Сөзү Анатай Өмүркановго, обону Сардарбек Жумалиевге таандык «Кетпейм сага жолукмайынча» деген ырды жаӊылап ырдап элге таанылган Сагыныч көптөн бери сахнадан көрүнбөй калган. Көрсө, ырчы жигит сүйүктүүсүнө үйлөнүп, жеке жашоосун түптөп жүргөн экен. Сагыныч мурунку «Импульс» тобунун ырчысы Мунара Турусбек кызына баш кошконун билдирди.
«Мунара менен музыкант досторум аркылуу таанышкам. 2 жыл сүйлөшүп, өткөн жылы жайында кыргыздын каада-салты менен баш коштук. Буюрса, заманбап тоюбуз күзүндө болот. Буга чейин бул жаӊылыкты таятамдын көзү өтүп кеткенине байланыштуу айтпай келгем. Ал киши мени багып чоӊойткондуктан ошол убакта айылдагы элдин сөзүнө калгым келген эмес»,- дейт ырчы жигит. Баш кошкон түгөйлөргө бакыт каалайбыз!