«Мен террорчуларга жана педофилдерге карата өлүм жазасынын киргизилишин колдойм. Президент катары өз баласын зордуктаган аталарды, педофилдерди таш бараӊга алган адамдарды кечирүүгө колумдан келгенин кылмакмын. Варвардык ыкмага чакырганым үчүн кечирим сурайм. Мындай окуяда гумандуу болуштун кереги жок, баланын укугу баарынан жогору турат». 2015-жылды жыйынтыктап жатып ажобуз жылдык маалымат жыйынын өткөргөндө так ушундай оюн билдирген эле. Акыркы учурларда жаш балдарга карата зордук-зомбулуктун көбөйүп жатышынан улам бул маселе көтөрүлгөн.
КАТААЛ ЖАЗА КАЧАН ИШКЕ АШАТ?
Бул тууралуу ажобуздан тышкары көптөгөн депутаттар, бейөкмөт уюмдар маселе көтөрүшүп, балдарга зомбулук көрсөткөндөргө катаал жаза берилсе мындай көрүнүш азаярын айтып чыгышкан. Эскерте кетсек, 2015-жылдын 20-ноябрында Жогорку Кеӊештеги «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын жыйынында өлкөдөгү өспүрүмдөргө карата зордук-зомбулук боюнча укук коргоо органдарынын жана башка мекемелердин, өкмөттүк, бейөкмөт уюмдардын маалыматтары угулган. Жыйынтыгында өспүрүмдөргө карата зордук-зомбулуктардын алдын алуу, токтотуу жаатындагы тараптардын сунуш-пикирлерин топтоп, алардын негизинде депутат Тынчтык Шайназаров ар кайсы уюмдар менен биргеликте мыйзам долбоорун иштеп чыгуу боюнча чечим кабыл алынган. Биз ал иштин жыйынтыгын билүү максатында эл өкүлүнө кайрылганыбызда, жардамчысы мыйзам долбоорун иштеп чыгуу боюнча иш-аракеттер жүрүп жаткандыгын маалымдады. Кыскасын айтканда, азырынча эч кандай майнап чыга элек, балдарга болгон кордук дагы деле уланууда...
«2 ЖАШТАГЫ БАЛА УР-ТОКМОКТОН УЛАМ КАЗА ТАПКАН»
Өткөн аптада кайын сиӊдисинин 2 жаштагы уулун сабап өлтүрүүгө шектелип 4 баланын энеси кармалды. Бул окуя жергиликтүү тургундардын жүрөгүнүн үшүн алып, жакасын карматып турган кез. Жогорудагы кандуу окуя тууралуу Нарын ОИИБинин тергөөчүсү Азат
Белеков айтып берди:
– 11-февраль күнү кечки саат 8:30 чамасында Нарын облусунун Учкун айылында 2 жаштагы бала ур-токмоктон улам каза болгондугу тууралуу маалыматты аталган айылдын үй-бүлөлүк дарыгерлер бөлүмүнүн дарыгери Замира Базарбаева милиция кызматкерлерине билдирген. Ыкчам иликтөө тобу окуя болгон жерге барып, иликтөө иштеринин натыйжасында наристе киши колдуу болуп каза тапкандыгы билинген. Жыйынтыгында бул кылмышка шектелип 33 жаштагы Эрмек аттуу аял кармалган. Анын үстүнөн Кылмыш жана жаза кодексинин 97-беренеси (киши өлтүрүү) менен кылмыш иши козголуп, ал тергөө иштери бүткүчө 2 айга камакка алынды. Бүгүнкү күндө баланын апасы жеӊесинин үстүнөн арыз жазган. Мындан тышкары соттук-медициналык экспертиза дайындалган, ошонун жыйынтыгын күтүүдөбүз.
«БАЛАНЫ СИЙИП-ЧЫЧКАНЫ, ТЫНБАЙ ЫЙЛАГАНЫ ҮЧҮН САБАДЫМ»
Ал эми кылмышка шектүү Эрмек сурак учурунда бул ишке эмне себептен баргандыгын төмөнкүчө түшүндүргөн:
– Өзүмдүн 1, 3, 6 жана 8 жаштагы 4 балам бар. Күйөөм каза болуп калган. Кайын сиӊдим Нургүл 2016-жылдын 5-январында 2 жаштагы баласын убактылуу мага калтырып
кеткен. Баласы сийип-чычып, токтобой ызылдап ыйлай бергенинен жиним келип, 8-9-февраль күндөрү сабап койгом. Ачуум менен аны күл чыгарган көсөө менен чаап, башы менен пол сүздүргөн элем. Алган жаракаттарынан улам каза болуп калды. Аны айылдык дарыгерге билдирдим. Кылган күнөөмдү толугу менен моюнума алам.
