ЗАМАНБАП СӨЗДҮК

КҮНҮМДҮК ТУРМУШТА
Дакфейс (duckface)
– англис тилинен которгондо «өрдөктүкүндөй бет» деген түшүнүктү берет. Көбүнчө интернет колдонуучулары арасында, өзгөчө кыздар арасында сүрөткө түшүүнүн кеӊири таралган бир түрү. Сүрөткө түшүү үчүн болгону оозуӊузду өрдөктүкүндөй кылып чормойтуп алсаӊыз болду. Кызыгы, эч кимге зыяны жок кыздардын бул кылыгына каршы чыгышып, «Антидакфейс» деген кыймыл да уюштурулган. Бул кыймылдын өкүлдөрү «дакфейс – адамдын кыжырын кайнаткан мааниси жок нерсе. Анын үстүнө кыздар минтип сүрөткө түшкөндө канчалык жаман көрүнөрүн түшүнүшпөйт» деген ойду айтышат. Бирок дакфейс жаштар арасында күн өткөн сайын популярдуу болуп бара жатат.

МОДА
Бардотка
– бюстгальтерге окшогон кофта. Бул кийимди 1950-жылдары атагы таш жарган француз актрисасы Бриджит Бардо алгачкылардан болуп эл алдына кийип чыккан. Бирок Бриджиттин мындай кылыгы коомчулукка жакпай, анын дарегине ар кандай терс пикирлер айтылган. Мындан улам аталган кофта кеӊири таралган эмес. Кийинчерээк 1998-жылы бул кофта модага кирип, элге кеӊири жайыла баштаган. Ал эми бардотка деген аталыш 2000-жылдардын башында ыйгарылган. Ага чейин көпчүлүк муну бюстгальтер катары эле кабыл алышкан.

ЖАӉЫ ТЕХНОЛОГИЯДА
Снэпчат (Snapchat) – англис тилинен которгондо «snap» – «заматта түшүрүлгөн сүрөт» дегенди билдирет. iOS, Android платформасындагы уюлдук телефондор үчүн ылайыкталган программа. Ал аркылуу билдирүүӊүзгө тиркеп сүрөт, видео жибере аласыз (WhatsApp программасы сыяктуу эле). Снэпчаттын жаратуучулары Эван Шпигель, Бобби Мерфи жана Френк Браун аттуу АКШнын жарандары. Алар аталган программаны 2011-жылы Стэнфорд университетинде окуп жүргөндө ойлоп табышкан. Алгач снэпчат ошол окуу жайдын студенттеринин арасында популярдуу болуп, кийин бүткүл Америкага тараган. Азыр болсо бул программа дүйнө жүзүнө жайылган учуру.

Нуркыз Курманбек кызы
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Abdyrashit.Satylganov
2016-03-01 02:40:13
Бардотка менен Бюстьенин кандай айрымасы бар. Ким билет?
0
№ 694, 19-февраль-25-февраль, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан