Кант диабетинин инсулинге көз каранды жана инсулинге көз каранды эмес түрү менен жапа чеккендердин баарынын тамагына өзгөчө көӊүл буруу керектелет. Анткени алардын бүтүндөй ден соолугу, ал тургай өмүрү ошол жеген тамак-аштарынан көз каранды. Бишкектеги Улуттук хирургиялык борбордун Өт жолдору жана уйку бези хирургиясы бөлүмүнүн жетекчиси Дүйшөмбү Сыргаевдин берген маалыматы боюнча кант диабетинде диета кармалып, тамактануусу окшош эле жүрөт.
ЖЕГЕНГЕ БОЛОТ
ЖЕГЕНГЕ БОЛБОЙТ
ТООК ЭТИНЕН СУЮК ТАМАК
Керектелүүчү азыктар:
Тоок эти – 600 грамм
Помидор – 400 грамм
Пияз – 1 даана
Өсүмдүк майы – 2 аш кашык
Сельдерей, петрушка – 4 талчадан
Кинза – 2 талча
Татымына жараша туз
Даярдоо ыкмасы:
1. Тооктун этин сууга бышырып аласыз. Көбүгүн алып турууну унутпаӊыз. Бышканда этти алып чыгып, сөөгүнөн ажыратып этин туурап даярдап коёсуз.
2. Помидорду кайнак сууга салып, сырткы кабыгын сыйрып, калганын майда төрт чарчы кылып туурайсыз. Пияз жарым шакекче, сельдерей, петрушка, кинза майда тууралат.
3. Көмөч казанга май куюп, пиязды кууруйсуз. Үстүнө помидорду кошуп 10 мүнөттөй кууруй түшөсүз.
4. Кайнап турган тоок шорпого куурулгандарды кошуп, тузду даамына жараша салып 7 мүнөт кайнатасыз. Анан тууралган этти салып 5 мүнөт кармайсыз.
5. Даяр тамакты чыгарып, майдаланган көк чөптөрдү кошуп 10 мүнөттөй тыныктырыӊыз. Андан соӊ идиштерге куя берсеӊиз болот.
СЫР МЕНЕН САЛАТ
Керектелүүчү азыктар:
Помидор – 1 даана
Алма (сырты жашыл) – 1 даана
Болгар калемпиринин жартысы
Грек жаӊгагы – 5-7 даана
Сыр – 150 грамм
Өсүмдүк майы – 1 чай кашык
Даярдоо ыкмасы:
1. Алма, болгар калемпирин жана помидорду узун ичке, ал эми сырды майда төрт чарчы кылып тууроо керек. Грек жаӊгагын чагып, талкалап аласыз.
2. Баарын бир идишке салып, үстүнө май кошуп аралаштырасыз.
3. Салатты идишке салып, чекелерин петрушка менен кооздоп коюӊуз, салат даяр.
ЭТ МЕНЕН ЖАСАЛГАН ПИРОГ
Керектелүүчү азыктар:
Фарш – 300 грамм
Пияз – 3 баш
Кара ун (ирик тартылган) – 1 стакан
Жумуртка – 2 даана
Өсүмдүк майы – 1 аш кашык
Айран – 1 стакан
Аш содасы – 0,5 чай кашык
Татымал (розмарин же тимьян) – 1 чымчым
Татымына жараша туз
Даярдоо ыкмасы:
1. Айранга жарым чай кашык аш содасын салып, 5 мүнөт коюп коюӊуз.
2. Көмөч казанга май куюп, пиязды кууруйсуз. Ага фаршты, тузду, татымалды кошуп бир аз кууруй түшөсүз.
3. Айранга унду, жумуртканы, тузду кошуп жакшылап аралаштырсаӊыз боткодой масса даяр болот. Эми электр мешинин табасын майлап, ботконун жарымын куюп аласыз. Үстүнө фаршты салып, калган камырды куюп 180 градуста 35-40 мүнөт бышырыӊыз. Бирок бышыруунун 20 мүнөтүндө электр мешинен алып чыгып, пирогдун ар кайсы жерин вилка менен сайгылап, кайра салып, толук бышкыча электр мешинде кармайсыз.
Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg