ИТ ЖЫЛЫ ШОУ-БИЗНЕС АДАМДАРЫНА ЭМНЕ «БЕЛЕК» ТАРТУУЛАДЫ?

СЫЙЛЫКТАР, ГРАМОТАЛАР
Президентибиздин буйругу боюнча Айчүрөк Иманалиева, Алина Жетигенова, Асел Турдалиева, Дилшат Кангелдиева жана Ассоль Молдокматова Президенттин Ардак Грамотасына ээ болушса, Ибрагим Жунусов менен Курмангазы Азыкбаев Кыргыз Республикасынын Эл артисти наамына ээ болушту.

БЕШИК ТЕРМЕТКЕНДЕР
Ырчы айым Айчүрөк Иманалиева ит жылынын башында кыздуу болгон эле, азыр кызы Аэлитанын там-туң басканга даярданып, ата-энесин кубантып турган убагы.
«Күйдүргү» тобунун жетекчиси Жакут Сыдыков да Кутбайыр аттуу уулду ит жылында тапты.
Кыргыз эстрадасына аты таанылып калган жаш ырчы мырза Замир Арыкбаев кыздуу болду.
Жаш обончу жана ырчы Жаныш Момунов көптөн күткөн перзентин өткөн жылы көрүп, кубанычы койнуна батпай жүрөт.

ҮЙ БҮЛӨ КУРГАНДАР
Ырчы, жаш актёр Съездбек Искеналиев Жанна аттуу көптөн бери сүйлөшүп жүргөн сулуусу менен баш кошуп, бактылуу турмуш кечирип жатат.
Белгилүү тележурналист Эрнис Кыязов өзүнүн жүрөгүнөн түнөк тапкан Дарыгүл деген сүйгөнүнө жетип, берекелүү күз мезгилинде дүркүрөтө той берди.
Съездбек досун эле күтүп жүр­гөнбү, өзүнүн ди-джейлик өнөрү менен эле эмес, мыкты продюсер экендигин далилдеген учурдагы “21-кылым” радиосунун продюсери Тынчтыкбек Кожобеков да жыл жаңыраарда Наргиза аттуу бийкечке башын байлады.
“Замана” телеберүүсүнүн алып баруучулары Алмаз менен Зарина да өткөн жылы баш кошушту.
“Кыргызстан обондору” радиосунун мукам үндүү ди-джейи Назира Даниярова Улан аттуу жигит менен кол кармашты.
“Браво” телеберүүсүнүн алпаруучусу Нурзат Токтосунова да өткөн жылы Бакыт аттуу мырзага жүрөгүнүн ачкычын тапшырып, Кочкор элинин ыймандуу, кичипейил, сүймөнчүк келини болуп калды.

ОРТОЛОРУН КАРА МЫШЫК АРАЛАГАН ПРОДЮСЕР МЕНЕН ЫРЧЫЛАР
Жаш жылдыздардын сексуалдуу мырзасы Темир Назаров өзүнүн продюсери Канат Култаев менен кайсы бир себептерден улам иштешпей калды. Айта кетсек, алардын ортосундагы келишим беш жыл болчу.
“Кыргызстан обондору” радиосунун ди-джейи Арстанбек Абдыманов башында Нелянын продюсери болсо, кийинчерээк Неля продюсерин алмаштырды. Учурдагы Нелянын продюсери бир кездеги Арстанбектин кесиптеши Тынчтыкбек Кожобеков.
Ырчылардын кенжеси Ильяз Абдыразаков менен продюсери Мырза Айдаралиевдин да жолдору эки тарапка бөлүндү.

ТЕМИР ТУЛПАРЛУУ БОЛГОНДОР
Легендарлуу «Кыз Бурак» тобу өздөрүнө ит жылында машина белек кылышты. Башкача айтканда, атайын гостролдорго чыкканда кенен болуусун каалашып чоңураак машина сатып алышты.
Кыргыз элине эмгек сиңирген артист Шахра Талипова өзү­нүн кыялындагы «Мерседес 230» темир тулпарын сатып алды.
Куудул, ырчы Санжар Бердибеков «Ауди 100» маркасындагы машиналуу болду.
Сакадай бою сары алтын Кубик Калыков гостролдон түшкөн акчасын топтоп «Мерседес» машинасын алды.
Токтобүбү Черикчиева эжебизге жолдошу «Honda CR-V» маркасындагы машина белек кылды.
“Министрдин кызынын махабаты” фильмин ийгиликтүү тарткан Рустам Аташов «Мазда 323» маркасындагы машина сатып алды.
Бакыт Мамаев өткөн ит жылында «Ауди 100» машинасын өзүнө белек кылды.
Жаш ырчы, мыкты аранжировщиктердин бири Ильяз Абдыразаков жеке концертин ийигиликтүү бергенден кийин «Гольф 3» машиналуу болду.
Кыздардын жүрөгүнө чок салган ырчы Мирбек Иманбеков да ит жылында «БМВ» маркасындагы машиналуу болду.
Учурдун эң популярдуу эстрада ырчысы Султан Садыралиев бир жылдын ичинде эки жеке концертин берип, «Мазда 323» маркасындагы темир тулпар сатып алды.
Чырай жүздүү, жаш ырчы айым Бактыгүл Бадыева өзүнө куп жарашкан «Гольф 3» маркасындагы кызыл түс­тө­гү машина сатып алып, өзүн кубандырды.
Угармандарынын жүрөгүнөн өзүнүн жагымдуу ырлары менен орун алган Неля да сатып жиберген машинасынын ордуна башка машина сатып алды.
Өткөн жылдын «Супер ди-джейи», жеке ырчы Чыңгыз Мырзаев да жеке концертин ийгиликтүү берип, концерттен түшкөн акчага элден калбайын деп сатып алган «Гольф 3» машинасын зуулдатып айдап жүрөт.
Токтогулдун торгойу, жан эргиткен ырлардын ээси ырчы Сыймык Бейшекеев ит жылында эски машинасын «БМВ­нын» акыркы чыккан маркасына алмаштырды.
Эстраданын «мачосу» Урмат Усенов да «Аудисин» «Мицубисиге» алмаштырды.
Ийгилик жылоолоп «Үйбүлө­лүк лотодон» «Мерседес» утуп алган Кудайберген Кутуев анысын сатып жибергенге да үлгүрдү.
«Тунгуч» театрынын солисткасы Жылдыз Тутуева да ит жылында машиналуу болду.
«Аза Универсал» тобунун жетекчиси Мырза Айдаралиев да «Манастан Чубак кем бекен» деп жыл аяктаар мезгилде машина сатып алып, машиналуу болгон сахналаштарынын катарын толуктады.
«Уланып күлкү баяны, сахнада куудулдар жана аялы» фестивалында Гран-При «Аудини» Ты­нар Курбаналиев, «Мерседести» Борончу Кудайбергеновдор утуп алышты.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 218, 5-11-январь, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан