ЖАРАЙТ CITY

Коомдогу терс көрүнүштөрдү юмор аркылуу жеткирип көрүүчү тапкан «Жарайт сити» долбоору кантип жаралган? Андагы кызыктар тууралуу кеп кылабыз.

1 сезондо 12 серия
2015-жылы
тартылган
Продюсери – Асхат Табалдиев
Режиссёру – Данияр Болотбеков

Асхат Табалдиев: «АКТЁРЛОР ГОНОРАР АЛЫШПАЙТ»
– Биздин мамлекетке позитив тартуулаган, заманбап жаӊы долбоор керек болчу. Данияр Болотбеков экөөбүз КВНден ийгилик жаратып келаткан балдарды чакырып «келгиле, жаӊы долбоор түзөлү, элди юмор менен сугаралы» деп «Жарайт сity» долбоорун жараттык. Бул ойдон чыгарылган шаарда ар түрдүү адамдар жашайт. Албетте, алардын ар биринин өзүнө жараша көйгөйлөрү да бар. Командадагы балдар бир гана роль жаратпастан, өзүлөрү сценарий жазып, свет коёт, оператор болушат. Баарын өзүбүз жасап үйрөнүп, күчтүү команда болуп, мындан да жакшы долбоор жасайлы деп иштеп жатабыз.
Башында биздин долбоорго ишенбегендер болгон. Бирок 3-4 көрсөтүүдөн кийин кызыккандар көбөйүп, миллиондогон көрүүчү топтодук. Бул долбоорду көрсөтүп коюусун суранып телеканалдарга барсам, айрымы «акча төлөгүлө» деп таӊ калтырышты. Актёрлор гонорар албай иштеп жатышса, аларга кайдагы акча? Негизи андай кылбаш керек, жаӊы таланттарды колдоп, чогуу иш алып барууга үйрөнүшүбүз зарыл.

Нурсултан Курсанали уулу: «МЕНИ 40 ЖАШТАГЫ КИШИ ДЕП ОЙЛОШОТ»
– Юмор жаатына университетте КВНде ойноп жүрүп аралаштым. Орусиянын «Comedy Баттл» добооруна барып жарым финалына чейин жеткем. Бир күнү Асхат менен Данияр «жаӊы долбоор түзүп жатабыз, силер тамаша жаза турган балдарсыӊар, жакшы да ойнойсуӊар, чогуу иштешели» деп сунушташканда биз макул болдук.
Мен аткарган милиция кызматкеринин образы тартуу аянтчасында жаралган. Мурут чаптап алып отурсам «кел, сен аткарып көрчү» деп калышты. Каткырып ойногонум баарына жагып, бул роль мага бекитилди. Кыргыздын харизмасын көрсөтүп, күлкү тартуулаган мындай байке көпчүлүк үй-бүлөдө бар деп ойлойм. Мени бул образда көргөндөрдүн көбү 40 жаштагы киши деп ойлошот экен. Бирок 22 жашта элемин.
Долбоордо роль жаратканыбыз үчүн гонорар албайбыз. Бирок «Жарайт сity» долбоорунун балдары» деп тойлорго чакырып калышат, ошол аркылуу акча табабыз.

Алинур Абдыкалыков: «МАИ КЫЗМАТКЕРИ МЕНЕН АЙТЫША КЕТКЕМ»
– Мен 6 жыл КВНде тамашаларды ойноп жүрүп бул долбоорго кошулуп калдым. Долбоордо милиция кызматкерин, баӊги, айылдык балдардын ролун аткарам. Асхат «буларды сенден башка эч ким аткара албайт» деп мага берип салган. Бул долбоордо агайдын ролун ойлоп тапканыбыз эӊ жакшы жаратмандыгыбыз болду окшойт. Ал баарыбызга күлкүлүү, элге да жагат. Тартуу аянтчасында көптөгөн кызыктарга туш болобуз. Бир жолу депутат менен мушташып жатканымды тартып жүргөнбүз. Экөөбүз жулкулдашып согушуп, кулап түшүп жатканыбызды көргөндөр аябай күлүшкөн эле, ошол эсимде калыптыр.
Көчөдө эл мени таанып калышты, айрымдары кол тамга сурап, сүрөткө түшүшөт. Кээде МАИ кызматкерлери менен аткарган ролум үчүн түшүнбөстүктөр болуп турат, алардын бири менен айтыша кеткемин.

Динара Абдыкадырова
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
"Жарайт сити" аркылуу өзүбүздү пиарлап, тойлорго чыгабыз"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (11)
bazarkyl
2016-02-22 11:04:40
Негизи эле жакшы долбоор. Мага жагат.
0
aizada15
2016-02-22 11:38:47
Кыргызча суйлошсо жакшы болот эле мага Айперинин аткаргандары жагат!
+1
tokitok
2016-02-22 13:15:53
айпери мурда корбопмун кыйын аткарат экен.айкол анча эмес
+1
dinar-87
2016-02-22 15:52:36
Эн жакшы азаматсынар мындан да жакшы долбоорлорду кутобуз силерден.
0
D.Uezalieva
2016-02-22 17:44:43
Азаматтар,силер менен сыймыктанам!
0
altynbek9191
2016-02-23 01:22:57
Ушул Материалды даярдаган журналист акыркы созго келгенде ачка болуп кеткен окшойт))))
+1
s5kgbal
2016-02-23 12:22:11
мыкы раздражает меня!!! (
вообще жакпайт
0
jama9210
2016-02-24 01:29:51
Каныш молодец! Удачи тебе!
0
InsanKg
2016-02-25 22:53:30
Ушул долбоорду тарткан режиссер бала Данияр Болотбековдун омуру кыргызча суйлогонун коргон эмесмин. Балким кыргызчаны жакшы билбейттир. Ошол себептен дагы орусча тарттыбы деген ой кетет
0
jama9210
2016-02-26 01:47:51
Каныш орусча оскон бала. Бул долбоорду тарткан балдар и тартылган балдар орус чалыштар)))
0
ZANIA-92
2016-02-28 00:56:55
Кыргызча кобуроок суйлоп тартылгылачы сураныч.
0
№ 694, 19-февраль-25-февраль, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан