча коротконун экрандарды карап эле түшүндүм. «Беш тапандын» бир тапаны Союзбек Сейитказиев чыгып, «быйылкы тарых жана маданият жылына кичине болсо да салым кошолу» деп кыргыз элинин тарыхынан бир-эки ооз сөз айтып элди күлдүрүмүш болуп, Гүлжигитти сахнага чакырды. Ырчы шашпай кадам таштап чыга келип, жандуу үн менен «Фрунзе» оркестринин коштоосунда 3 ыр ырдап кирип кетти.
Адатта ырчылар популярдуу болгон ырынын атын коюп алып эле концерт өткөрө беришет. Гүлжигит иним бул жактан изденип, концерттин сценарийин жакшы иштеп чыккан экен. Сахнадагы 3 экранда кезек-кезеги менен 4 мезгил алмашып чыгып жатты. Ага ылайыкташып Гүлжигит да кийимдерин өзгөртүп муӊдуу да, шаӊдуу да ырларын аткарганын жактырдым. Ырчынын аккордеон менен аткарган ырларын эл коштоп ырдап, сахнадан кетирбей кол чаап жатышты. «Лейлектик кызга» деген ырын оркестрге салып ырдаганы мага өөн учурады чынында. А бирок араӊ эле өздөрүн басып отурушканбы, айрымдар тойдо жүргөндөй эле бийлеп киришти. Филармониянын кызматкерлери шаша-буша аларды тыйып, ордуларына отургузуп коюшту. Ошентип, шылдыракчы Кадырбек Мураталиев сахнага секирип түшүп элди бийге тартканы, сахнада ырдап жатып «бийлегенге уруксат» деп Гүлжигиттин элди бийге үндөгөнү ишке ашпай калды. Гүлжигит ырдап бүтүп «концертте бирөө бийлеп эс алат, башкасы отуруп көрөт, айрымдары жатып көрөт. Бийлей бериӊиздер, качанкыга чейин кысылып жашайбыз? Концерт деген ушундай болот, суроолор боюнча концерт улансын деп жатышат. Концерт улансынбы?» деп элге кайрылганда «улансын» деп шатырата кол чаап колдоп жиберишти.
Концерттин жүрүшүндө Гүлжигиттин 5 жаштагы Алмамбет аттуу күйөрманы гүл көтөрүп келип, ырчы менен «Москва» деген ырын бирге созду. «Алмамбетти «Москваны» ырдатып WhatsApp аркылуу мага жиберишиптир, угуп алып аябай күлдүм. Бул бала күндө концертиме келип жатат» деп ырчы кичинекей күйөрманына батасын берип узатты. Бул концертке конок катары Манас Алыкулов, Бактарбек Абдразаков келиптир.
Ошентип, Гүлжигит инимдин концерти 6 күнгө созулуп, күйөрмандарынын моокумун кандырды да койду. Анын баштан-аяк жандуу ырдаганына «5» деген баа берип үйгө кайттым.
Толик сынчы