Якутиянын тургундары Голливуд актёру, 5 жолу «Оскар» сыйлыгына көрсөтүлүп, бактысы ачылбай келаткан Леонардо Ди Каприого өздөрүнүн «Оскарын» тапшырууну максат кылышууда. Ал үчүн Якутиянын айымдары күмүш тагынчак, сөйкөлөрүн зергерге өткөрүп башташты. «Эскиз азырынча жасалып жатат. Биз эми гана статуэткага каражат чогултуп баштадык. Буга 3 килограмм металл керектелет. Статуэтканы алтын менен күмүштөн эритип жасайбыз» дейт акциянын уюштуруучусу Татьяна Егорова.
Актёрго элдик «Оскарды» тапшыруу идеясы якут элинде мурун эле пайда болгон. Жакында чыккан «Аман калган» тасмасынан кийин ал идеяны ишке ашырууга киришишти. Леонун буга чейинки 5 «Оскардан» куру калганына күйөрмандары «киноакадемиктер адилетсиздик кылып жатышат» деп нааразы болушууда. Якутиялык «Оскар» сыртынан америкалык статуэткага окшош болгону менен, якут элинин философиясын камтыйт. Колунда кылыч эмес, якуттардын улуттук кымыз сактоочу буюму – чорон бар. Ал адамдын бактылуу жашоосунан кабар берет. Күйөрмандары учурда статуэтканы кантип АКШга жеткирүүнү ойлонуп жатышат.