Акыркы кезде теледен уккулуктуу ырлары менен эл оозуна алынган ырчылар Ынак Осмоналиев менен Бекчоронун жүзүн көрбөй, ырларын радиолордон укпай калдык. Көрсө, дин жолун тандаган ырчы мырзалар толугу менен ырчылыкты таштап, чыгармаларын радиолордон алдырып салуу аракетин көрүп жүрүшкөн экен.
Ынак мырза бизге маек куруп: «Бул менин чыгармачылык тууралуу акыркы берген интервьюм. Жакында Индияга дааватка кетип жатам. Жолго чыгардан мурун радио-теледен клиптеримдин бардыгын алдырып кетем»,- деген. Ошондой эле бир убакта көз айнегин көзүнөн түшүрбөй ырдаган стилдүү ырчы Бекчоро да дин жолун бекем карманып, учурда ырларын, клиптерин радио-телевидениелерден алып салуу аракетин көрүп жүрөт.