ДЕПУТАТ ЖУРНАЛИСТТИ УР-ТЕПКИГЕ АЛГАНБЫ?

Журналист Семетей Талас уулу өзүнүн Фейсбуктагы баракчасы аркылуу Жогорку Кеӊештин депутаты Камчыбек Жолдошбаев жөнүндө «Жансакчыларына карматып алып, кечирим сура дейт. Тепки жесем да сураган жокмун» деп жазды. Депутат менен журналисттин ортосундагы чыр эмнеден келип чыкканын билүү үчүн Семетей Талас уулуна байланышсак: «Негизи Жолдошбаев экөөбүздүн тирешибиз 2-3 жыл мурун башталган. 2015-жылы парламенттик шайлоо маалында да чалыптыр, кайым айтыша кеткенбиз. Анан жакында эле досум «жүрү, ошол кишиге барып келели» деди. «Менин мамилем жакшы эмес» десем досум болбой туруп алды. Анын көӊүлүн кыйбай бардым. Жаӊы салынган «Беш-Сары» соода борборунун кеӊсесинде отурган экен. Жанында кишилер бар болчу. Ичимдик ичип жатышты. Анан кетер маал болуп досум кетти. Мен да машинамды айдап чыгайын деп жатсам, жан сакчысынан чакыртып жибериптир. Барсам сен мага минткенсиӊ, тигинткенсиӊ деп эле асылып баштады. Чапканга да аракет кылып жатты. Ыӊгайы келгенде эле бутка тээп калат. Сөгүнөт. Кечирим сура дейт. «Өз энеӊди сөк, меникине асылба!»,- дедим. Жанындагылар да «кечирим сурап койчу» деп жатышты. «Мен муну сыйлабайм. Демек, кечирим сурабайм!»,- дедим. Чынында аябай ыза болдум. Бирок өзүмдү кармадым. Ойлонуп көрүп Кудайга койдум! Догурунбайм. Милиция кызматкерлерине барып арыз жазбайм»,- деди.
Ал эми Камчыбек Жолдошбаевге байланышканыбызда: «Эч кандай андай окуя болгон эмес. Көргөн эмесмин. «Кечирим сура деди» дептир. Көрбөсөм эмнеге кечирим сура демек элем. Чаап-тепкен да эмесмин. Жөн эле мени каралагысы келип жатат. Эмнеге «Беш-Сарыга» бардыӊ деп сурагылачы? Көгөргөн жериӊди көрсөт дегилечи? Калп мунун баары»,- деп билдирди. Эске салсак, 2011-жылы Камчыбек Жолдошбаев «Ош базарынан» кош бойлуу келинге кол көтөргөнү боюнча да айтылып, 4 адам Жолдошбаевдин чоӊ муштумдугунан жабыркадым деп милицияга арыз жазышкан

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
Zhanarbeck
2016-02-22 10:05:10
Кылган иштерин кара... Мамлекетке салымын кошушса ар бир депутат, өлкөбүз кичине болсо да өнүкмөк.
+4
Nasyrkg
2016-02-22 12:15:01
Ой буларды олтурсон да мойнуна албайт да
+6
Flander
2016-02-22 12:59:09
Депутаттар жылдызга айланып баратат ко.
+5
sashkakg
2016-02-22 18:21:59
жонокой дагы эмесч акылсыз адепсиз жактары менен...
+2
magbet
2016-02-22 13:31:34
Акчасына копкон бироо экен да. Демек акчасынын арты менен депутат да болгон. Бойунда бар аялга кол которгону чын болсо мен бул кишини эркек деп атоодон алысмын.
+7
malywKG
2016-02-22 18:53:18
Ммм таза жылдыз болдунарда ХХХ ХХХ
+1
admin_superstan
2016-02-23 11:54:29
malywKG,
Кимдир бирөөнү кемсинтүүгө тыюу салынат!
20 күн БАНга!
0
dubai
2016-02-23 00:40:47
ичип отургандагы эле уруш экен го,ясно...анын эмнесине ызы-чуу салып говнить этип атат тиги журналист,барган озу,ичкен озу...
+3
Chtc
2016-02-27 16:18:06
Кимисине ишенебиз?
0
№ 694, 19-февраль-25-февраль, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан