Өткөн аптада Ысык-Көл облусунун Түп районунда адам үрөйүн учурган оор кылмыш катталды. Тагыраак айтсак, күйөөсү аялын отургучтун буту менен башка чаап өлтүрүп, андан соӊ өзү асынып алган.
«ИЛИКТӨӨ ИШТЕРИ ЖҮРҮҮДӨ»
Бул окуя тууралуу билүү үчүн Түп РИИБинин тергөөчүсү Адилет Кечибаевге байланышып, төмөнкүдөй жооп алдык:
– 21-февраль күнү саат 9:30 чамасында Ысык-Көл облусундагы Түп райондук ички иштер башкармалыгына аталган райондогу Байзак айылындагы үйлөрдүн биринен күйөөсүнүн жана аялынын жансыз денелери табылгандыгы тууралуу маалыматты бизге айыл өкмөтүнүн кызматкерлери билдиришти. Окуя болгон жерге барып, үйдүн ичинен башынан алган бир нече жаракаттардан улам каза болгон аялдын жансыз денесин таптык. Ал эми эркек сарайдын ичинде асынып алган жеринен табылды. Маркумдардын аты-жөнү такталып, алар күйөөсү менен аялы экендиги, аялы 32 жаштагы Зарина Кусеинова аттуу Байзак айылынын тургуну, ал эми күйөөсү Чоӊ-Тогуз-Бай айылынын 39 жаштагы Мирлан Арыков аттуу тургуну экени маалым болду. Кылмышка далил буюм катары кан болгон жыгач отургучтун буту табылды.
Туугандарынын айтымында, келиндин мурунку турмушунан 13 жаштагы бир уулу бар. Ал эми экинчи жолдошу Мирлан экөөнүн ортосунда 10 жана 7 жаштагы 2 кызы бар. Балдары биз барганда үйүндө жүрүшүптүр. Бул факт боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалып, учурда иликтөө иштери жүрүүдө. Кылмыш жана жаза кодексинин 97-беренеси (киши өлтүрүү) менен кылмыш иши козголду. Биздин божомол боюнча, күйөөсү аялын сабап өлтүргөн соӊ өзү асынып алган.
«ЭШИКТИ ЭЧ КИМГЕ АЧПАГЫЛА!» ДЕП ИЧИНЕН БЕКИТИП КОЙГОН»
Тергөө учурунда маркум Зарина Кусеинованын 13 жаштагы уулу төмөнкүдөй көрсөтмө берген:
– 20-февраль күнү түшкө маал мектептен үйгө келсем, апам жана 2 карындашым чай ичип отурушуптур. Жарым сааттан кийин улуу карындашым мектепке кетти. Апам да ошол маалда сыртка чыгып, айылдын жогору тарабына жалгыз кетип баратканын көргөм. Аз өтпөй кичүү карындашым экөөбүз муз тепкени кеттик. Саат 16:30 чамасында үйгө келсек атам ашканада отуруптур. Бизге «эшикти эч кимге ачпагыла!» деп ичинен бекитип койду. Жердин баары кан болуп калыптыр, аны карындашыма тазалатты. Андан соӊ кан болгон таякты мешке салып өрттөп жиберди. Өзү кан болгон паласты бүктөп аркы бөлмөгө киргизип жатканда кайра-кайра «эшикти жапкыла» деп жатты. Эмне болгонуна деле түшүнбөй ал күнү уктап калдык. Эртеси саат 7:30 чамасында ойгонсом, атам менден калем сурады. Калемди алган соӊ кагазга бир нерселерди жазып чөнтөгүнө салды да «дааратканага кеттим» деп тышка чыгып кетти. Жарым сааттан кийин тоокторго жем берейин деп эшикке чыксам, сарайдын эшиги ичинен илинүү экен. Терезеден карасам атам асынып алыптыр. Эшикти эптеп ачып жипти күрөк менен чаап кесип, атамдын денесин жерге түшүрдүк. Анын чөнтөгүнөн «Мен – Мирлан. Аялым мас болуп келип экөөбүздүн ортобузда уруш чыкты. Мен аны сабайм деп өлтүрүп алдым. Балдарымды жана мени кошуп айылга алып кеткиле» деп жазылган катын көрдүм.
«АГАМ МЕНЕН ЖЕӉЕМДИН МУРДА УРУШКАНДАРЫН ДЕЛЕ КӨРГӨН ЭМЕСМИН»
Андан соӊ биз маркум Мирландын бир тууган иниси Эрлан Арыковго байланышып, окуя тууралуу оюн уктук:
– Агам менен жеӊемдин чогуу жашаганына 10 жылдай болгон. Ортолорунда 2 кыз бар. Үй-бүлөсү менен Байзак айылында жашачу. Түптө иштечү. Мурда агам менен жеӊемдин урушкандарын деле көрчү эмесмин, бирок жеӊем иччү да. Агам деле анда-санда иччү, бирок мындай жорукка барчудай мас болгонун көргөн эмесмин. Жеӊем менен агам экөөнүн сөөктөрү чогуу коюлду. Кудалар келип топурак салып кетишти. Алар бизге доомат деле кылышкан жок, «окуянын келип чыгышына жеӊемдин ичип кеткени себеп болду» дегендерин туугандардан уктум.
Аты жаман арактын айынан жогорудагыдай кандуу окуя катталды. «Ачуу – душман, акыл – дос» демекчи, күйөөсү сабыр кылганда бир-үй бүлө жайрап, 2 адам каза таап, 3 бала жетим калбайт эле.
Асхат Субанбеков
koom@super.kg