ДҮЙНӨДӨ ЭМНЕ КЕП?

Япония
ЖУМУШЧУЛАР ҮЧҮН ЖАЗДЫК ЧЫКТЫ
Дүйнөнү таӊ калтыруудан тажабаган Япониянын окумуштуулары жумушчулар үчүн атайын жаздык ойлоп чыгарышты. Бул жумшак оюнчук сымал жаздыктар белгилүү аниме жана видео оюндардын каармандарын чагылдырат. Алардын айтымында, аталган жаздыктар компьютер менен иштөөдө колдун муундарынын талуусун алдын алып, жумушчулардын көӊүлүн көтөргөнгө жардам берет. Мындай жаздыктар сатыкка чыгып, орточо баасы 47 АКШ долларын түзүүдө.

Гонконг, Испания
ЖЕККИ ЧАН МЕНЕН ЛИОНЕЛЬ МЕССИ ЖАӉЫ «ОЮНЧУКТУУ» БОЛУШТУ

Белгилүү актёр Жекки Чандын автоунаа менен учактарга кызыгары көпчүлүккө жаӊылык эмес. Чет элдик маалымат каражаттары билдиргендей, Жекки жакында акыркы үлгүдөгү бизнес-класс Embraer Legacy 500 жаӊы учагы менен уча баштайт. Актёр аны 20 миллион долларга сатып алган.
Ал эми дүйнөнүн мыкты футболчусу Лионель Месси 9-февралда Парижде өткөн аукциондо дүйнөдөгү эӊ кымбат унаалардын бири, 1957-жылы чыгарылган Ferrari S Spider Scaglietti`ни 32 миллион еврого сатып алды. Аталган унаа кезинде «Формула-1» жарыштарына түшүп, 1958-жылы жеӊишке да жетишкен. Бул Феррари аргентиналык футболчунун гаражындагы үчүнчү унаасы.

Италия
КҮЙӨӨСҮ ТАМАК ЖАСАГАНДЫ БИЛБЕГЕНИ ҮЧҮН АЯЛЫН СОТКО БЕРДИ

Италиянын Лацио провинциясынын жашоочусу өз аялы тамак жасаганды билбегендиги жана үйдү таза кармай албагандыгы үчүн сотко кайрылды. Күйөөсү 2 жылдан ашык убакыттан бери жубайы үй иштерин аткара албай жаткандыгынан кыйналганын маалымдаган. Аты жашыруун калтырылган 40 жаштагы аял эми 6 жылга чейин соттолушу мүмкүн. Күйөөсүнүн айтымында, ал өз уктоочу бөлмөсүнөн көчүп чыгып, антисанитардык шартта жашоого мажбур болгон. «Сатып келген азык-түлүктөрдү ыргытууга туура келет, анткени жубайым баары бир алардан тамак жасай албайт»,- деп кошумчалайт байкуш күйөө.

АКШ
САРА ИНГЛ АКШнын «ХАНБИЙКЕСИ»

Американын Иллинойс штатынын Сара Ингл аттуу 25 жаштагы тургуну жомоктогу ханбийкелердей көрүнүү үчүн миӊдеген доллар акча сарптайт. Таӊ калуунун кереги жок, болгону Сара майрамдык кечелерди уюштурган агенттиктин ээси.
«Princess Ever After» агенттигинде иштеген Сара сүйлөшкөн жигити менен бирге ханбийке жана ханзааданын ролун аткарып келишет. Алар кичинекей балдар үчүн уюштурулган кечелерге чыгып иштешет. Ал мындай имидж үчүн бир канча миӊ доллар кетерин жана «Дисней» жомокторунун каармандарын чагылдырган кийимдерди алууга 14 миӊ доллар коротконун айткан. Саранын мультфильмдеги ханбийкелерине куюп койгондой окшоштугу – бул анын көзүнүн чоӊдугу.

Австралия
АЛЬБИНОС ТАШ БАКА ТАБЫЛДЫ

Австралиянын Квинсленд штатынын жээгин тазалоо иштеринде волонтёрлор жаратылышта чанда гана кездешкен ак түстөгү таш баканы табышты. Альбинос таш баканы кадимки жашыл таш баканын 122 баласынын арасынан табышкан.
Аталган өлкөнүн Жаратылышты коргоо департаментинин доктору Кол Лимпустун айтымында, жаныбарлар арасында альбиностор сейрек кездешет. Мындай түстөгүлөр жүз миӊдин бирөөсү гана болушу мүмкүн. Ошондой эле альбинос жаныбарлар аркылуу бул өзгөчөлүктү тереӊ изилдөөгө болорун белгилейт.

Адилет Керимбек уулу
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (12)
beben
2016-02-15 10:47:16
Жеки менен Мессинин заманыго оооо
+8
elgiz0890
2016-02-15 12:57:25
Укмуш жанылыктарго айрыкча сотко берген макала
+11
Futuro
2016-02-15 15:25:15
Италиянын аялдары эч нерсе билбейт. Пиццерияда, ресторандарда, барларда эркектер иштейт. Ошондуктан Кыргыз, Украин, Албан, Мароккин, Орус, жб лар, Pulizia ( Уй тазалоо) кылып иштешет. Тан калбагыла, кошунасы менен урушуп кетсе деле сот менен адвокатка чуркашат.
+6
bazarkyl
2016-02-15 16:21:50
ДА акырындап Баарыбыз Италиянын кейпин кийет экенбиз. Өзгөчө аялдар таза карманбаса, жанына жолой албай калганго.
+4
tavanova.sarah
2016-02-15 17:54:52
Л.Месси м.н Ж.Чандын кризис аттуу м.н иши жокко))
+8
Seyitira8186
2016-02-16 08:43:26
Биз Кыргыздын аялдары жакшы экенбиз а.эркектерибиз акча таба алышпаса леле уйдо аял.кочодо эркек болуп журо беребиз.сотко бериш ойдода жок.балдарым деп жашап.иштеп акча таап дегендей
+4
tursunbaev2016
2016-02-17 13:15:07
Seyitira8186,Сотко берип корсон сенда эртен папулярная болуп кетесин Мискенбаевден кийин
-3
Zubi91
2016-02-16 13:37:46
Эки жыл жашаган эрине рахмат аялы менен жашаган
+1
omka100514
2016-02-17 13:09:31
Альбинос ташбака тан калтырды. Мен бир гана адамдар альбинос болот деп ойлогом
+1
Abdyrashit.Satylganov
2016-02-17 21:36:35
Европадагы өлкөлөрдө боло берет мындай окуялар. Ошол үчүн Европа. Өзбүздүн каады салттан өтөрү жок
+2
Kadyrbek09.10.2015
2016-02-20 02:03:34
Ана сага
0
Alinur
2016-02-20 07:39:42
Жакшы жанылыктар экен
+1
№ 693, 12-февраль-18-февраль, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан