Аалы Карашев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн биринчи вице-премьер-министри: «САЯСАТЧЫ КАТАРЫ ТАКШАЛУУМА АТАМ МЕНЕН МЕДЕТ САДЫРКУЛОВДУН САЛЫМЫ ЧОӉ»

Өкмөт үйүндөгү 2-адам Аалы Карашев «Супер-Инфо» гезити үчүн кенен маек куруп берди. Жасалып жаткан иштер, алдыдагы пландар, мезгил үнү болуп турган камсыздандыруу жөнүндө, бул эле эмес акимдин уулу болуу кандай экендигин, устатына айланган маркум Медет Садыркулов кайсы ишти ишенип тапшырганы тууралуу төкпөй-чачпай айтып отурду. Суроолордон буйтап өтүүгө аракет кылган жок.

КАРАШЕВ ААЛЫ АЗИМОВИЧ

1968-жылдын 30-октябрында Өзгөн районундагы Ак-Жар айылында төрөлгөн.
1986-1991-жылдары – Айыл чарба институтунда окуган.
1992-1996-жылдары – Кыргыз айыл чарба институтунда аспирант, ассистент.
1996-1998-жылдары – КРнын Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдар ассоциациясынын башкы адиси.
1998-2007-жылдары – КРнын Президенттик администрациясында түрдүү кызматтарда иштеген.
2007-2009-жылдары – Ош облусунун мамлекеттик администрация башчысы.
2009-2010-жылдары – Вице-премьер-министр, өкмөттүн аппарат жетекчиси.
2011-2012-жылдары – КРнын биринчи вице-премьер-министри.
2012-жылы – КРнын премьер-министринин милдетин аткаруучу.
2012-2015-жылдары – КРнын Мамлекеттик кадр кызматынын директору.
2015-жылдын 5-ноябрынан тарта КРнын биринчи вице-премьер-министри
Үй-бүлөлүү, 1 уул, 1 кыздын атасы.

– Аалы мырза, атаӊыз Азим Карашев партиялык ишмер, губернатордун орун басары, аким болгон. Азыр чоӊдордун бардар турмуштан эркелеп кеткен балдарын «золотая молодёжь» деп атаганга өттүк. Сиз да жокту билбей чоӊойдуӊуз беле?
– Атам 1992-жылы аким болуп шайланганда мен өзүнчө үй-бүлөлүү болуп калган элем. Ал партиялык кызматкер, апам орус тили мугалими болчу. Бала кезде ата-энем бизге укмуштуудай артыкчылыктарды бергенин деле эстей албайм. Атам тартипти бекем кармап, талапты катуу койчу. Балким, ошондонбу мектепте да, кийин жогорку окуу жайында да жакшы окуп, алдыӊкылардан, активисттерден болдум. Мектепти алтын медаль менен бүтүрдүм. Кийин жогорку окуу жайын да кызыл диплом менен аяктадым. Студенттик куракта ата-энемден ашыкча акча албадым. Стипендия жана сырттан окуган студенттерге жардам берип тапканымды иштетчүмүн.
– Ата-энеӊиздин астында чоӊ жоопкерчилик алып жүргөн экенсиз. Ал да жеӊил болбосо керек?..
