МӨӉГҮЛӨРДҮН ЭРИШИ – ЖАЛПЫ ДҮЙНӨЛҮК КӨЙГӨЙ

Биздин жана чет элдик илимпоздор климаттын өзгөрүшүнөн дүйнөдөгү мөӊгүлөр тез эрип жатканын белгилешүүдө. Цюрих университетинин Дүйнөлүк мөӊгүлөргө байкоо жүргүзүү кызматынын адистери да аны тастыктап жатышат.
Алар Жер шарындагы жүздөгөн мөӊгүлөрдүн акыркы он жыл ичиндеги абалын спутниктен алынган жана башка байкоолорду анализдеп салыштыруудан ушундай жыйынтык алышкан.
Мөӊгүлөрдүн эриши тууралуу илимий маалымат адистештирилген «The Journal of Glaciology» («Гляциология журналы») басылмасына жарыяланды. Отчётто изилденген мөӊгүлөрдүн деӊгээли жылына орточо жарым метрден бир метрге чейин кыскарып, өткөн кылымдагы көрсөткүчтөн эки эсеге жогорулаганы кабарланат.
Температура жогорулабай турган калыбында сакталган күндө да мөӊгүлөр эрип, кыскарышын токтотпосун илимпоздор баса белгилешет. Изилдөөчүлөрдүн маалыматы боюнча, акыркы 3 жылда тез эрүүнүн ылдамдыгы токтогон жок. Андан сырткары 1998-жылкы рекорддук көрсөткүчтөр акыркы 10 жылдыкта эселеп жогорулаган.
Эксперттердин статистикасына ылайык, Перудагы мөӊгү катмарынын 40 пайызы жок болгон. Гляциологдор ал тагдыр Кавказдын мөӊгүлөрүн 2050-жылы күтүп турат дешет. Женева университетинин климатологдору болсо Жердеги орточо температура дагы 1-2 градуска көтөрүлсө, Швейцариядагы мөӊгүлөрдүн 50 пайызы эрип жок болорун «Tribune de Geneve» («Женева трибунасы») басылмасындагы макалада жазышты. Илимпоздор бул процесс, тилекке каршы, Батыш Европадагы тоо кыркаларында жайкы суу тартыштыгын жаратат дешүүдө. Ал өз кезегинде Альпы тоолорунун экосистемасын өзгөртмөкчү. Мөӊгү тоо этегинде жайгашкан өсүмдүктөр катмары өйдөгө «тырмышып», ал эми жогору жайгашкан түркүн чөптөр алардын «кысымынан» жок болушу мүмкүн.
Кыргызстандык адистер чет элдик кесиптештери айткандарды жакындан билишет. Анткени жалпы дүйнөлүк көйгөйгө айланган түбөлүк тоӊ турган муздун эриши өлкөбүздө да жүрүп жатат. Тилекке каршы, Жер шарындагы климаттын өзгөрүшүнөн качып кутулуу мүмкүн эмес. Ага бир нече киши колдуу жана табигый себептер бар.
– Учурда республикада 6,5 миӊ мөӊгү бар. СССР учурунда 8 миӊден ашуун деп эсептелген. 20 жылда мөӊгүлөрдүн 15-17 пайызы жок болду,- деп Кыргызстандагы Климаттын өзгөрүүсү боюнча борбордун директорунун орун басары Шамил Ильясов билдирет. Глетчерлер тагдыры боюнча божомолдор, тилекке каршы, начар,- деп кошумчалайт.
Токтобостон эрип баратат. Анын негизги себеби планетадагы климаттын өзгөрүүсү, бирок эч кандай өндүрүштүк аракеттер, анын ичинде «Кумтөрдү» иштетүү эмес. Андай пикирди кармангандардын экологиядан түшүнүгү алыстыгын аныктайт.
– Алтын өндүрүүнү тыйып койсок да мөӊгүлөрдү сактап калбайбыз. Демек, «Кумтөрдү» болбогон жерден жоготуп, кошумча инвестиция тартуудан да куру калабыз. Аны менен бирге мамказынага түшө турган орчундуу акчадан жана кирешебизден айрылабыз,- деп Ильясов пикирин айтты.
Көз карандысыз эколог, профессор Эмил Шүкүрөв «Кумтөр» Давыдов мөӊгүсүн жок кылып жатат» деген пикирди суу кечпейт деген ойдо.
– Мөӊгүлөр бүт жерде эрип жатат. Анын бир катар себептери бар. Алардын бири – глетчерлердин чаӊдашы. Арал деӊизи соолуп калды, түбүнөн болсо эбегейсиз массадагы туз бууланып сапырылып жатат. Ал туз Тянь-Шандын мөӊгүлөрүнө конуп, эришин тездетүүдө,- деген түшүндүрмө берди Шүкүров.
Көз карандысыз эксперттин пикириндеги дагы бир маанилүү фактор – токойлор аянтынын кескин кыскарышы.
– Өсүмдүк катмары кыйылып, аёосуз жок кылынып жатат. Ал эми дарактардын калган бөлүгү жетишерлик ным тартып сактабайт. Дал ошол ным топтолуп, мөӊгүлөргө конуп музга айланат. Суу боюндагы бадалдар жоголуп, мөмө-жаӊгак дарактары абдан начар абалга келди. Саны болуп көрбөгөндөй кыскарды. Ушундай эле көрүнүш карагай токойлорунда да бар,- деп эксперт кейиштүү тыянагын айтат.
Эмил Шүкүровдун айтымында, эгерде биз азыр тез арада тоолордогу өсүмдүк катмарларын калыпка келтирбесек, мындан ары глобалдык жылуулануу болсо да, болбосо да мөӊгүлөр эришин токтотпойт. Өсүмдүк катмарларын бузуу менен биз экологияны талкалап жатабыз.
– Биз токойлорду калыпка келтирип, экологиянын начарлашына канадалыктарды күнөөлөөнү токтотушубуз керек. Табигый ресурстарга мамилебизди, ниетибизди тууралоо мезгили жетти. Жаратылышка болгон алдым-жуттум мамилени өзгөртүүбүз абзел,- деп Эмил Шүкүров насаатын жыйынтыктады.

Айжан Ногойбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
beben
2016-02-22 12:35:23
Жаратылышты баландай суй.
+3
Nasyrkg
2016-02-22 12:39:40
Муну менен кумторду калкалагым келет дебейсинби дуйнолук потепленияга шылтоолоп кумторду дагы анырайта казгыла монгунун устуно токкуло
-3
aizesha
2016-02-24 20:29:30
Мамказынага кайсы акчаны салып кыйратып жатасынар?
0
marik10
2016-02-25 18:35:41
aizesha,казынага тушкон акча жеке силерге тийип корунбойт. ал биздин пенсионерлердин толомдору жана башка кичи бюджеттерден билинет, кумтордуон тушуучу киреше 18 жылдын аягына чейин пландаштырылган
0
№ 694, 19-февраль-25-февраль, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан