ЭЛДИН ПИКИРИ ЭСКЕ АЛЫНДЫ: СОЦИАЛДЫК КАМСЫЗДАНДЫРУУ ТӨЛӨМДӨРҮ ТӨМӨНДӨЙТ


Президент Алмазбек Атамбаев 16-февралда Социалдык фонддун төрагасы Мухаммедкалый Абулгазиевди кабыл алып, социалдык камсыздандыруу төлөмдөрүн кайра карап чыгууну тапшырган эле. 17-февраль күнү Жогорку Кеӊештин жыйынында Мухаммедкалый Абулгазиев камсыздандыруу төлөмдөрүнүн тарифтери төмөндөй турганын билдирип: «Оорчулук келет деп айтылды, демек, тарифтер сөзсүз төмөндөтүлөт. Качан төмөндөй турганын азырынча айта албайм, ал үчүн жаӊы мыйзамды парламент колдошу керек. Ал ишке ашкыча жарандар мурунку тарифтер менен төлөй беришет»,- деди.
Быйылкы жылдын башталышы менен Ош, Жалал-Абад, Нарын облустарында карапайым калк тынчтык митингдерин өткөрүп, социалдык камсыздандыруу төлөмдөрү жогорулаганына нааразычылыгын билдирип башташкан. Ошентип калыӊ элдин талабы эске алынды. Эске салсак, 2015-жылы Социалдык фонддун бюджетин толтуруу максатында социалдык төлөмдөрдүн жогорулашы боюнча мыйзам кабыл алынган. Мыйзамга ылайык, аймактардагы айлык акыга жараша социалдык төлөмдөр жогоруламак. Буга катар Кыргызстандагы орточо айлык 12 миӊ сомдон жогору деп эсептелген болчу. Мухаммедкалый Абулгазиев Соцфондго төлөнүүчү камсыздандыруу төгүмдөрүнүн жогорулашы туура эмес болгонун моюнга алды.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 694, 19-февраль-25-февраль, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан