ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРЫНАН СУРАЛА ТУРГАН СУРООЛОР

Бул макала жогорку окуу жайларына тапшыруу учурунда келип чыккан суроолорду жана мүмкүнчүлүктөрдү аныктоого багытталган «Жогорку билимге сереп» аттуу макалалар жыйнагынын бөлүгү. Аталган жыйнак 2016-жылдын сентябрь айында баштала турган окуу жылына абитуриенттерден алгачкы жолу билдирмелерди (заявка) кабыл алып жаткан Борбордук Азия университети (БАУ) тарабынан даярдалган.

Жогорку окуу жайын тандоо – ар бир бүтүрүүчүнүн турмушундагы абдан маанилүү нерселердин бири. Жогорку окуу жайын туура тандоо – мансап жана билим жаатында чоӊ бийиктиктерге жеткирет, ошондуктан өз келечегиӊ үчүн эӊ мыкты окуу жайын тандоо зарыл. Сага эмнелер маанилүү, ошол тууралуу чечим кабыл алуу тийиш. Алдын ала кам көрүү пайдасын тийгизет.
Бул жолу тапшыра турган ар бир жогорку окуу жайынан сурала турган суроолордун кээ бирин назарыӊа сунуштайбыз.

УНИВЕРСИТЕТТИ БҮТҮРГӨНДӨН КИЙИН ЖУМУШ ТАБА АЛАМБЫ?
Көп учурда университеттер студенттерди окууну аяктагандан кийинки иштей турган кесипке даярдабайт. Окуу учурунда студенттик уюмдар, илимий изилдөөлөр жана жайкы практика аркылуу иш тажрыйбасын камсыз кылган окуу жайын тандооӊ тийиш. Борбордук Азия университетинде окуу мөөнөтү боюнча жайкы практикаларга катышуу мүмкүнчүлүгү берилет. Окууӊдун аягында болжол менен бир жылдык иш тажрыйбасына ээ болосуӊ, мындай жагдай башка жогорку окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрүнө салыштырмалуу сенин артыкчылыгыӊды камсыз кылат.

ОКУУ ПРОГРАММАСЫ ДҮЙНӨЛҮК ДЕӉГЭЭЛДЕГИ УНИВЕРСИТЕТТЕР МЕНЕН БИРГЕЛИКТЕ ИШТЕЛИП ЧЫККАНБЫ?
Албетте, дүйнөлүк стандарттарга жооп берген, ошол эле учурда өз мамлекетиӊдеги же коомуӊдагы кырдаалга шайкеш келген окуу программасын сунуштаган университетке тапшырганыӊ туура болот. БАУнун окуу программасы Борбордук Азиянын маӊызына ылайык мүнөздө, дүйнөдөгү алдыӊкы университеттер менен биргеликте иштелип чыккан.

ЭМНЕЛЕРДИ ҮЙРӨНӨМ?
Сен тандаган негизги адистик сага ылайык болуусу тийиш. Окуу багыты сени кызыктыргандыгы же келечекте иш табуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуусу тууралуу ой жүгүртүүӊ зарыл. «Компьютер илими» же «Жер жана айлана-чөйрө илими» сыяктуу адистиктер боюнча БАУда сунушталган окуу программалары стратегиялык мааниге ээ.

САБАКТАР КАНДАЙ ӨТҮЛӨТ?
Кээ бир университеттер практикага караганда теорияга көбүрөөк көӊүл бурат. Практикага негизделген окуу программасы абдан маанилүү, анткени ал студенттерди кийинки турмушунда керектүү шык менен да камсыз кылат. Үйрөнүүгө багытталган долбоорлор, чыныгы кырдаалдарга негизделген окутуу ыкмалары жана практикалык иш сыяктуу демилгелерге көӊүл буруу зарыл. Аталган ыкмалар БАУда негизги ролду ойнойт.

МАГА КИМДЕР САБАК ӨТӨТ?
Билим алуу жаатында мугалимдер маанилүү орун ээлейт. Алардын жогорку квалификациясы жана сенин ийгиликке жетишүүӊө колдоо көрсөтүүсү – негизги көрсөткүчтөрдүн бири. Мугалимдердин атайын билимин жана илимий кызыкчылыктарын карап көр, сен күткөн нерселер менен айкалышат бекен? PhD даражасына ээ мугалимдер студенттерди натыйжалуу окутууга жана алардын шыгын толугу менен ачууга багытталган тиешелүү окууга катышып даярдык көргөн. БАУда профессордук-окутуучулук курамдын 90 пайызы PhD даражасына ээ жана сени окутууга эмгегин толугу менен жумшайт.

МУГАЛИМДЕР МЕНЕН МАМИЛЕМ КАНДАЙ БОЛОТ?
Кандай гана жогорку окуу жайы болбосун студенттер менен мугалимдердин санынын катнашы төмөн болгону ырас. Ири университеттерде мугалимдер көптөгөн студенттерге чоӊ аудиторияларда лекция өтүп, аларды жакындан тааныбайт. Аз сандагы студенттер үчүн чакан аудиторияларда, студенттердин ар бирине көӊүл бурган дасыккан мугалим тарабынан сабак өтүү – дээрлик пайдалуу экендиги изилдөөлөрдүн негизинде далилденген. Андан тышкары мугалимдерди жакындан таануу, алардан кесипке жана окууга байланыштуу кеӊештерди алуу, ошондой эле рекомендациялык кат алууда да жакшы таасирин тийгизет. БАУ студенттер менен мугалимдердин санынын катнашы (9 студентке 1 мугалим) аз болгондугу менен сыймыктанат.

ОКУТУУ АНГЛИС ТИЛИНДЕБИ?
Глобалдашуу процессин эске алганда англис тилин билүү эл аралык деӊгээлге чыгууга жол ачат. Бирок жөн гана англис тил курстарына баруу менен англис тилинде окуу чөйрөсүнө чөмүлүү ортосунда чоӊ айырмачылык бар. Англис тил курстары сөз байлыгы жана грамматика боюнча пайдалуу болсо, англис тили гана колдонулган чөйрөдө окуу тилди мыкты өздөштүрүүгө шарт түзөт. Бул айырмачылыкты университетке тапшырардан мурун аныктоо дурус. БАУ сунуштаган англис тилине жана кампус шарттарына негизделген окуу чөйрөсү тил үйрөнүү боюнча эӊ жогорку талаптарга жооп берет.
Окуу каражаттары, окуу акысы, кампустар жайгашкан шаарлар, студенттик жашоо жана жатаканалар тууралуу кошумча маалыматтар да ошондой эле мааниге ээ.
Булар боюнча суроолорго www.ucentralasia.org/admissions сайты, admissions@ucentralasia.org электрондук дареги же +996 312 663 822 телефондору аркылуу Борбордук Азия университетинен жооп алсаӊ болот.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 694, 19-февраль-25-февраль, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан