КӨЧМӨНДӨР ОЮНУН ИШКЕРЛЕР ДА КОЛДОГОНУ ЖАТЫШАТ

Быйыл күздө экинчи ирет Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтөт. Сентябрь айында Чолпон-Ата шаарында түрк тилдүү мамлекеттердин кеӊешинин жыйыны да орун алат. Оюндар дал ушул саммиттин алкагында болот. Эске салсак, биринчи оюндар 2014-жылдын сентябрь айында Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында 18 өлкөнүн катышуусу менен өткөн. Кыргызстанга дүйнөнүн төрт тарабынан ушундай масштабдуу деӊгээлде өтүүчү оюндар аркылуу туристтерди тартуу да башкы максаттардын бири.
17-февраль күнү бизнес түзүмдөрүнүн өкүлдөрү Экинчи бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын колдоого даяр экендигин айтышты. «Өлкөбүздүн өнүгүшү үчүн салым кошуу – бул жакшы иш. Ар бир мекенчил үчүн мындай улуттук долбоорлорго катышуу сыймык»,- деди «Мегаком» компаниясынын директору Азат Базаркулов. Маалымат жыйынга банктардын жана башка ишканалардын өкүлдөрү да катышты.
Буга чейин Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси Сапар Исаков бул иш-чара тууралуу: «Биз дүйнөнү таӊ калтыргыбыз келет. 2014-жылы болуп өткөн оюндарды көптөгөн эл аралык жалпыга маалымдоо каражаттары чагылдырышкан. Президент Алмазбек Атамбаевдин демилгеси болгон Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндары биринчи орунда өлкөнүн идеологиясын бекемдейт. Азыр ипподромдун реконструкциясы жүргүзүлүп, жолдор курулуп, Тамчыдагы эл аралык аэропорт конокторду тосуп алууга даярданып жатат»,- деп билдирген.
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
ZANIA-92
2016-02-28 02:12:08
Жакшы
0
№ 694, 19-февраль-25-февраль, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан