ЮРИСТ КЕӉЕШ БЕРЕТ

Суроолорго «Арстанов и Ко» компаниясынын юристи Айнура Мамашова жооп берет.

«БАЛДАРГА ЖӨЛӨКПУЛ АЛЫШ ҮЧҮН ҮЙ КИТЕПЧЕСИ КЕРЕКПИ?»
– Баламдын үйү жок, 4 неберем менен ар кайсы жерде көчүп жашашат. Келиним балдар менен үйдө, уулум да иштебейт. Учурда Бишкек шаарындагы Эне-Сай жаӊы конушунда батирде турушат. Төрт баланын улуусу 4-класс, кичүүсү 2 жашта. Ошол 4 балага жөлөкпул чыгартып алалы деп чуркап жүрүп эстери ооду. Баланча деген документ даярдагыла дешкенинен 7-8 документ даярдаганбыз, эми чыгарат экен десек, «үй китепчеси жок экен» дейт. Үйү жок болсо кайдагы китепче?! Союз убагында тартип деген укмуш эле, азыр чаржайыт, ар ким колунан келгенин кылып, оозуна келгенди сүйлөп жатат.

Сейил, Бишкек

– Өзүн өзү каржылай албаган үй-бүлөнүн 18 жашка чыга элек балдары жөлөкпул алуу укугуна ээ. Ал үчүн үй китепченин кереги жок, убактылуу жашаган жерден алынган маалымдама жетиштүү.

«АДВОКАТТЫН ҮСТҮНӨН АРЫЗДАНА АЛБАЙМБЫ?»
– Айылда чакан дүкөнүм бар. Азык-түлүк, күнүмдүк керектелүүчү буюмдарды сатып оокат кылам. Бир күнү дүкөнгө уурулар кирип, 35 000 сомдук товарды уурдап кетиптир. Милиция кызматкерлери аларды кармашкан. Өзүбүздүн айылдын эле балдары экен. Алар адвокат жалдап алышыптыр. Ал келип «эже, 10 000 сом берели, тосмо арыз жазыӊыз» дегенинен, «макул эми, биздин айылдын эле балдары турбайбы, тосмо арыз жазса жазып берейин, жок дегенде 20 000 сом бергиле» деп болбой койдум. Эми болсо ошол адвокат «бир сом да бербейбиз, билгениӊди кылып ал, каалаган жериӊе барып даттан» деп опузалап жатат. Тиешелүү жерлерден кеӊеш алсам, «адвокаттардын кол тийбестиги бар, сотко бере албайсыз» дейт. Ушул чынбы?

Таалайкан, Кочкор району

– Уурулукка шектелип кармалган балдар 16 жаштан ашса кылмыш жообуна тартылышы керек. 20 000 сомдон ашса олуттуу өлчөмдөгү зыян келтирилген болуп саналат. Уурдалган товардын акчасын, моралдык, материалдык чыгымды төлөп берсе гана иш кыскартылат. Эгер 16 жашка чыга элек балдар болсо кылмыш иши козголбойт, бирок ата-энелери чыгымды төлөп бериши керек. Жабырлануучу юридикалык жардам алып туруп, адвокаттын үстүнөн адвокаттардын уюмуна кайрылып арызданса болот. Ошол жерден чара көрүлөт. Анын каршы тараптар менен сүйлөшүүгө укугу жок.

«КУРТТАГАН МИСТЕНИ КАЙТАРА АЛБАЙ ЖАТАМ»
– Чакан дүкөн иштетем. Килограммы 720 сомдон деп мисте сатып келгенинен 10 килограмм алгам. Мурун да бул ишканадан алып жүрчүмүн. Алып жатканда ар биринин ичин ачып карабайбыз да. Бир кардарым «ичинин баары курт экен» деп көтөрүп келди. Карасам чын эле ошондой экен. Таркатуучунун номерине чалсам, «шефиме айтайын, макул болсо алмаштырып берем» деген. Кийин чалсам телефонун албайт. Жазылган дарек боюнча издеп барсам, ишканага киргизбей коюшту. Кантип акчамды кайтарып алам?

Атыркүл, Бишкек

– Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо боюнча мыйзамда товар жакпай калса же сапатсыз болсо акчасын кайтарып алуу укугу бар. Алгач курттап кеткен мистенин акчасын бербей жатат деп Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигине кайрылыӊыз. Эгер ал тарап жардам бере албайбыз десе, аны кагаз жүзүндө жазып бериши керек, ошол кагаз менен сотко кайрылып, укугуӊузду коргой аласыз.

«ПЕНСИЯ ЖАШЫНДАГЫЛАР ЖУМУШ ОРДУН БОШОТПОЙ ЖАТЫШАТ»
– Биз Таластагы Кайыӊды айыл өкмөтүнө караштуу Арал айылында жашайбыз. Эки келиним бар, биринин 2, экинчисинин 4 баласы бар. Бир аз болсо да акча таап иштеп, пенсияга чыгуу үчүн мектепке пол жуугуч болуп орношолу дешкен. Ал жерде орун жок экен. 10 пол жуугучтун тогузу пенсионерлер. Мен мектеп директоруна «буларды кетир, жаштар иштеп пенсияга чыксын да» десем, ал «пенсионерлер жумушка алынбасын деген мыйзам жок, эгер мен буларды жумуштан айдап, алар арыздана турган болсо мен утулуп калам» деп жатат. Пенсиядагылардан качан орун бошойт?

Карачач, Талас

– Эмгек кодекси боюнча пенсионерлер иштебесин деген мыйзам жок. Иштөө тартибин бузушпаса директор да аларды жумуштан кетире албайт. Келиндер дыйкан чарбасында, мал чарбачылыгында иштеп деле социалдык фондго акча төлөп жүрүп пенсияга чыкса болот.

«ДОСУМ АКЧАМДЫ БЕРБЕЙ АЛДАП КЕТТИ»
– Досум мага бир буюм алып бермекчи болуп акча алган. Алгандан кийин эле СМС жазсам, телефон чалсам албай жоголуп кетти. Ортобузда эч кандай кагаз жүзүндө кат жазылган эмес. Берген акчамды кантип кайрып алам?

Канат, Бишкек

– Тил кат жок болсо сотко кайрыла албайсыз. Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренеси (бирөөнүн мүлктүк укугуна ээ болуп алдамчылык жасалды) боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартылат. Жабырлануучу акчасын, моралдык, материалдык чыгымды төлөтүп алуу укугуна ээ. Андыктан сотко эмес, укук коргоо органдарына кайрылганыӊыз туура.

«Адистин кеӊеши» рубрикабыз сиздер менен бирге иш алып бармакчы. Юридикалык, медициналык, психологиялык кеӊешке муктаж болсоӊуз, бизге кайрылыӊыз. Суроолорду (0312) 32 33 26 номери аркылуу берсеӊиздер болот же kenesh@super.kg дарегине кат жазыӊыз.

Сүйүн Кулматова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
Aiya9322
2016-02-22 15:22:14
Урматтуу админ kenesh@super.kg ге кат жонотсом жообу келбеди... Эмне себептен?
0
Bolya8892
2016-02-24 22:31:24
Мен да кат жонотсом жообу келбеди. суроом бар болчу.кантип жооб алсам болот?
0
admin_superstan
2016-02-25 14:52:32
Bolya8892, Aiya9322,
Саламатсыздарбы! Жооптор гезит бетине жарыяланат.
0
Meerman
2016-02-28 23:14:37
Mm
0
№ 694, 19-февраль-25-февраль, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан