ЖАӉЫ КЫРГЫЗДАР

Учурда телеканалдарда күлкү күйөрмандарына ылайыктуу берүүлөр көп. Мына ошондой долбоорлордун бири – «Жаӊы кыргыздар» скетчкому десек жаӊылышпайбыз.

1 сезондо 20 серия
2013-жылы
тартылган
Продюсери – Эрмек Нурбаев
Режиссёру – Жоомарт Максатбеков, Эрмек Нурбаев

СКЕТЧКОМ ДЕГЕН ЭМНЕ?
Скетчком – бул кыска комедиялык сценалардан турган фильм. Англисче «Sketch comedy» («күлкүлүү сүрөттөө») сөзүнөн кыскартылып алынган. Скетчкомдун ар бир эпизоду бир нече мүнөткө созулуп, КВНде коюлуучу оюндарды элестетет. Батышта бул жанрга үлгү катары мистер Бин тууралуу популярдуу сериалды алсак болот.

КҮЛКҮ МЕНЕН ЭЛДИ ТАРБИЯЛАЙТ
Долбоордун максаты – элге мыкты маанай тартуулоо. «Жаӊы кыргыздар» деп аталып калышынын себебин күлкү жаратуучулар «учурдагы, азыркы кыргыздардын жашоосун чагылдырып бергибиз келген» дешет. Чынында эле аталган скетчкомдон арык, бою кичинекей күзөтчүлөр Саке менен Бокени, акчасы жок селсаяктар Жыкы менен Кыкыны, кылган жоругун кадимки көрүнүш деп эсептеп, кесибинен кыянаттык менен пайдаланган МАИ кызматкерлери Салта менен Жиканы кезиктирүүгө болот. Кино жаратуучулар скетчкомдон аталган каармандардын ролу аркылуу адамдар жашоодо кылган жоруктарын көрүп, күлкү аркылуу тарбия алышсын деген.

Долбоордун продюсери Эрмек Нурбаев: «ЖАӉЫ КЫРГЫЗДАРДЫН» УЛАНДЫСЫ ТАРТЫЛАТ»
– Аталган скетчкомдун биринчи сезонун куру энтузиазм менен эле тартып койгон элек. Буюрса, «Жаӊы кыргыздардын» экинчи сезонун тартабыз, ошондо биринчи сезонунда кетирген кемчиликтерди жоёбуз деген үмүттөмүн. Ар бир скетчте белгилүү типаждар бар. Бардык каарман өзүнчө уникалдуу, ар биринин «фишкасы» бар. Коомдо кадыресе болуп жаткан окуяларга алардын өзгөчө мамилеси менен мекендештерибиз жашоонун башка бир тарабын көрө алышат. Албетте, юмор аркылуу өзүн сырттан көргөн жаштар каткырып күлүп алгандан сырткары жакшы тарбия алышат деген ойдомун.
Долбоорду ишке ашырууда каржы маселесинде кыйынчылыктар болгон. Бирок бир-эки патриот байкелерибиздин жардамы менен каржы маселесин да чечип алдык.

Актан Рыскелдиев: «АЙРЫМДАР БОМЖ ДЕП БИЗГЕ ТЫЙЫН БЕРИП КОЮШЧУ»
– «Жаӊы кыргыздар» скетчкому тартылып баштаганда мен Ысык-Көлдө болчумун. Сентябрда Бишкекке келсем, бардык каармандарды тандап алышыптыр, «кайсы бош?» десем «бомждуку» дешти. Анткени бомждун образы баарынан оор болчу. Мас абалдагысын, ачка-ток мезгилин ойнойсуӊ, таштанды чукулайсыӊ, айтор, түйшүгү бир топ эле. Бир чети айла жоктон келген роль да. Бирок кичинекей кезде балдар менен бөтөлкө, алюминий, жез издеп таштанды чукулап эле жүрчүмүн, ошого ролума бат эле көнүп кеттим.
Көчөдөн көп тартылдык, кээде айрымдар «биз актёрбуз» дегенибизге болбой боору ооруп тыйын берип коюшчу. Тартуу иштери көбүнчө кышында болгондуктан, азыр эстесем аябай көп үшүп-тоӊуптурбуз. Мени эл азыркыга чейин бомж деп таанышат. Мен да тамашалап «азыр бутума туруп кеткем, бомждун күнү артта калды» деп коём. Анан да үйдөгүлөр, досторум «башка роль калбай калыптырбы?» деп жаман көрүп жүрүштү. Бирок ролум өзүмө жакчу.

Лунара Бекиева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
aizada15
2016-02-22 11:32:21
Бомждун ролун ойногондор сонун болгон
+5
aibek96aiba
2016-02-24 02:10:46
Эрмек байке сизге ийгилик жаны кыргыздар супер кутобуз силерди
0
aibek96aiba
2016-02-24 02:13:58
Эрмек байке эски кыргыздар деп да тартып коргуло да.
0
amanatym
2016-02-24 15:28:47
жакшы окшошпойт ушулардыкы
0
№ 694, 19-февраль-25-февраль, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан