16-февралда Бишкек шаарындагы Бакен Кыдыкеева атындагы Жаштар театрында өрт чыгып, 50 чарчы метр аянт күйүп кетти. Театрдын жетекчиси Эгемберди Чалабаев окуя тууралуу төмөнкүлөрдү билдирди:
-Бул театр 1951-жылы курулган. Ишке берилгенден бери бир да жолу толук кандуу оӊдолуп-түзөлгөн эмес. Тилсиз жоо зым өткөргүчтөрдүн эскилиги жеткендиктен чыккан. Өрт костюмдарды сактаган бөлмөдөн тутангандыктан кийимдердин бир тобу күйүп кетти. «Бир уйдун мүйүзү сынса, миӊ уйдун мүйүзү зыркырайт» демекчи, азыр башка театрдын кызматкерлери костюмдары менен бөлүшүп жатышат. Спектаклдер үзгүлтүккө учураган жок.