Эмил Эсеналиев: «ТОЮБУЗДА КЕЛИНЧЕГИМЕ ЫР АРНАДЫМ»

Мындан эки ай мурун тамашоучу, «Ак-Өргө city» командасынын капитаны Эмил Эсеналиев сүйүктүүсү Айгеримге баш кошкон эле. 21-февраль күнү Эмил заманбап тоюн өткөрүп, анын жакшылыгына 300дөй адам күбө болуп, кыргыздын мен-мен деген атактуулары куттуктоо айтышты.

– Куш боо бек болсун, Эмил! Тойго ким кол кабыш кылды?
Э.:
– Рахмат. Досторум, туугандарым баары кол кабыш кылышты. Негизи, уюштуруу иштерине баштан-аяк өзүм кириштим. Жадакалса жеӊемдер менен отуруп тамактардын менюсунан бери өзүм түздүм. Учурдан пайдаланып тойдо кызмат кылган жакындарыма рахматымды айтам. Атамдын сунушу менен спирт ичимдик бербей адал той өткөрдүк.
– Тоюӊда атактуулар өтө көп экен...
Э.:
– Өзүмдүн чыгармачыл досторум келди, андан сырткары кайын журтум да өнөр адамдары эмеспи.Айгеримдин чоӊ апасы ырчы Дарика Жалгасынова, кайнатам Марат Козукеев, кайненем Айсалкын Кыйыкова да актриса, ошолор менен кошулуп тойго келген атактуулар көп болуп кетти.

Эмил Эсеналиев: «Келинчегиме арнап «Бул өмүрдө» деген ыр жазган элем, ошол ырга тоюбузда клип тарттык».

Султан Садыралиев «Эки жаш» деген ыры менен эки жашты эл алдына алып кирди.

Куда-кудагыйлар солдон оӊго актёр Марат Козукеев, жубайы Айсалкын жана Эмилдин апасы Жылдыз Масадыкова, атасы Жумабек Эсеналиев жаш жубайларга каалоо-тилек айтып жатышат.

Азиз Мурадиллаевдин жубайы бүт ырларды жатка билет окшойт, тамада Рүстөм Нурболот уулу орусчага которгон кыргызча ырлардын баарын таап, обону менен кошо созолонтуп жатты. Ал эми Камчы Сарыбаевдин келинчеги аяшынын мындай талантына боору эзилгенче күлүп алды.

Досунун тоюнда буту-бутуна тийбей кызмат кылган Самат минтип оюндарга да катышып жатты.

Эмилдин тою тамашоучулар менен «Дем» театрынын актёрлорунун майрамына айланды. Азиз Мурадиллаев тойдун көркүн ачкан бийчилердин бири болду.

Белгилүүлөр бийлегенди өтө жакшы көрүшөбү, айрым учурда антракттарды бир саатка чейин созуп жатышты.

Жубайы Чолпон аяшы менен селфилдешип жатканын Самат көрмөксөнгө салып турган кез.

Эмил менен Айгерим торт кесип ата-энелерине ооз тийгизишти. Бизге берген маегинде Эмил кайнатасынан аябай сүрдөгөнүн айткан эле, тойдо анын сүрдөгөнүн байкаган жокпуз.

Лунара Бекиева
Адилет Бектуров
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
"Тамашоучу" Эмил Эсеналиев менен Айгеримдин үлпөт тоюнан репортаж
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (49)
nurka1993
2016-03-02 10:57:02
Эмилдин атасы жакты,жонокой жакшы киши экен
+1
Akmaral.87
2016-03-02 15:46:10
Бактылуу болгула,кармашкан колунар эч качан узулбосун, ар бир аткан тан силерге ыйманын, ырыскысын, бакубат жашоону алып келсин аллахым колдоп инша аллах.
+2
sakulai
2016-03-02 16:50:05
Ыры менен клибин качан коруп калабыз ошондо супер?
+1
admin_superstan
2016-03-02 17:05:41
sakulai, саламатсызбы? Мүмкүнчүлүк болгондо жүктөөгө аракет кылабыз. Сунушуңузга рахмат!
0
akuna.matata
2016-03-02 18:22:04
Келинчеги озуно пара экен бактылуу болушсун
+1
mikana
2016-03-03 00:09:22
жаны турмуш уланат,жакшы го дейм бул адат
0
Afina
2016-03-03 01:12:42
бактылуу болгула)))
0
gulzat878
2016-03-03 10:57:35
Нурзат Токтосунова кош бойлуу окшойт ээ?)
+1
LadyD
2016-03-03 15:25:30
gulzat878, болсун болсун, 35ке чыкканы калды
0
RainaDiamond
2016-03-03 20:32:48
Nurzatka suiunup jatam baktiluu bolup jurot go azamatsinar kuiosu mikty jigit eken!
+1
muzykant
2016-03-04 10:48:12
Бактылуу болгула кошогонор когорсун эмдиги жылы бешик той бер тойлор кобойсун
+1
koionik
2016-03-04 12:25:08
Уят эле жолдошу жанында турса жолдошунун досу менен тушуп, элестетип атам ушул суротту ватсапка койуп алсын Эми
0
koionik
2016-03-04 12:26:29
Жолдошу турса досу менен да тушобу уят эле .
0
feruza86
2016-03-05 18:16:45
Аяшым бар бактым бар болуптурго Самат бул жагы
0
sabyr86
2016-03-06 09:22:05
Бактылуу болушсун.тойду да жөн өткөрбөй клип тарта калышат бул тамашооучулар.
0
Stervamyn
2016-03-06 11:28:08
Айгеримдин ата-энеси биринчи бакыт тилегендин ордуна,шок болдук,анттик,мынттик деп недовольный го
+2
ylia
2016-04-06 02:42:05
ииий красавчик уйлонупсун.бактылуууууууууууууууууууууууууу бол!анан сахнадан жоголуп кетбе...
0
№ 695, 26-февраль-3-март, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан