Апаларыбыз өзү ачка болсо да «балам жесин», чарчап турса да «балам кичине эс алып алсын», жадакалса жүрөгү канап ооруп турган учурда да «мен жакшымын, балам, өзүӊдү кара» деп үйрүлүп түшөт. Апалардын мээрими бул ааламды теӊ салмакта кармап тургансыйт. Бүгүн апасы тууралуу Гүлбү Ороскул кызы айтып берет.
«АПАМ 21 ЖАШЫНДА ЖЕСИР КАЛГАН»
-Апамдын аты Адиса, 59 жашта. Айылдагы кошуна жеӊелер «Апаӊ жаш кезинде сулуу, сымбаттуу эле. Жигиттер эмес, биз бир көргөнгө ашыгып мектептен келчү жолун акмалап күтүп турчубуз. Көчөдөн маралдай кериле басып үйүнө кирип кетчү. Түштөн кийин баканын көтөрүп суу ташыганда жомоктогу кызды элестетер эле. Сен апаӊды тартпай, атаӊа окшошуп калгансыӊ» деп айтышат. Апама сөз айткан жигиттер көп болуптур. Алардын арасында атам да бар экен. Чоӊ атам мергенчи болгондуктан жуучулукка барарда аюунун терисинен талпак жасап алып барыптыр. Бирок таята-таенемдер макулдугун бере электе эле атам ала качып кеткен экен. Жыл айланбай мен төрөлгөм. Атамдар жалгыз кыз, анан жалаӊ эркек болгондуктан кыз төрөлдү деп мен төрөлгөндө аябай сүйүнүшүптүр. Чоӊ атам «неберелүү болдум» деп көчө менен бир болуп чуркап баратса, астынан айылдашы чыгып «Ыманкул аке, каякка?» десе, «келиним кыз төрөдү, төрөт үйүнө баратам» дептир. «Келиӊиз, отуруӊуз, жеткирип коёюн» десе, чоӊ атам кубанганынан сөз таппай «жок, ай, шашып жатам» деп жөө чуркап барган дешет. Сонунбү деген кызына уйкаштырып Гүлбү деп атымды чоӊ атам койгон экен.
2 жашка чыкканымда атам кызыл жүгүрүк оорусунан каза болуп калды. Эшиктин алдына боз үй тигилип, көп элдер келип мени кучактап ыйлап жаткандарын элес-булас билем. Бирок анда атамдан айрылганымды түшүнгөн деле эмесмин. Ошентип апам 21 жашында курсактагы төрөлө элек иним менен жесир калды.
«ЖОГОРКУ БИЛИМ АЛГАНДА ЧИНОВНИК БОЛМОК»
-2 баласы болгонуна карабай апамдын колун сурап келгендер көп болгон. «Жашсыӊ, жалгыз бой жүрбөй, экинчи жолу бактыӊды сынап көр» деп келгендердин бирөөсүнө таятамдар берип салган экен. Ал жакка өзү батса да балдарынын батпаарын сезген апам «балдарымдын көзүн бирөөгө каратпайм» деп 1 эркек балалуу болгонуна карабай келе берген. Ошентип 3 баласын жалгыз өзү тарбиялап эрезеге жеткирди.
Апам ошол кезде жогорку окуу жайды бүткөндө андан мыкты чиновник чыкмак деп ойлой берем. Анткени убадага так, эмгекчил жетекчи болгонго шыгы бар аял. Алдын ала көрө билип, билимге умтулуп турчу. Айрыкча ошол кезде англис тилине кызыгып үйрөнгөнү мени таӊ калтырат. Азыр да мага караганда тыӊ. Мен конок тосор күнү келип жардамдашып, каттама, боорсок, самса бышырып дасторконду жайнатып салат. Мантыны да бат эле жасап коёт. Конок кеткенден кийин кыздарым менен дасторконду жыйнап, идиш жууп чарчап жатып калсам, апам үйдү тазалап, идиштерди ордуна коюп майлыктан өйдө жууп койгон болот. Өтө сарамжал, эч бир оорудум же чарчадым дегенин укпайм. Учурда иним менен шаарда турушат. Апамдын ар бир жасаган тамагын тамшанып жейбиз. Өзгөчө аш басканда жыты буруксуп, мээрим, береке төгүлүп тургансыйт.