«ЭМЧЕКТЕН ЧЫГАРЫП БЕРИӉИЗ» ДЕП БАЛАМДЫ ЖЕӉЕМЕ ТАШТАГАМ»
Ал эми кара чечекей уулун жоготкон 37 жаштагы Нургүл төмөнкүдөй көрсөтмө берген:
– Күйөөм менен таарыныша кетип, 2 жаштагы уулумду алып Ак-Талаа районундагы Баетов айылына ата-энемдин үйүнө келгем. Балам эмчекте болгондугуна байланыштуу «эмчектен чыгарып бериӊиз» деп жеӊемдикине убактылуу таштап, өзүм Бишкек шаарына жумуш издеп кеткен болчумун. Жеӊем жана балам менен телефон аркылуу сүйлөшүп турчумун. Көп узабай туугандарым бул суук кабарды угузушту.
«1 ЖАШ 2 АЙЛЫК БАЛАСЫН ӨЗ ЭНЕСИ МУУНТУП ӨЛТҮРГҮСҮ КЕЛГЕН»
Андан көп узабай, тагыраагы, 14-февраль күнү саат 9:00 чамасында Ош шаарынын Бөрүбаев көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн жанынан кичинекей бала тынбай ыйлап жатканын байкашкан жергиликтүү тургундар милиция кызматкерлерине кабарлашкан. Көчөдө кароосуз калган наристенин энеси табылбай, аны саат 10:00 чамасында милиция кызматкерлери алып кетишкен. Ошол эле күнү ал тиешелүү кызматтын кызматкерлерине өткөрүлүп берилген. Наристенин кийими жука жана каралбаган абалда болгон. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын өкүлү Замир Сыдыков буларды билдирди:
– 1 жаш 2 айлык наристени дарыгерлер медициналык кароодон өткөрүшүп, моюнунда муунтуудан калган көк ала тактар жана денесинде ар түрдүү жаракаттар бар экенин аныкташкан. Бир күндөн кийин милицияга баланын энеси «баламды кайра алайын» деп кайрылган. Сурак учурунда 22 жаштагы келин баласын көчөгө атайын таштаганын айткан, андан сырткары ал уулун муунтуп өлтүрүүгө аракеттенгенин моюнуна алган. Ал жокчулуктун айынан уулун бага албай, өлтүрүүгө аракеттенип, өлбөй калганда боору ооруп кайра көчөгө таштаганын айтууда.
Белгилүү болгондой, үй-бүлө буга чейин Кара-Сууда жашап келген. Наристенин атасы бир ай мурун Бишкекке иштейм деп кеткен бойдон байланышка чыккан эмес. Кылмышка шектүү күйөөсүнө «иште» деп айтканы үчүн ур-токмокко алынып, тамак-ашка жетпей ачка калгандарын кошумчалаган. Айласы кеткенде ал өзү картошка эгип, аны саталы деп жолдошуна айтканында дагы укпай койгон экен. Аргасыздан келин энесинин үйүнө кайтып келип, бирок ал жакта батына албай, баласын «ачка калгыча жашабай эле кой!» деген ой менен өлтүрүүгө аракеттенгенин айтты. Бул факт боюнча «адам өлтүрүүгө аракет кылуу» беренеси менен кылмыш иши козголду. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга камакка алынып, иликтөө иштери жүрүүдө.
Балдарга болгон зомбулукту азайтууну эӊ биринчи ата-эненин жоопкерчилигин күчөтүү менен баштасак. Ал үчүн мамлекет «гумандуулугун» токтотуп, кордукка кабылган балдардын ата-энесине жана башкаларга катаал жаза берилиши керек. Ал эми өкмөт тез аранын ичинде балдарды коргоонун эффективдүү жолун табууга милдеттүү.
Маалымат үчүн
КРнын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаевдин маалыматына ылайык, 2012-жылы жаш балдарга карата кордук көрсөтүүнүн саны 1345ти түзсө, 2013-жылы 1045, 2014-жылы 909, 2015-жылы 700дү түзгөн. Алардын басымдуу бөлүгү өз ата-энеси же туугандары тарабынан жапа чеккендер.
Асхат Субанбеков
koom@super.kg