«Алган колдон берген кол артык» демекчи, «Ак-Өргө city» командасы бул жылы жакшы жөрөлгө баштады. Дегенибиз, тамашоучу жигиттер кайрымдуулук максатында кароосуз калган балдарды балдар үйүнөн кинотеатрга алып келип, бекер кино көрсөтүп жатышат.
Кино көргөнү келген балдарга белек-бечкегин кошо берип кайра узаткан тамашоучу жигиттердин бири Самат Эркинбеков: «Башкалар балдарга таттууларды алып келе берип тойгузуп коюшкан экен. Биз аларды руханий жактан тойгузалы деп киного алып келдик. Балдарды өзүбүз алып келип кайра жеткирип коёбуз. Жолдон алар менен тамашалуу оюндарды ойногонго да жетишип жатабыз»,- дейт.