«КУМТӨРДҮН» ЧЫНДЫГЫ КИМДИР БИРӨӨГӨ КЕРЕКПИ?

Жогорку Кеӊештин депутаты Азамат Арапбаев журналисттерди кызыктырган маалымат менен бөлүштү. Анын айтымында, мөӊгүлөр боюнча комиссия кандай чечим кабыл албасын, ал гана эмес, дагы бир ирет тастыкталсын, Жер бетиндеги бардык, анын ичинде Кыргызстандагы мөӊгүлөр дүйнөлүк жылуулануудан эрип жатса да, Давыдов менен Петров мөӊгүлөрүнө келтирилген зыянды «Кумтөр» төлөшү керек.
Канчалык зыян келгенин башка комиссия чечүүсү зарыл. Сыягы, мөӊгүлөрдүн наркын жана техникалык бузулуу деӊгээлин баалоо методологиясын алдын ала иштеп чыккандан кийин.
Ал качан жана кандайча болорун эл өкүлү билдирген жок. Ага улай ал бүгүнкү күндө «Кумтөр» ишканасынын ишмердүүлүгүнө жолтоо болгон маселени чече турган Суу кодексине өзгөртүү киргизүүнү өкмөт кечеӊдетип жатканын айтат.
Арапбаевдин айтымында, министрлер кабинети «Центерра» менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгын күтүүдө.
Парламенттин өкүлү өз сөзү менен Жогорку Кеӊештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүктүрүү боюнча комитеттин төрагасы Мирлан Бакировдун позициясын бекемдөөдө. Жакында эле ал комитетте «эксперттик топтун бүтүмүнө толук канааттанбагандыгын» билдирген. Көз карандысыз гляциологдордун корутундусу «тастыктоо» үчүн өкмөткө кайтарылган.
Эске салсак, В.М.Поповнин атындагы Москва мамлекеттик университетинин окумуштуу-гляциологунун катышуусунда көз карандысыз эксперттердин илимий- техникалык тобу өз ишин жыйынтыктаган. «Кумтөр» концессия зонасындагы мөӊгүлөрдүн абалы боюнча максималдуу объективдүү картинаны алуу максатында өкмөт тарабынан адистер тартылган. «Кумтөр» зонасындагы мөӊгүлөрдү башка репрезентативдик мөӊгүлөр менен салыштыруу анализин жүргүзүүгө Женева жана Цюрих университеттеринин окумуштуулары изилдеген маалыматтар колдонулган. Суунун сапатын аныктоо максатында тоо-кен өндүрүшүндөгү калдыктар аркылуу мөӊгүлөрдөн агып түшкөн суудагы беш бөлүктөн «Кумтөр Голд Компанинин» лабораторияларына Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин өкүлдөрү менен биргеликте үлгүлөр алынган.
Гляциологдордун корутундусу төмөнкүдөй: «Сары-Төр мөӊгүсү менен КРнын аймагындагы башка бассейндериндеги мөӊгүлөрдүн Кара-Баткак (Чоӊ-Кызыл-Суу дарыясы, Ысык-Көл бас.), Голубина (Ала-Арча дарыясы, Чүй бас.) ж.б. репердик (антропогендик ишмердүүлүккө тушукпаган) массасынын балансын салыштыруу анализи көрсөткөндөй, алар деградацияланып майда бөлүктөргө ажыроодо, кичирээктери таптакыр жок болууда. Кыргызстандагы бардык жана анын ичинде «Кумтөрдүн» ишмердүүлүк зонасындагы мөӊгүлөрдүн деградациясы дүйнөлүк климаттын өзгөрүүсүнө байланыштуу.
Кызыгы, парламентарий бул корутундудан дагы эмнени «тастыктоого» камынууда? Чынында, алар комиссиядан мындай жооп күтүшпөсө керек, эми кандай кылууну билбей айлалары алты кеткен өӊдүү. Анткени логикага ылайык эми министрлер кабинети Суу кодексинин жаӊы версиясын парламентке киргизүүнү тездетип, парламент аны бекитиши керек. Андан башка кандай жол?
Бирок биздин бийликке абал боюнча чындык керек эместей. Анткени чет элдик инвесторлорду опузалоого эч нерсе калбады. Ошондуктан биздин бийликтегилер бул абалдан кандай кыр издеп табарына көз салуу кызык. Бир тарабында алардын саясий, ал турсун каржылык амбициялары жана пландары турса, бир тарабында эл аралык аренада Кыргызстандын имиджи жана бюджетти түзүүчү компаниянын ишмердүүлүгү турат.
Кандай кылуу керек? Балким, эл өкүлдөрү ынсап менен мыйзам боюнча кадам шилтегени оӊдур? Андай болсо комиссиянын чечимин кабылдап, абалды акыл менен аӊдап, Суу кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүүсү зарыл. Жана да бул маселеге акыры чекит коюуга кез келди.
Сүйлөшүүлөрдө Кыргызстандын «Кумтөрдөгү» киреше үлүшүн көбөйтүүгө эч ким чекит койгон жок го. Ошондуктан Суу кодекси боюнча маселе эмдигиче чечилиши зарыл эле. Мына ушундай болгондо өлкө бюджетке түшүүлөрдүн үчтөн бир бөлүгүн камсыздап, социалдык-экономикалык жарылуу коркунучунан өзүн оолак кармамак. Ага улай эл аралык инвестициялык талаада жоопкерчиликтүү жана келечектүү өнөктөш катары да жүзүн сактап калмак.
Урматтуу аткаминерлер, маселе анчалык деле оор эмес го? Өлкөнүн, элдин, Кыргызстандын келечеги үчүн болгону туура жолду тандоо зарыл.

Айтемир Аскеров

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Alitet
2016-02-29 17:16:08
ХХХ ХХХ Элди ойлогондор барбы озу аранарда же,Тынар айткандай туулган жердин топурагы алтын, топурагы калса болду алтындын кереги жокпу.
0
admin_superstan
2016-02-29 17:57:52
Alitet,
Эскертүү! Этика нормаларын сактаңыз!
0
jaazira13
2016-02-29 19:00:08
Alitet,патриотмун деп кыйкырасынар, тоо-кен тармагы токтоп калса, силердин тууган досторунар кайдан айлык акыларын алышат, апаларынар пенсияларын кимден сурашат?мисалы кумтордон тушуучу киреше 2018 жылдын бюджетине киргизилген, бийлик элди кыйнайбыз саясат оюн менен алектенебиз деп ишканалрды иштеткен жокта
+1
№ 695, 26-февраль-3-март, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан