КЫРГЫЗ-ОРУС ӨНҮКТҮРҮҮ ФОНДУНАН КАНТИП НАСЫЯ АЛУУГА БОЛОТ?

2014-жылдын 24-ноябрында Кыргыз Республикасы менен Орусиянын Өкмөтү Кыргыз-орус өнүктүрүү фондун түзүү тууралуу келишим түзүшкөн. Баштапкы капиталы 500 миллион АКШ долларын түзгөн фонд өлкөдөгү ишкерликти колдоону көздөйт. Аталган фонддон каржылоону кимдер ала алары тууралуу маалымат беребиз.

Башкы максаты
Өнүктүрүү фондунун максаты – Кыргызстандын экономикасына салым кошуп келе жаткан ишмердүүлүктү колдоо, өлкөнүн жашоочуларына кошумча жумуш орундарын түзүү менен бирге салыктардын эсебинен бюджеттик төлөмдөрдү көбөйтүү. Экспорт жана импорт иштерин жөнгө салып, кыргызстандык ишкерлерди ЕАЭСтин рыногуна ыӊгайлаштыруу.

Каржылоо суммасы
Кичи жана орто бизнес үчүн 3 миллион долларга чейин, ири ишканаларга 3 миллиондон 25 миллион долларга чейин сом валютасы менен насыя берилет. Насыя алуучу негизги насыя сумманын баштапкы 20 пайыздан кем эмес үлүшүн дароо төлөөсү керек. Насыя 5 жылга чейинки убакытка берилип, инвестициялык долбоорлорго 1 жылдык жеӊилдик каралган.

Насыя тууралуу
Насыялар сом менен жылына 12 пайыздык үстөк менен берилет (коммерциялык банктардын насыялары жылына 20 пайыздык үстөктөн кем эмес). Насыяны KICB жана мамлекеттик банктар РСК, «Айыл банк» аркылуу алууга болот. Насыя берүүнүн шарттары банктардыкындай, тактап айтканда, кепилдиктин болушу жана күрөөгө мүлк коюлуусу керектелет.

Каржылоону кимдер ала алышат?
Каржылоо насыя түрүндө Кыргызстанда катталган жана ишмердүүлүгүн аталган өлкөдө жүргүзгөн юридикалык жактарга гана берилет. Ишмердүүлүк жүргүзгөн субъект сөзсүз түрдө салыктарды Кыргызстанда төлөөсү тийиш.

Кандай ишканалардын мүмкүнчүлүгү жогору?
Агрардык өндүрүш, тигүү жана текстиль цехтери, кайра иштетүүчү, тоо-кен казуучу, металлургиялык өндүрүш менен алектенген ишканалар, транспорт жана курулуш иштерин жүргүзгөн компаниялар.

Ишкана насыя алуу үчүн кандай талаптарга жооп бериши керек?

Ишкерлер түзүмүнүн айкын көрсөтүлүшү;
3 жыл аралыгында туруктуу финансылык абал жана чыгашасыз ишмердүүлүк;
Канааттандырарлык насыялык тарыхы;
Мамлекеттик мекемелер (салык жана бажы кызматы, социалдык камсыздоо органы) алдында карызы болбошу.

Кандай учурда берилбейт?
Эгерде фонд арыз ээсин башка булактардан (мисалы, коммерциялык банктардан) насыя алууга мүмкүнчүлүгү бар деп эсептесе каржылоо көрсөтүлбөйт. Жаш балдарды иштеткен, тамеки жана алкоголдук ичимдиктерди чыгарган, оюн-зоок жана башка Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына туура келбеген ишмердүүлүктөргө берилбейт.

Кандай долбоордун насыя алууга мүмкүнчүлүгү жогору?

Финансы тартуу (инвестиция) иштеринен аксап, толугу менен иш жүргүзө албай жатса;
Ылайыктуу бизнес-планы (ишкананын учурдагы абалы, ишкерлер жана башкаруу түзүмү көрсөтүлгөн жана башка ушул сыяктуу) түзүлгөн;
Өзүн-өзү актоочу мөөнөтү 5 жылдан ашпаган;
Менчик ээси долбоордун жалпы суммасынын 20 пайыздан кем эмес үлүшүн төлөй алса.

Ишмердүүлүктү жаӊыдан баштоо үчүн насыя алса болобу?
Ишмердүүлүктү нөлдөн баштап жаткан юридикалык жактар алгач ылайыктуу бизнес-план же долбоор менен фондго кайрылуусу керек. «Бизге кайрылган бизнес-план, стартаптардын 70 пайызы жарабай калууда. Анткени алар бизнес долбоор эмес эле, жөн гана идеялар. Фонд келечеги бар, андан ары өзүн актап, иштеп кете алчу долбоорлорго гана насыя бере алат. Андыктан фондго түшкөн долбоорлор катуу текшерүүдөн өтөт»,- деп билдиришти аталган фонддон.

Адилет Керимбек уулу
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Nasyrkg
2016-02-22 12:30:35
Идея идеядан башталат да бардык нерсе
+2
tursunbaev78
2016-02-22 21:43:02
кыскасы карапайым калкка берилбейт,тааныш билиш
+4
Nazikbaigazy
2016-02-28 00:47:04
Тооба карапайым калкка деп ача койсом, миллион долларды суйлойтго, ак уйдо отургандарга берсин
+1
№ 694, 19-февраль-25-февраль, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан