Белгилүү орусиялык ырчы Чеченстандагы бир майрамга барганда аны Рамзан Кадыров торт менен бетке чапкан. Бул кызык окуя тууралуу Рамзан Кадыров инстаграм баракчасына жүктөдү. «Ассалому алейкум, урматтуу достор! Николай Басков бетке торт менен жегенден кийин эл аралык инстанцияларга барып, «банкетти кайталап койгулачы» деп суранып жүрөт» деп тамаша сөзүн жазган. Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров менен Николай Басков көп жылдан бери дос. Ырчы «Рамзан мырза менен достошконума сыймыктанам» деп дайыма айтып келет.