(Башталышы өткөн сандарда)
Наргиза апасы менен болгон сүйлөшүүсүн Жанарга айткан жок. Жанардын туугандары кудалап барышса апамдар кайда качышмак эле деп өзүн жооткотуп койду. Эч болбоду дегенде ала качты кылып туруп жигитинин үйүнө барып отуруп алат. Ушинтип чечти. Апасы шаарга бир аз жүрүп айылына кетти. Жанарга жолугушу керек. Автобуска отуруп анын үйүнө жөнөдү.
Жанар үйүнүн айланасын жыйнап жаткан экен.
– Кандайсыӊ? Уйкуӊду садага чаап иш кылып жатканыӊа таӊ калып жатам,- кыз жигиттин бетинен сүйүп жатып кобурады.
– Үйлөнөйүн деп жатпаймынбы. Ошон үчүн тазалап жатам.
– Аа, кимге?
– Айта албайм. Сыр.
– Хе, мен болбой көрөйүн, сени эмне кылар экенмин!
Экөө күлүп калышты.
– Баса, апама айттым, алар жакында сенин ата-энеӊе барышат.
– Макул болбой коюшсачы?
– Сен тамашалап жатасыӊбы?
– Жок.
– Алар биздин үйлөнүүбүзгө каршы болушу мүмкүнбү?
– Мүмкүн...
Жанар сөз таппай калды.
– Ой сени болгон, көзүн алайтып туруп калат. Макул болушпаса ала качып кетем дебейсиӊби. Тамаша. Макул болушат. Негизгиси мен макулмун. Сени жакшы көрөм,- Наргиза жигиттин моюнуна асылды.
ххх
Айткандай эле аз өтпөй Зуура туугандарын чогултуп Наргизанын ата-энесинин эшигин кагып калды. Сыртта турган Зуураны көрүп Алмагүл баарын түшүндү. Унчукпастан үйүнө киргизип, төргө өткөрдү.
– Эми, Алмаш, балдарыбыз тил табышыптыр. Билсеӊ керек. Уулум сенин кызыӊа көзү түшкөнүн айтып, мен сага келдим. Макулдашып алалы,- Зуура жаӊыдан эле сөз
баштаганда Алмагүл сөздү бөлдү.
– Токтой турсаӊ, Зуура. Сен ошондо кызыма сөйкө салмакчы болуп жатасыӊбы? Кызым жок азыр.
– Билем, Алмаш. Бирок мен адегенде сенин макулдугуӊду алайын дедим. Балдар тил табышыптыр.
– Туура кылыптырсыӊ. Мага келгениӊ жакшы болуптур. Мен кызымды бере албайм. Тил табышса тил табышкандыр, бирок кызымдын барар жери даяр. Макулдашылган.
Кап этпе,- ушуну менен сөз бүттү. Эки эне андан соӊ эч нерсе болбогондой чай ичип ар кайсыны сүйлөшүп отурушту. Кыйладан кийин бири узатып чыгып, бири туугандары менен үйүнө жөнөдү. Кыязы, экөө теӊ алдын ала эмне болорун билген өӊдүү. Ооба, Зуура муну күткөн. Бирок уулу Жанардын көӊүлүн кыйбай бир келгендегиси болчу.
Жанар ал күнү кечке жуук апасына чалды. Эмне болгонун угуп, ойлонуп отуруп калды. Эми эмне кылат, ала качабы? Жок, антпейт. Андай кадамга барбайт. Ал ушинтип чечти. Наргизага телефон чалды.
– Наргиз, кандайсыӊ?
– Жаман.
– Демек, баарын угуптурсуӊ.
– Ооба. Мени ала качып кет.
– Андай болбой калат го. Сүйлөшүп эле чечебиз.
– Сен эмне, ошондо менден кол үзгөнү жатасыӊбы?
– Жок, алтыным. Коркпо, баары жайында болот. Эртеӊ айылга чыгабыз. Ата-энеӊ менен өзүм сүйлөшөм.
– Алар макул болушпайт. Мени ала качып эле кетсеӊ.
– Наргиз, мен сенден эч убакта баш тартпайм. Жакшы көрөрүмдү билесиӊ го. Сөзсүз бирге болобуз, кам санаба.
ххх
Эртеси алар айылына жөнөштү. Кыз өз үйүнө, жигит өз үйүнө келип түшүп калды. Жанар 1 күндөн кийин Наргизанын үйүнө бармак болду. Ал Наргизанын ата-энесине баарын түшүндүрүп берерине көзү жетип жатты.
Бирок дал ошол күнү анын денесин майда калтырак басып сүрдөп чыкты. Акырын келип дарбазаны тыкылдатты. Эшикти Наргиза ачты. Сөрүдө кыздын ата-энеси отуруптур. Күтүп жатышкандай...
– Саламатсыздарбы?
– Кел, отур!- Наргизанын атасы Жаныбек өктөм сүйлөдү.
– Мен...- Жанар сөз таппай туруп калды.
– Угуп жатам, сүйлөй бер!
– Биз Наргиза экөөбүз баш кошолу дегенбиз. Жакшы тилектерибиз бар эле. Бирок «Наргизанын барар жери даяр» деп айткан экенсиздер. Билип турам, сиздердин алдыӊыздарга келип ушинтип турганым туура эмес. Бирок бул нерсе менин Наргизага болгон оюм таза экенин далилдеп турат. Мен аны жакшы көрөм. Мага ишениӊиздер, кызыӊыздарды бактылуу кылам.
– Бир айтканда түшүнүш керек,- сөзгө Алмагүл аралашты. – Биз сага кызыбызды бербейбиз дедикпи, бербейбиз!
– Сиздерден көптөн-көп суранам. Мен ала качып албайын дедим.
– Ай, жигит,- Жаныбек сүйлөдү. – Кызым «ата, бир угуп кой» деп көндүрдү эле. Сени уктум. Жооп баягы эле.
– Ата, эмнеге?- арыда турган Наргиза ыйлап жиберди.
– Эмнеге дейт! Мунуӊдун кыйратып тапкан оокаты жок, же эл ичинде кадыры болсочу?! Атасы тигинтип ар кайсы аялдын артынан ээрчип жок болду. Ушу жыргатат деп жатасыӊбы? Ушуга кор кылганча эрсиз калтырганым жакшы,- Алмагүл чыдамы кетип кыйкырды.
– Демек, мени кедей деп жатасыздарбы?
– Ооба. Сен томаяксыӊ! Бар, жолуӊа түш!
– Мындайды жомокто эле болот дептирмин. Кеп байлыкта эмес го,- Жанар шылдыӊ менен сүйлөдү.
– Ай, бала, бирдемени кыйратып койгонсубай жогол!- Алмагүл албууттанды.
– Эмне эле болуп жатасыӊ?- Жаныбек аялын тыйды. – Жанар, сен түшүндүӊ го дейм. Биздин жооп өзгөргөн жок, бара бер.
Наргиза апасынын сөздөрүнөн кийин Жанарды тик багып карай алган жок, бетин басып ыйлаган бойдон отуруп калды.
(Уландысы кийинки санда)