– Жашоодогу мисал менен айтайын. Мектепти бүтүп жатканымда атам райондо партия комитетинин катчысы болчу. Өзгөн районунун борборундагы кыргыз мектепте партия жетекчилеринин балдарынын баары окушчу. Ошол учурда жогорку окуу жайга жергиликтүү колхоз, совхоздордон жолдомо алып, анан кетишер эле. Карап турсам баары эле жолдомо алып кетип жатышат. Мен да келип «элдин балдарынын баары эле алып жатат, мага деле жолдомо бербейсизби?» дедим. Ошондо атам «Сен кийип турган кийимиӊ, ичип жаткан тамагыӊ кандай жол менен келип жатканын билбейсиӊ. Эртеӊ МТФга барасыӊ да, жумушка киресиӊ»,- деп койду. Мурда МТФ деген бар эле, сүт товардык ферма. Ошентип ал МТФда 1 жыл жумушчу болуп иштедим. Ошол кезде дагы бир эреже бар болчу. Иштеген соӊ окуу жайга райондук комитеттен бүтүрүүчү тууралуу сунуш берсе, окууга өтүү жеӊил эле. Райкомдун сунушуна болсо атам кол коёт. Анан баягы сунушту даярдатып алып үйдөн атама «ушуга кол коюп бериӊизчи?» десем, кагазды алып карап туруп, «жолдош Карашев, мындай маселелер менен иш бөлмөмө келесиз»,- деп койду. Эртеси бардым. Кабылдамасында 2 сааттан ашык күтүп отурдум. Кезегим келгенде кирсем «жолдош Карашев, мындай сунуштарда атасы баласына кол коюп бербейт» деп жолго салды. «Үйдөн эле айтып койбойбу» деп жатам ичимден. Бозоруп чыккан кебетемди көрүп кабылдамада отурган орус эженин зээни кейиди окшойт. Ал башка катчыга киргизип, кол койдуруп чыктым. Ошондо жашоодо бардыгын өзүӊ жасашыӊ керек деген насаат алгам.
– Студенттик күндөр кандай өттү?
– Биринчи күндөн тарта коомдук иштерге аралаштым. 1-курста эле студенттердин окуу тартип комиссиясы деп койчу, ал жактын төрагасы болуп иштедим. Ошол учурда райондун 1-секретары, 2-секретары жана райондук аткаруу комитетинин катчысынын балдары чогуу окуп калдык. Айылга сессияны ким эрте бүтүрүп барса «аа, мунун баласы биринчи келиптир, бул жакшы окуйт экен, тигинин баласы окуй албайт экен» деген сөз болчу. Экзамендерди эртерээк бүтүрүп, айылга тезирээк кеткенге жан үрөчү элем. Баарынан мурда барсаӊ өзүӊө-өзүӊ сыймыктанасыӊ, көчөдө да кеӊири басасыӊ. Ошол аябай шык берчү экен.
– 1992-жылы үй-бүлөлүү болуп калгам дедиӊиз, демек, келинчегиӊиз менен студенттик куракта таанышкансызбы?
– Ооба, 4-курста окуп жүргөндө таанышып, 5-курста баш коштук. Студенттик куракта баш кошкон чоӊ сабак болот экен. Ысык-суукту бирге көрөсүӊ. Азыр 1 уул, 1 кызыбыз бар. 1991-жылы уулдуу болгонбуз. Ал Бишкекте окуп жүрүп, кийин Москва эл аралык мамилелер институтуна которулуп, ошол жактан бүтүп келди. Азыр коомдук башталыштарда тажрыйба топтоп жүрөт. Кызым 10-класста окуп жатат.
– Көп жылдан бери бийликтин жогорку эшалонунда жүргөнүӊүздөн улам «Чолпон Баекова өӊдүү кудуреттүү туугандары бар, ошон үчүн жогорку кызматтарда» десе, бири «дасыккан адис, иш билги кадр болгондуктан кызматта» дешет. Өзүӊүздүн пикириӊиз кандай?
– Ооба, Чолпон Турсуновна кайненемдин эжелери болот. 1996-жылы кандидаттык диссертациямды жактадым. Кийин өкмөт үйүнө чакырылып, өз алдынча башкаруу органдары менен иштеп калдым. Карьерама Чолпон Турсуновнанын бир да тиешеси жок. Жумушчу, референт, эксперт, бөлүм башчынын орун басары, инспектор болуп бардык тепкичтерди басып өттүм. Кадр болуп туулбайт. Кадр болуш үчүн эмгек, убакыт талап кылынат.
– 2007-жылы Ошко губернатор болуп баргансыз. Аткаруу бийлигинде тушооӊуздун кесилишине Медет Садыркулов себепкер болгон дешет...