«ЭРКЕЛИГИМ АШЫП БАРАТСА ЧЫБЫК МЕНЕН САБАЧУ»
-Балалыгым таята-таенемдин колунда эрке талтаӊ болуп жүрүп өттү. Небере ширин болот окшойт, өзүнүн балдарын урушуп катуу кармаганы менен мени эркелетип, оюм менен болушчу. Ошол кезде да көк бет элем. Чайга отурганда таарынып калмай адатым бар болчу. Болбогон нерсени шылтоолоп таарынып көмкөрөмдөн жатып алчумун. Таенем күйпөлөктөп «Менин кызыма ким тийишти? Азыр ага көргүлүктү көрсөтөм» деп жаныма келип айланып-тегеренип калса ансайын каадаланып турбай коём десеӊ. Тамактын жыты буруксуп, курсагым курулдайт, дагы качан чакырат экен, үчүнчү жолкусунда турам деп план түзүп койгонумчу. Бир маалда таятам байкуш «жүрү, кызым, өтө даамдуу тамак экен, жеп ал» десе көк беттенип барбайм. Эми апам келет деп күтүп жатсам, ал унчукпай тамак ичип бүтүп дасторконду жыйнап салчу. Анан уялбай тамак ичпей калдым деп чыр салчумун. Эркелигим ашып баратканда апам чыбык менен сабап ордума коюп койчу. Ошондон улам болсо керек, мектепте жакшы окудум. Эсимде, 1-сентябрда апам чачымды тыкыс кылып эки жагыма өрүп, чоӊ эки ак бантик тагып алып барган эле. Чачым калыӊ, анан узун болчу. Мектепке жөнөгөндө менин чачым менен 2 саат алышчу. Окуудан сырткары комузга, бийге, футболго, айтор, бардык ийримдерге катышчумун. Ошондуктан мектепке эртеӊ менен кеткен боюнча кечинде алым кетип, көзүм тостоюп араӊ келчүмүн. Таенем ыраматылык «ээ, балам, убара болуп келбей эле койбопсуӊ да, бир уктап турсаӊ таӊ атып сабагыӊ кайра башталмак да» деп калчу.
«АПАМДЫ САГЫНЫП АЙЫЛГА КЕТИП КАЛГАМ»
-Апам кол өнөрчүлүккө жакын. Мектепте кайсы элдин бийин бийлейм десем, ошол элдин улуттук кийимин тигип берчү. Ага түнү менен сайма сайып кооздоп берсе, эртеси мектепке кийип барып бийлесем баары суктанчу. Кичинемде ырчы болом деген тилегимди орундатыш үчүн апам менен таенем колунан келишинче шарт түзүп беришти. 8-классты бүткөндө апам Бишкекке алып келип М.Күрөӊкеев атындагы музыкалык окуу жайга окусун деп таштап кетти. Таежемдикинде жүрүп окучумун. Башында шаарга көнбөй, апамды сагынып алгачкы стипендияма учакка билет алып айылга барып калсам үйдөгүлөр таӊ калышкан. Ошондо апам сүйүнбөй, тескерисинче мени урушуп, сабактан каласыӊ деп 1 жумадан кийин кайра салып ийишкен. Барам деген жагыма барган, жасайм дегенимди жасаган кыз болчумун. Бала кезден чыгармачылыгымды апамдар бапестеп колдоп келишип, турмушка чыкканда жолдошум колдобой үйдө отуруп калганым мен үчүн чоӊ сокку болгон.
Апам дайыма мени коргоп, колдоп турган тумарым десем болот. Экөөбүз сырдашабыз, акылдашабыз, тамашалашабыз. Ошондуктан көбүнчө «подружке», «девушка», «красавица» деп кайрылам. Өзү да тамашакөй, өткөндө «Сармерденде» эрке баланын өкүл атасы «бир эле кызыӊыз барбы?» десе, «экөө болсо сапаты жок болуп калмак да» деп боорду эзип жатпайбы.
Замира Рахманбердиева
Адилет Бектуров
star@super.kg