– Жаткан жери жайлуу болсун! Ыраматылык Медет Чоканович менен 1996-жылы өкмөт үйүнө келгенде тааныштык эле. 1999-жылы Президенттик администрациянын жетекчиси болгондон тарта тыгыз иштеше баштадык. Кадр болуп такшалышыма чоӊ тарбия берген негизги устаттарымдын бири деп айта алам. Ошко губернатор болуп Медет Чокановичтин сунушу, колдоосу менен баргам.
Ар бир жигит кимдей болсом дейт? Менимче, атасын кумир тутса керек. Жайкы эс алууларда атам жумушу боюнча кыдырганда мени жанына ээрчитип алчу. Атамдын сүйлөгөнүн, эл менен мамиле түзгөнүн көрүп кыялданып чоӊойгом. Менин кадр катары, саясатта да калыптанышыма ушул эки адамдын таасири чоӊ.
– Учурда өкмөттөгү 2-адамсыз. Бул кызматка дайындалгандан бери кандай көрүнүктүү иштер жүзөгө ашты? Ал иштер эмнеси менен элдин жашоосун жакшырта алды?
– Мен реалдуу секторго жооптуумун, анда Айыл чарба, Транспорт, Өзгөчө кырдаалдар министрликтери бар.
Биринчи кезекте жазгы талаа жумуштарын өз убагында бүтүрүү аракети турат. Былтыр бул багытта кредит берүүлөр боюнча токтом март айында кабыл алынган. Биз бул токтомду быйыл 15-январда кабыл алып, жеӊилдетилген кредиттерди эртерээк берүү боюнча шарттарды түзүп бердик. Жыл сайын 400 миллион сомдук субсидия жана жеӊилдетилген насыяларды берүүнү улантып жатабыз. Муну менен катар өзүбүздүн ФСК-4 деген долбоорубуз бар, ага Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду аркылуу да каражат бөлүнгөн, баары биригип 5 миллиард сом насыяга берилет. Биз негизги эки өзгөчөлүктү киргизе алдык, насыяларды төлөө мөөнөтү мурда 2 жыл болчу, аны 3 жылга узарттык. Экинчиден, 100 миӊ сомго чейинки насыяны күрөөсүз берүү киргизилди. Буга 150 миллион сом бөлүндү.
Дыйкандарга лизингге айыл чарба техникасын берүү боюнча да иштер аткарылды. Мурда, мисалы, тракторду алуу үчүн адегенде 30 пайыз баштапкы төлөмдү төлөө керек болчу. Трактор 21 миӊ доллар болсо, демек, 7 миӊ доллар төлөйт. Азыр баштапкы бааны 10 пайызга түшүрдүк. Ошол эле тракторду 2 миӊ долларга ала алат жана төлөө мөөнөтү 7 жылга узартылды.
Буюрса, жасалып жаткан иштер кийинки жылдарга жемишин берет.
– Мамлекеттик ипотекалык компания иштеп баштады. Бул жакшы демилге. Бирок экономисттер ипотеканын 12-14 пайыздык үстөк пайызын төлөө мугалим, врачтарга оор болот деп жатышат. Көпчүлүктүн арасында «компания тааныш-билиштик жол менен иш алып барат» деп ишенбей тургандар да бар. Ошондой терс көрүнүштөрдү болтурбоо үчүн эмне чаралар көрүлөт?
– Ооба, жарандарды социалдык турак жай менен камсыз кылуу өкмөттүн демилгеси. 12 пайыз менен 15 жылга ипотекалык насыя берилет. Учурда коммерциялык банктарда эӊ аз дегенде 17 пайыз менен турак жай насыяга берилет. Салыштырып көргөндө мамлекеттик ипотекалык компаниянын пайызы кыйла аз жана мөөнөтү да узун. Азыр мамлекеттик ипотека боюнча бардык шарттары иштелип жатат. Жер-жерлерде турак жайга муктаждарды ылгоо боюнча комиссиялар түзүлөт. Аларда ачык айкындуулук болушу керек.
Сиз айтып калдыӊыз, мугалим врачтарга оор болуп калбайбы деп. Бул боюнча атайын эсептөөлөр сөзсүз болот.
– Турак жайды жана автоунааларды милдеттүү камсыздандыруу мыйзамы ишке кирди. Өкмөттө камсыздандырууну жүргүзгөн компаниялардын үстүнөн жетиштүү көзөмөлдөө механизми барбы?
– Мындай айтайынчы, мен келгенге чейин бул мыйзам ишке кирген. 2015-жылы депутаттар кабыл алып беришип, быйыл февраль айында күчүнө кирди. Бирок 2018-жылга чейин автоунааларды камсыздандырбаса айдоочунун өз эрки. Мындай алганда 2018ге чейин бул маселе жабык деп койсок болот. Эгер айдоочу камсыздандырууну кааласа камсыздандыруу компанияларына кайрылса болот. Коомчулукта мына ушул автоунааны камсыздандырууну жеке менчик компанияларга өткөрүп берүүгө сын-пикирлер айтылды. Менимче, бул багытта мамлекеттик компанияны ишке киргизүүнү да карап көрсө болот.
Ал эми турак жайды камсыздандыруу боюнча мамлекеттик компания иш алып барат. Бир түтүн бир үйгө 50 сом төгөт. Бир жагынан алып караганда бир айда 50 сомго кээ бири тамеки деле чегип коёт. Кыргызстандын жаратылыш шарты өзгөчө кырдаалдарга көбүрөөк дуушар болот. Жаратылыш кырсыгына кабылган үйгө мамлекет 15 жылдан бери 200 миӊ сом ссуда берип келе жатат. 200 миӊ сомду жаран мамлекетке кайра кайтарып бериши керек. Акырындык менен турак жайды камсыздандырууга толугу менен өтүшүбүз керек. Кудай анын бетин ары кылсын, бирок камсыздандырылган үй жаратылыш кырсыгына кабылса, айыл жеринде 500 миӊ сом, шаар жеринде 1 миллион сом кайтарымсыз берилет.
Бирок мына ушуну элге жеткирүү боюнча жеткиликтүү иш алып бара алган жокпуз. Азыркы тапта өкмөт бул багытка өзгөчө көӊүл буруп, иштерди күчөтүп жатат.
– Аалы Азимович, маегиӊиз үчүн рахмат! Түйшүктүү ишиӊизде ийгиликтер болушун каалайбыз.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg

 Кыстарылган видео 
Аалы Карашев, 1-вице-премьер-министр: "Карьерама Чолпон Баекованын тиешеси жок"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
chubi
2016-02-29 11:51:02
Кантип тушунсо болот 1992-жылы уй-булолуу болуп, баласы 1991 - жылы торолгон дегенди
+1
Drongo
2016-02-29 19:33:54
chubi,кыргызча так даана жазылып турган созду кантип тушунбойсун?1992 жылы атам аким болуп шайланганда, мен уй-булоолуу болуп калгам деп жатат.Андыктан 1990 жылдын аягында же 1991 жылдын башында уйлонсо,1991жылы баласы торолот да.Ошондуктан,козду чоон ачып конул коюп окубайсынбы,чала-чарпыт окуп алып кыйынсынбай.
+2
asad345
2016-02-29 23:10:46
жанторо сатыбалдиевдин тушунда 1-вице пр.министр болуп турганда ЕЭАС боюнча депуттар суроосуна жооп бере албай абдан кызарган,анан арзан кредиттер жомок мен ушул создорго ишенип алып барсам чондор оздору эчак болушуп алыптыр мага 18 ден 23 процент менен беребиз дейт кооз созду ак уйдон айтып отурат
+2
Кайрат
2016-03-01 17:31:39

Биздин чондор менен бетме-бет суйлосо аябай жакшы таасир берип тим эле жалындуу суйлошот. Анан эле кылган иштери тенирден тескери. Беттери кызарбай элди келесоо ойлоп кооз жалганды суйлошот. Атасын аябай жерге сууга тийгизбей мактаптыр. ХХХ ХХХ ХХХ.
0
admin_superstan
2016-03-01 18:21:08
Кайрат, кимдир-бирөөнүн кадыр баркына шек келтирүүгө тыюу салынат.
0
№ 695, 26-февраль-3-март, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан